Аналитика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
12/02 16:35
 

Майлуу-Суу шаарынын мэрин шайлоо депутаттардын кворумунун жоктугунан улам өтпөй калды

Бишкек, 12-февраль /Махабат Момуналиева - Кабар/. Майлуу-Суу шаарынын мэрин шайлоо депутаттардын кворумунун жоктугунан улам өтпөй калды. Бул тууралуу Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Элмира Эгембердиева билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө белгиленген шайлоого 3 эле депутат келген.

Шаардык кеңештин депутаттарынын “Эл аман” коалициясы 1 сессияда шайланган төрагага каршылыгын билдиришип Жогорку Сотко кат жазышкан. Ал жактан бүгүнкү күнгө чейин жооп болбогондуктан, депутаттардын көбү шайлоого келишкен жок”, - деди ал.

8-январда да шайлоо ушул себептен улам өтпөй калган.

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу