Аналитика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
18/12 17:07
 

«International Business Times»: Кыргызстан кыз ала качуу менен күрөшмөк болду

«International Business Times»: Кыргызстан кыз ала качуу менен күрөшмөк болду

Кыргызстандын парламенти кылдат маселени талкуулоого киришти: ал аялды уурдап барып аны менен өмүр бою жашаган адамга бериле турган үч жылдык абакка кесүү жетиштүү болобу же жокпу деген маселе.
Кыз ала качуу бул Борбор Азия мамлекетинде техникалык жагынан алганда мыйзамсыз аракет болгонуна карабай, эң кеңири колдонулган практика болуп саналат. Азыркы учурда күнөөлүү тарапка айыппул салынат же болбосо үч жылга эркинен ажыратылат, бирок кыз ала качууга каршы болгондор жазаны эң жогорку чекке - жети жылга чейин көбөйтүүнү талап кылып жатышат.
«Бул абдан нааразы кылат», - дейт Аялдарды колдоо борборунун кызматкери Римма Султанова. «Мал уурдоонун жазасы 11 жыл, ал эми кыз ала качса үч жыл гана абакка кесилет», - деп белгилейт ал.
Бирок кыз ала качууну жактагандар алардын ата-бабалары көп жылдар бою жасап келген ишти жасаган адамдарды айыпка тартуу туура эмес болот деп эсептешет. Аталган көрүнүш кылымдар бою колдонулуп келе жаткан салт (чындыгында бул салт эмес - «InoZpress.kg»нин эскертүүсү) болуп эсептелет жана кыз ала качуу Кыргызстандын айыл жергесинде кеңири жайылган. Өздөрүнө колукту издеген эркектер жактырган кызды күтүүсүз ала качып алып таң калтыргысы келет. Күйөө болчу тараптын үй-бүлө мүчөлөрү ала качып келген кызды алып келишкенде жигиттин үйүнө чогулуп күтүп турушат. Алар жаш кызды тосуп алып аны калтырууга аракет кылышат. Эгер ал макул болсо өзүн ала качып келген жигитке күйөөгө чыгат.
Айрым учурларда болочок колукту күйөөгө чыгууга каршы эмес, ал эми ала качуу күтүүсүз айтылган сунуш сыяктуу милдет аткарат. Бирок көп учурда кыздар жаман абалда калышат. Ошондой эле айрым ала качып алган кыздар болочок күйөөлөрүн таптакыр тааныбаган учурлар кездешет. Кыздардын айрымдары сүйлөшкөн жигиттери болсо, алар аны унутууга тийиш.
Кыз өзүн ала качып келген адамдын колунан кетүүгө аракет кылышы - нормалдуу ал, тургай сыймыктуу аракет деп эсептелет. Алар күйөө жигиттин үйүнө келээр замат үй-бүлө мүчөлөрү тосуп алышып, кызды калууга макул кылышат жана кыздардын көпчүлүгү андан аркы тагдырына баш ийүүгө аргасыз болушат.
Кыргызстан 5,5 миллион калкы бар мурдагы Советтер Союзунун мамлекети болуп эсептелет. Бул өлкө Тянь-Шань менен Памирдин бийик тоолорунун ортосунда жайгашкан. Кыргызстандын экономикасы алсыз жана бул мамлекеттин жетиштүү жаратылыш ресурстары жок. Кыргызстан мурдагы Советтер Союзунун эң жакыр мамлекеттеринин бири болуп саналат.
Жыйырма жыл бою бийликтин коррупцияланышы Кыргызстандын артта калышынын жалгыз себеби болуп келген. Ушундан улам 2010-жылы апрель айында элдик толкундоо болгон. Анда Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев бийликтен куулган. 2011-жылы декабрда Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын жаңы президенти болуп шайланып, ал эми 2010-жылдан 2011-жылга чейинки аралыкта Роза Отунбаева Кыргызстандын Убактылуу Өкмөтүн жетектеп турган.
Убактылуу президенттин кызматында аз убакыт турган маалында Отунбаева кыз ала качуу практикасына каршы чыккан. «Жыл сайын 15 миң кыз ала качуунун курмандыгы болот», - дейт ал. (Аталган цифралар Кыргызстандын адам укуктары боюнча атайын өкүлү тарабынан такталып, ал жыл сайын өлкөдө 8 миңдей кыз ала качылат деп тастыктап жатат). «Кыз ала качуу кыргыз элинин салты болуп эсептелет, бирок бул байыркы салт кээде аялдардын өз жанын кыйышына алып келүүдө», - деп кошумчалайт Отунбаева.
Бардык кабыл алынган мыйзамдар көп учурда четке кагылат. Кыз ала качкандын баары жасалган кылмыштан эч айып тартпай кутулуп чыгышат, анткени курмандыктар - ала качып алган кыздар сотко арыз беришпейт. Эски салтты сыйлоо жана социалдык уяттан коркуу көпчүлүк ала качып кеткен кыздардын тиешелүү органдарга кайрылуусуна мүмкүндүк бербейт.
Азыркы учурда Кыргызстандын парламенти талкуулап жаткан мыйзам эң жогорку жаза жети жылга чейин көбөйтүлөт дегени менен эле эмес, жаңы мыйзам боюнча кыз ала качуу олуттуу кылмыш катары карала турганы менен өзгөчө болду. Жаңы мыйзам укук коргоо органдарына кыз ала качкандарга, ала качкан кыз расмий түрдө арыз бербеген күндө да, тиешелүү чараларды колдонууга мүмкүндүк бермекчи.
Жаңы мыйзамга каршы болуп же жактап жаткан Кыргызстандын саясатчылары «мыйзам кабыл алынгандан кийин деле баары мурдагыдай калат» деп эсептешет. Бирок мыйзамды жактагандар «символикалык колдоо табуу менен да мыйзам кыз ала качуу боюнча байыркы салтка тоскоол болуучу маанилүу фактор болуп калышы мүмкүн» дешет.
Отунбаева: «Өлкөдө жаш кыздарды коргоого тийиш болгон мыйзамдар бар», - дейт.

Джейси Фортин
«International Business Times», 17-декабрь, 2012-жыл
Которгон – «InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу