Аналитика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
22/02 12:25
 

Ибрагим Алиев: “Камбарата ГЭС-1 долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу – Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугу”

Ибрагим Алиев: “Камбарата ГЭС-1 долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу – Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугу”

Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы Жогорку-Нарын каскад ГЭСи жана Камбарата ГЭС-1ди куруу жана экспуатациялоо боюнча макулдашуунун тегерегинде талаш-тартыш жаралууда. Айрым депутаттар макулдашууда Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынган эмес десе, башкалар ГЭСтер толук бойдон Кыргызстанга тиешелүү болуш керек дешет. Бул жагдайга байланыштуу Камбарата ГЭС-1дин курулушу жана эксплуатациясы боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун мааниси жана айрым жагдайлары боюнча “Нарынгидрокурулуш” ААК мурдагы башкы директору, Кыргызстандагы дээрлик баардык ГЭСтердин курулушуна катышкан алгачкы кыргыз улутундагы адис Ибрагим Алиев өз пикири менен бөлүштү.
Мага, гидроэнергетикалык курулуштун ардагери катары Камбарата ГЭС-1дин курулушу жана эксплуатациясы боюнча Өкмөттөр аралык Макулдашуунун тегерегиндеги долбоордун ишке ашырылышына таасир бере турган пикирлер менен сөздөрдүн айырмасы жок. Бүгүнкү күндө бул долбоор Кыргызстан үчүн мурда болуп көрбөгөндөй өтө зарыл, себеби 2015-жылы эскирген генерация менен керектөөлөрдүн ортосунда кескин айырма жаралып, чоң көйгөйдү жаратат. Ошондуктан мен мындай объектиге түз мамилеси бар адис катары коомчулукка бул долбоордун маанисин түшүндүрүүнү милдетим деп эсептеймин.
Бекеринен Өкмөттөр аралык макулдашууга даярданууда төмөндөгү эки документ негиз катары каралган эмес:
- Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда 1992-жылдын 10-июнундагы достук, кызматташтык жана өз ара жардам берүү боюнча келишим;
- Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда 2000-жылдын 27-июлундагы түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк тууралуу Декларация.
Бул документтерге басым жасоо долбоор кыргыз-россия достук мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө багытталгандыгын айтып турат.
Камбарата ГЭС-1дин долбоорун түзүү иштери 1973-жылы эле башталган. Алгачкы изилдөөчүлөр менен долбоорлоочулар десанты өз ишмердүүлүгүн 1977-жылы баштаган. ТЭН иштелип чыгып, 1984-жылы долбоорду даярдоо башталган.
Кыргызстан долбоордун ишке ашырылышын өтө көпкө күткөн. Ага кимдер гана келген жок. 1984-жылдан тартып бул милдетти аткаруу боюнча эч кандай олуттуу жылыштыр болгон жок. Акыры Камбарата ГЭС-1ди курууга реалдуу мүмкүнчүлүк жаралып отурат.
Макулдашууда долбоорду координациялоо Кыргызстандын энергетика жана өнөржай министрлиги жана Россиянын энергетика министрлиги жүргүзөрү белгиленген.
Макулдашууну ишке ашыруу үчүн тараптардын төмөндөгү ыйгарым укутуу уюмдары дайындалган:
- КРдан “Электр станциялары” ААК;
- РФнан “ИНТЕР РАО ЕЭС” ААК.
Долбоорду ишке ашыруу жана башкаруу үчүн ыйгарым укуктуу уюмдар уставдык капиталында үлүшү 50%дан болгон “Камбарата ГЭС-1” ЖАКты уюштурат.
Тараптардын “Камбарата ГЭС-1” ЖАКтын уставдык капиталына салымы - кыргыз тараптан жер участогу жана башка материалдык жана материалдык эмес активдер, ал эми россиялык тарап ТЭНди жүргүзүүгө 15 млн. доллар менен катыша алат.
ТЭН жүргүзүү үчүн ачык конкурс жарыяланып, долбоорду ишке ашыруу 5 айдан кийин иштелип чыгууга тийиш. КМШ өлкөлөрүндө ТЭН жүргүзүүчү татыктуу аткаруучуну табуу өтө кыйын. Алдын ала сунуштамаларга ылайык, бул конкурска Европанын эң алдыңкы компаниялары катышууга ниеттенүүдө.
Долбоорду каржылоону уюштурууга россиялык тарап жылдык үстөгү 2,5% заемдук каражатты чегерүү менен жооп берет, бирок күрөө мүлкүнө эки тарап тең кепилдик берет. Долбоордун ишке ашуусуна толук ишенич бар. Анткени бизде гидрокуруучу-адистер жетиштүү. Алардын көпчүлүгү азыр ошол эле Россиянын гидростанцияларында иштөөдө жана дайыма өз өлкөсүнө келип иштөөгө даяр.
Көпчүлүк адамдар эмне үчүн Россияга 50% беребиз. Андан көрө өзүбүз заем жана кредит алып курбайлыбы деген да пикирлерди айтышууда. Бирок биз Камбарата ГЭС-2ни курууда бул долбоордун негизги курулшу советтик доордо бүткөрүлгөндүгүнө карабастан, тынымсыз каржы булагы керек экендигине ынындык. Ал тургай ушул чакан курулуш үчүн да бизге Россия Федерациясынан тышкары эч ким кредит берген жок. Андыктан 3 млрд. доллар өлчөмүндө төмөнкү үстөгү менен кредит алабыз деген – бул саясат жана элдин башын айландыруу ыкмасы.
Камбарата ГЭС-1дин ишке берилиши менен кыргыз тарап үчүнчү өлкөлөргө 2,2 млрд. кВт/саат электр энергиясын экспорттоого мүмкүнчүлүк алат. Андан ары кыргыз тарап Россияга Камбарата ГЭС-1ден өндүрүлгөн электр энергиясын үчүнчү өлкөгө экспорттоо үчүн тынымсыз камсыздап турушу зарыл. Кыскасы, электр энергиясынын дүйнөлүк рыногуна чыгуу россиялык тарап менен чечилиши мүмкүн.
Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн инвестицияны кайтаруу мезгилинде жер салыгынан, мүлк салыгынан бошотуу сыяктуу убактылуу жеңилдиктер каралган.
Бул салыктардын өлчөмү аз жана бюджетке дээрлик таасирин тийгизбейт.
Мындан тышкары долбоорлоо, курулуш иштерин жүргүзүү учурунда курулуш техникаларын, жабдыктарды, транспорт механизмдерин, күйүүчү-майлоочу майларды киргизүү-чыгаруу учурунда убактылуу салык жана бажы төлөмдөрүнөн бошотуу пландаштырылууда.
Мындай жеңилдиктер Бишкек-Ош жолунунун курулушунда да болгон. Андан өлкөбүздүн экономикасына эч кандай зыян келтирилбей. Кайра түндүк-түштүк каттамы чыңдалып, мамлекеттин, өзгөчө карапайым элдин жашоосу бир топ жеңилдей түшкөндүгүнө баарыбыз күбөбүз.
Макулдашууда кокус долбоор тараптардын биринин демилгеси менен токтотулса, Камбарата ГЭС-1 кандай болгон учурда деле Кыргызстандын карамагында калары белгиленген. Ал эми капиталдын 50%-50% болушу тараптардын эч кимиси макулдашууну бузууга ниеттенбей тургандыгына кепилдик жаратат.
“ИНТЕР РАО ЕЭС” артыкчылыкка ээ болуп, баардык маселелерди кыргыз тараптын пикирин эске албай эле чечип коёт деген пикирлер айтылууда. Иш жүзүндө долбоордун ишке ашырылуусуна байланыштуу жагдайлар директорлор кеңешинин 5 мүчөсү толук катышканда гана чечилет.
Биз дайыма гидроэнерготармак – бул энергиянын кошумча булагы экендигин жана аны өз учурунда пайдаланбаса, анда өлкөбүзгө чоң зыян келе тургандыгын биле жүрүшүбүз керек.
Камбарата ГЭС-1дин Борбор Азия аймагынын суу-энергетикалык көйгөйлөрүн чечүүдөгү орду тууралуу айтпай эле турайын, себеби бул өзүнчө чоң тема. Камбаратанын негизги милдети – бул Токтогулга кышында “эс алууга” мүмкүнчүлүк бериши. Мисалы, күзгү-кышкы мезгилде керектөө өлчөмү 9,5 млрд кВт/саатты түзсө, Камбарата ГЭС-1 жана ГЭС-2ни кошкондо 3,6 млрд. кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгарат же октябрдан апрелге чейин керектөөнүн 38%ын камсыз кылат.
Демек, Камбарата Токтогулду башкарбайт, анткен менен кышында сууну үнөмдөп, сугат маалында сууну көбүрөөк чыгарууга шарт түзөт. Бул суу аз болгон учурда өтө маанилүү. Бизден төмөн жайгашкан мамлекеттер үчүн Камбарата ГЭС-1ди кургандан кийин аларга суу аз барып калат деп тынчсызданууга эч кандай негиз жок. Тилекке каршы өздөрүн суу-энергетика тармагында адис деп эсептегендер толук кырдаалды билбейт же башка жагдайлардан улам бул маселени талкуулоодо коомчулукка туура эмес маалымат берүүдө.
Кыргызстандагы көптөгөн гидроэлектростанциялардын курулушуна катышкан адис катары Камбарата ГЭС-1ди ишке ашыруу эгер саясый жана башка жагдайлар ойдогудай болсо, толук иш жүзүнө аша турган долбоор деп айта алам.
Анын курулушуна иш күчөгөндө 6144 жумушчу керектелет. Ал эми азыр биздеги адистер менен курулуш-өндүрүштүк комплекси бул жумушту толук аткара алат.
Ибрагим Алиев,
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу, атайын “Кабар” МА үчүн.

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу