Аналитика

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
20/12 14:25
 

"AP"/"Canadian Press": «Центерра Голд» Кыргызстандын талабын аткаргысы келбей атат

"AP"/"Canadian Press": «Центерра Голд» Кыргызстандын талабын аткаргысы келбей атат

 Канаданын «Центерра Голд» компаниясы Кыргызстандын экологиялык зыян үчүн 152 миллион доллар компенсация талап кылышын негизсиз деп эсептейт

Бишкек, Кыргызстан. Кыргызстанда иштеп жаткан Канаданын алтын казуучу компаниясы бул Борбор Азия мамлекетинде экологиялык зыян алып келгени үчүн 152 миллион доллар төлөп берүү боюнча кыргыз өкмөтүнүн талабын ачык эле сынга алды жана аны «аша чапкан жана негизсиз» деп баалады.
Жума күнү Торонтодо базасы жайгашкан «Центерра Голд» компаниясы буга чейин эркин эксперттер «Кумтөр» долбоору Кыргызстандын экологиясына сезилерлик зыян алып келген эмес деп бүтүм чыгарышканын билдирди.
«Кумтөр» компаниясынын үлүшүнө Кыргызстандын экономикасынын 12 пайызга жакыны туура келет. Бул алтын кени саясий талаш-тартыштардын чок ортосунда калган. «Кенди мамлекетке өткөрүш керек», - деп эсептеген эл менен «мамлекеттештирүү зарыл болгон чет элдик инвестициянын токтоп калышына алып келет» деген аткаминерлердин ортосунда оңбогондой карама-каршылык кызыган.
Канадалык «Центерра Голд» компаниясынын президенти жана башкы директору Ян Аткинсон компания «Кумтөр» долбоору Кыргызстан менен эл аралык коомчулуктун айлана-чөйрө, коопсуздук жана саламаттык боюнча критерийлеринин стандарттарына «ылайык келет жана ал тургай ашып кетет» деп эсептээрин айтты.
«Кыргыз бийлиги тарабынан шектенүү жараткан, негизинен калдыктарды казып алуу, сактоо тууралуу компаниянын ишмердүүлүгү дайыма Кыргызстандын бийлиги тараптан колдоо таап келген. Ошондой эле «Центерра Голд» компаниясы атайлап «Кумтөр» алтын кениндеги ишмердүүлүктүн түрлөрү жөнүндө өзүнүн жылдык планында эскертип, бул өз кезегинде Кыргызстандын бийлиги тараптан колдоого ээ болчу», - деп айтылат Аткинсондун билдирүүсүндө.
«Центерра Голд» компаниясы Кыргызстандын өкмөтү менен Канаданын компаниясынын ортосунда 2009-жылы кол коюлган келишим долбоорунун жаңы редакциясынын алкагында бийлик толук бойдон буга чейин «Центерра Голд» компаниясына коюлган «дооматтарынан, ошондой эле өлкөгө экономикалык зыян алып келүү тууралуу айыптоолорунан баш тартканы» белгиленет.
Ошондой эле Кыргызстан менен Канаданын «Центерра Голд» компаниясынын ортосунда кол коюлган келишимде Кыргыз Республикасына төлөнүп берүүгө тийиш болгон салыктар менен төлөмдөрдүн, анын ичинде экологияны калыбына келтирүүдө кармала турган каражаттардын толук тизмеси көрсөтүлгөн.
«Буга ылайык Кыргыз Республикасы башка эч кандай салыктарды, төлөмдөрдү жана милдеттерди ала албайт. Бирок кошумча төлөмдөр эки тараптын макулдугу менен бааланышы мүмкүн», - деп айтылат канадалык компаниянын билдирүүсүндө.
Ал арада Канаданын «Центерра Голд» компаниясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция компания жол бериши мүмкүн болгон ар кандай «экологиялык жана техникалык эреже бузууга» каршы чара көрүш үчүн кат жөнөткөнүн билдирди. Компания ал талаптарды карап чыгууга киришкенин кабарлады.
Компания жакын арада «Центерра Голддун» жетекчилиги менен Кыргызстандын жогорку даражалуу аткаминерлеринин ортосунда жолугушуу болоорун маалымдады. Компания тастыктагандай, жолугушуу маалында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жөнөткөн талаптары менен каты тууралуу маселе, ошондой эле «Кумтөр» долбоору тууралуу анализ талкууга алынат.
Беш миллиондон ашуун калк жашаган Кыргызстан эл аралык коомчулуктун көз алдында көрүнүктүү орунда турат, себеби бул мамлекетте Афганистандагы аскер операцияларын колдош үчүн пайдаланылган АКШнын аба базасы жайгашкан.

«Associated Press»/«Canadian Press», 17-декабрь, 2012-жыл
Которгон – «InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу