Аналитика

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
10/01 17:00
 

"Reuters": Кыргызстан Ички дүң өндүрүшүн көбөйтүүгө ниеттенип жатат

"Reuters": Кыргызстан Ички дүң өндүрүшүн көбөйтүүгө ниеттенип жатат

 Кыргызстан 2012-жылы күтүлгөн төмөндөөдөн кийин ички дүң өндүрүмдүн (ИДӨ) деңгээлин жогорулатууга ниеттенүүдө. Өлкөдө туруктуулукту чындоо зарыл. Өкмөт 7 млрд. долларга экономиканы калыбына келтирүү боюнча планды сунуштады.

Бишкек. Кыргызстандын парламенти өлкөнүн негизги киреше булагы болгон алтын казып алуучу ишкананын өндүрүшүнүн кризисинен кийин экономикалык өнүгүүгө кайтып келүүнү караган 2013-жылдын бюджетин кабыл алды.
Мыйзам чыгаруучулар тартыштыкты (дефицит) 16,9 млрд. сом (356 млн. доллар) же болбосо ИДӨнүн 4,7% көлөмүндө караган бюджетти колдоду. Ушул айда өкмөт келерки беш жылга Россиянын, Кытайдын жана Батыштын инвестициялары менен жардамынын колдоосунда экономиканы кайра жандандыруу боюнча 7 млрд. долларга бааланган планды жарыяланган.
Аймагында россиялык жана америкалык аба базалары жайгашкан Кыргызстандагы жагдай 2005-жылдан бери эки президент бийликтен куулган төңкөрүштөрдөн кийин туруксуз бойдон калып келет. Өлкөдө жакырчылыктын жогорку деңгээли белгиленген жана ал Канаданын «Centerra Gold Inc» компаниясы ээлик кылган «Кумтөр» алтын кенинен көз каранды.
Быйыл өлкөнүн ИДӨсү кендеги мөңгүлөрдүн жылышынан жана өндүрүштү үзгүлтүккө учураткан эмгекчилердин нааразылык акциясынан кийин азайып кеткен. Бирок бюджет экономиканын темпи 2013-жылы 7%га, 2014-жылы 7,6%га, 2015-жылы 7,8%га кайтып келишине мүмкүндүк берет.
ИДӨ калк башына жыл сайын 1100 долларга жакынды түзөт - бул Казакстандагы ИДӨнүн калк башына эсептелген көрсөткүчүнүн ондон бир бөлүгү. 2013-жылы өкмөт калк башына ИДӨнү 1400 долларга чейин жогорулатууну пландап жатат. Бирок январдан ноябрга чейин ИДӨ былт ыркыдан 2,4%га төмөндөгөн, ал эми 2011-жылдын ошол эле мезгилинде ал 8,4%га жеткен болчу.
Жаңы инвестициялар энергетикалык тармакка, транспорт жана коммуникация тармагына, ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүгө тартылат деп пландалууда. Келерки жылы бюджетке ылайык 103,2 млрд. сомду чыгаша кылуу пландалса, киреше 86,3 млрд.сом болмокчу.

Ольга Дзюбенко
«Reuters», 28-декабрь, 2012-жыл
Которгон – «InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу