Аналитика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
29/12 12:10
 

Тирүүлөй өлтүрүлгөн же «өлүп-тирилген» аял

Тирүүлөй өлтүрүлгөн же «өлүп-тирилген» аял

Турмуштун чок ортосунда жүргөн журналисттерге далай эле карапайым адамдардын аянычтуу тагдырларын жазууга туура келет. Бирок мен он эгиз баланы төрөп, аларды өзү жалгыз багып чоңойткон Ашимбаева Орозбү Арстанбекованын жарым күн тизмектеп айтып берген чейрек кылымдык өмүрүндөгү башынан өткөргөн трагедиялуу окуяларын угуп отуруп, бир гана укук коргоо органдарынын эмес, бүтүндөй коомубуздун чирип бараткан жагын көрдүм. Албетте, анын бүтүндөй жаштыгын алган каргашалуу күндөрүн чакан макалага батыруу мүмкүн эмес. Детективдүү чыгарма жазып, кино тартса да болот. Эмесе, сөз башынан болсун.
1964-жылы Кара-Кулжа районунун Чалма айылында туулган Орозбү бир жыл эрте окуп, «Ленинчил жаш» орто мектебин ийгиликтүү аяктаган соң Фрунзеге жогорку билим алууну эңсеп келет. Ал кездеги республикабыздагы белгилүү 2-3 жогорку окуу жайлардын алдыңкысы болуп саналган КМУнун экономика факультетинин банк-кредит адистигине тапшырат. Бирок өтөмбү-жокпу деп ошол эле учурда №91 окуу жайдын да кассир-контролер адистигине тапшырган болчу. Бактыга жараша экзамендерди ийгиликтүү тапшырып, университетке да, окуу жайдын кечки бөлүмүнө да өтүп, студент болуп калат.
Дээринде тырышчаактык, эмгекчилдик тубаса жөндөмү бар айылдык кыз ата-энесине оорчулук келтирбейин деп түнкүсүн Фрунзе атындагы заводго маляр болуп орношуп, түнкү он экиден таң атканча иштейт. Ошентип Орозбү бир гана өзүнүн жашоосуна, баскан-турганына акча таппастан, беш жыл аралыгында беш миң рубль акча чогултуп, 1985-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, 2-топтогу майып Кочетков Василий Ильчтин №8 кичи райондогу үйүн да сатып алып, диплом менен кошо үйлүү да болуп калды. Болгондо да Орозбү университетте орус группада окуп, шаардык группалаштарынан кем калмак турсун, кайра озуп, 1986-жылы кызыл диплом менен аяктайт.
Беш жылдык студенттик жылдар беш күндөй артта калып, бүтүрүү кечеси «Нарын» ресторанында белгиленет. Анткен менен Орозбү башка курбуларынан айырмаланып, эч кандай спирт ичимдигин ичкен эмес. Бирок кеченин соңунда аны өзүнө белгисиз, мурда көрүп-билбеген Алишер Отонов деген бир эркек ала качат. Ал таякесинин үйүнө алпарып, макул болбогондугуна карабай зордуктап салат. Кыздык абийирин тебелеп-тепсеген мындай зөөкүрдүн өмүрлүк жолдош боло албастыгын ошондо эле сезип-туйганбы, айтор айбандык мамилеге макул болбогондуктан, ал эртеси күнү сотко кайрылып, соттук-медициналык тыянак алып коёт. Ал ишти Ленин райондук сотунда судья болуп иштеген, азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Курмантай Абдиев карап, зордукчул «күйөөнү» сот жообуна тартуу тууралуу чечим чыгарган (эмнегедир бул депутаттын жардамчылары Орозбүбүнү азыр ага жолуктурбай жатышыптыр). Көрсө, А. Отонов өзү милицияда иштеп, кыз ала качып, зордуктаган учурда кызмат абалында болгондуктан, мыйзамга ылайык эки эсе жоопкерчиликке тартылууга тийиш экен. Ошондуктан ага карата ал кездеги 108-берене боюнча иш козголуп, темир тордун артына отургузулат. Мындай оор жазадан кутулуш үчүн А. Отоновдун туугандары күнү-түнү Орозбү менен анын ата-энесинин тынчын алышып, жалынып-жалбарып, акыры «таш түшкөн жеринде оор» деп арызын кайтарып алууга көндүрүшкөн. Андан соң 1986-жылы апрелде ЗАГСтан каттоодон өтүшүп, нике күбөлүгүн алышып, жаш жубайлар болуп жашап калышат.
Ошол кезде Алишер Башкы почтанын артындагы Киев-58 дарегиндеги ИИМдин бойдок кызматкерлерине берилген жатаканасында турчу экен. Бирок үйлөнгөндөргө ал жерде жашоого мүмкүн болбогондуктан, Орозбүнүн 8-кичирайонундагы үйүнө каттоого турушуп, жарым жыл жакшы эле жашашкан. Ким билет, жаш келинчектин кызыгы тарадыбы же «эски ооруусу» барбы, айтор Алишер кийинки күндөрү жоголо баштайт. Бир күнү: «Сен жогорку билимдүү болуп, мен орто билимдүү болгондугума уялып жатам. Мен да жогорку билим алып, карьерамды түзүшүм керек, Ленинградда 40 күндүк курс бар экен, барып-келейин»,- деп калат. Жаш жубай анын мындай сунушуна бут тосмок беле, макул болуп, Ленинградга узатат.
Орозбү университетти кызыл диплом менен аяктагандыгына байланыштуу ошол мезгилдеги тиешелүү мыйзамга ылайык, мамлекеттик банкка кызматка алынган менен бул жумушта болгону бир эле жыл иштеди. Себеби 1987-жылы Элиза жана Мирбек аттуу эгиз балалуу болгондуктан, декреттик отпускага чыгууга мажбур болот. Алишер болсо күкүк күйөөгө айланып, качан Орозбүбүнүн таттуу тамагын, жылуу койнун сагынганда гана үйгө келип, башка учурда кайда, эмне кылып жүргөндүгүн айтпайт. Жаш келинчек эгиздерди кароо менен алектенип, анын үстүнө боюна дагы бүтүп калып, күйөөсүн көзөмөлдөөгө чамасы келбей калат. Арадан дагы эки жыл өтүп, 1989-жылы Орозбү Бактыбек жана Гүлиза аттуу дагы эгиз балалуу болот. Жалгыз энеге төрт наристени багуу оңой бекен? Алишер бир эмес, төрт эгиз балалуу болгондугуна сүйүнүп, алардын кем-карчын толуктап бакмак тургай, аталык мээримин да төкпөй, баягыдай эле дайынын билдирбей жүрө берди. Акыры кызына боору ооруп, Оштон өзүнүн апасы келип, көп өтпөй ооруп калат.
Андыктан айласыздан алар үйдү Алишерге таштап, Ошко убактылуу көчүп кетишет. Бул мезгил 1990-жыл эле. Бирок Орозбү арадан бир жыл өткөн менен кайрадан боюна бүтүп калгандыгын сезген эмес. Эмнегедир апасы күйөө баласынан көңүлү калганбы, кызын кайра борборго жөнөтпөй, үйүн ага өткөрүп берет. Аңгыча 1990-жылы 4-июнда каргашалуу Ош окуясы чыгып кетип, алар жашаган үй өрттөлүп, карыган апасы, эгиздери менен кошо кара жандарын араң алып чыгууга үлгүрүшөт. Мындан тышкары Орозбү жырткычтык менен өлтүрүлгөн адамдарды өз көзү менен көрүп, катуу чочуйт. Ошондо курсагындагы түйүлдүктөр да кошо чочуган окшойт, көп өтпөй үчүнчү ирет эгиз балалуу болгон менен Өмүрбек жана Өсөрбек майып болуп төрөлөт.
Ал кез СССРдин мезгили эмес беле, каргашалуу окуянын жалыны тез арада басылып, Москва тараптан көзөмөл жүргүзүлүп, жабырлануучулардын бардыгына үй берилип, Орозбү да Төлөйкөн кичирайонунан эки бөлмөлүү үйлүү болот. Өзү болсо обкомдун катчылары Ү. Сыдыков, Р. Кулматовдордун камкордугу менен обкомдун бухгалтериясына жумушка алынат. Бул мезгилде кайдан-жайдан күйөөсү Алишер пайда болуп, милициянын полковниги наамына чейин жеткендигин айтып мактанган менен: «Сен ар ким менен жатып, майып балдарды төрөпсүң, булар менин балам эмес!» - деп анын жети өмүрүн жерге киргизет. Ушул эле жетишпей тургансып, 1992-жылы Тарыхчиева Саткын Бөрүбаевна деген бир келин үйүн талашып, бир бөлмөсүнө кирип алат. Көрсө, ал Алишердин бир ойношу экен. Бир күнү Саткын айым беш-алты зөөкүр эркекти ээрчитип келип, Орозбүнү каттуу сабатып, ичине бычак саят. Бул окуянын үстүнөн бир тууган иниси чыга калып, эжесинин өмүрүн сактап калууга жетишти. Ал кезде да боюнда болгондуктан, иниси тез арада төрөтканага жеткирип, эсен-аман төртүнчү ирет Уланбек жана Урматбек аттуу эгиз бала төрөп, көз жарууга үлгүрөт.
Бирок анын мындай абалын көрүп, врачтар өзү өлөт деп ойлошконбу, 3,8, 3,7 кг.дан төрөлгөн балдарды башка өлүк төрөгөн аялдарга сатып, алмаштырып коюшат. Орозбү өмүр менен өлүмдүн ортосунда жатса да «балдары чоң экен, сатып жиберели, өзүн байлап коёлу, баари бир өлөт» деген сөздөрүн угуп калат. Бир кезде эс-учуна келип, көзүн ачса, төрөт үйүнүн ээн залында колу-буту байланып жаткан экен. Жанына болсо эки өлүк төрөлгөн кызды коюп коюшуптур. Врачтардын мындай Гиппократтын антын бузмак тургай, уккан адамдын төбө чачын тик тургузган кылмышын көргөн иниси аларды аябай сөккөнгө гана жарайт. Себеби наристелерди сатып алгандар өтө чоң кызматта иштегендердин кызы же тууганы болгондуктан, врачтар коркмок турсун, камырап да коюшкан эмес.
Орозбү өз канынан жаралбаса да, жарык дүйнөгө келбей жатып көз жумган эки наристени Оштун Шейит дөбө мүрзөсүнө алпарып жерге жашырат. Кийин анын бир эгизин ошондо өлүк төрөгөн Зуура Мырзалиевна Абдрахманова деген аялга сатып жиберишкендигин аныктап, кайтарып алган, экинчи баласын арадан сегиз жыл өтүп прокуратура кызматкерлери таап беришкен. Бирок алар ким алып, кайда багылгандыгы тууралуу айтышкан эмес. Ал ушул экинчи баласын ошол кезде облусттук билим берүү башкармалыгынын башкы бухгалтери болуп иштеген Зуура Жумабаевна деген аялга врачтар сатып жиберген деп эсептейт.
Орозбү минтип өлүп-тирилип, жоголгон балдарын издеп жүргөндө анын Оштогу үйүн күндөшү Саткын Тарыхчиева «өлдү» деген күбөлүктүн негизинде документтештирип, менчиктештирип алууга үлгүрөт. Андыктан кай жерге барса, «сен өлгөнсүң» деген сөз угат. Ага карабай өз укугун талашып, 1995-жылы 29-ноябрда Ош шаардык сотунун чечими менен тирүүлөй адамга өлбөгөндүгү тууралуу документ түзүлгөн.
Баарынан таң каларлыгы, ал 1995-жылы декабрда Бишкектин 8-кичирайонундагы үйүнөн кабар алайын деп, борборго келсе үйү бек болот. Кайра кечинде келсе, Лида Чебакова деген аял жүргөн экен. Ал алгач өзүн квартирант деп тааныштырат. «Отонов Алишер кайда?»,- деген суроого ушул эле кичирайондун 81-квартирасында жашап жаткандыгын айтат. Бул жерде Алишер Айкан Алымбекова деген дагы бир ойношу менен жашап жатыптыр. Бирок Орозбү 30-квартиранын документин сураганда: «Сен чоң катынсың, чоң залга жат, спальныйга кичи катын жатсын» деген жооп айтат. Анткен менен нике күбөлүгүн көрсөтө албайт. Ал эми Айкандын колунда жаңы туулган наристеси бар экен. Мындайды күтпөгөн Орозбү жатмак тургай, он баласынын башын аттап, мыйзамдуу түрдө ажырашпагандыгын айтып, ээрчитип барган сегиз жашар кызын ээрчитип тааныштарына кетип калат.
Эртеси күнү Октябрь РИИБне барып, күйөөсүнөн алимент өндүрүп берүү боюнча арыз менен кайрылат. Көрсө, Алишер Баткен райондук нотариусу К. Жапакпаев аркылуу жалган документ түзүп, өзү төлөгөн алиментти өзү алып жүрүптүр. Ушул эле документтин негизинде үйдүн документин да жасалма түрдө түзүп, бир нече адамдар аркылуу О.Кочетков деген адамга өткөргөндүгү аныкталат. Орозбү бул документтерди 1997-жылы сот аркылуу жокко чыгарганга жетишет. 1998-жылы 23-июлда Октябрь райондук сотунун чечими менен 8-кичирайондогу 30 жана 81-үйлөр Орозбүнүн пайдасына камакка алынат. Бирок Алишер качып кеткендиктен, издөө жарыяланып, ушул күнгө чейин дайыны жок.
Бирок сот эмнегедир «А. Отонов табылган соң чечимдин аткарылышы боюнча баракты беребиз» деп, бүгүнкүгө чейин ал баракты ар кандай шылтоо менен бербей жүрөт. Мындан тышкары «тирилип кел» деген документти талап кылышкандыктан, 2011-жылы 28-октябрда Ош шаардык сотунун чечими менен О. Ашимбаеванын өлгөндүгү тууралуу тыянак жокко чыгарылгандыгы тууралуу чечимди алып келген. Андан соң Октябрь райондук соту 1998-жылы судья Ким Софья Николаевна тарабынан чыгарылган (эки үйдү тең О. Ашимбаеванын пайдасына өткөрүү боюнча) ГД – 2 – 77 6/98. Чечими колунда турса да жоголуп кеткендигин бетке кармап, аткаруу барагын бербей жатышат.

Эмилбек Момунов, «Кабар»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу