Аналитика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
30/12 19:53
 

"Eurasianet": Россия Кыргызстандагы аскер базаларынын үстүнөн өз көзөмөлүн чыңдоодо

"Eurasianet": Россия Кыргызстандагы аскер базаларынын үстүнөн өз көзөмөлүн чыңдоодо

 Кыргызстан өз аймагында иштеп жаткан россиялык куралдуу күчтөрдүн бардык беш объектисин бириктирүү жолу менен мамлекетте бирдиктүү аскер базасын түзүүгө Россияга уруксат берди. Бул максатка жетүүнү Россия быйыл эле көздөгөн жок: эки жыл мурда Россия буга окшогон келишимге жетиш үчүн курал төлөп берүүнү сунуш кылган. («Жаңы чечим Кыргызстанга 1 млрд. доллардан ашык суммага курал жеткирүү жөнүндө бир аз мурда жетишилген келишимге байланыштуу эмеспи?» деген суроо туулат). Келишим сентябрь айында түзүлгөн, бирок расмий түрдө ага ушул аптада гана президент Алмазбек Атамбаев кол койду жана келишим 2017-жылдан тарта күчүнө кирет. РИА «Новости» маалымат агенттиги кабарлагандай:
«Бирдиктүү базанын курамына азыркы учурда Кыргызстандын аймагында иштеп жаткан россиялык төрт объект кирет. Келишим 15 жылга жана дагы 5 жылга узартуу мүмкүнчүлүгү менен түзүлгөн. Россиянын Караколдо курал сынай турган полигону, Кара-Балтада сигнал борбору, Майлуу-Сууда радиосейсмикалык лабораториясы жана Кантта ЖККУнун аба базасы бар».
Эмне үчүн Россияга буга окшогон бюрократиялык кайра уюштуруу зарыл болду? «Кыргызстанда жогоруда саналып өткөн объектилердин кайсынысын болбосун чыгарууга кыйыныраак болуп калат», - деп белгилейт Талдоо жана технологиялар борборунун талдоочусу Василий Кашин.
«Кыргыз Республикасындагы Россиянын төрт аскер объектиси ар түрдүү келишимдер боюнча иштеп келишкен жана ар кандай статуска ээ болушкан. (Канттагы база иш жүзүндө Россиянын аскер базасы эмес, ЖККУнун базасы болуп эсептелет. Башында ал жакта көп тараптуу ишмердүүлүк жүргүзүү каралган болчу. Башка базаларга келе турган болсок, ар түрдүү келишимдер түзүлгөн). Мындай жагдай саясий көз караштан алганда, россиялык объектилерди көз каранды кылат, ал эми кыргыз тарап ар түрдүү ырастамаларды айтып чыгыш үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүк алмак (кыргыз тарап россиялык тарапка каршы ар түрдүү кыйынчылык башташы мүмкүн). Азыркы учурда бардык объектилер бир юридикалык жакка карайт жана Россиянын кызыкчылыктары Кыргызстанда кандай гана саясий жагдайлар болуп кетсе да абдан жакшы корголду».

Джошуа Кучера
«Eurasianet», 20-декабрь, 2012-жыл
Которгон – «InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу