Аналитика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
17/12 17:17
 

"Reuters": Атамбаевдин пикиринде, Кыргызстан демократияны өнүктүрбөсө Афганистанга айланып кетиши мүмкүн

"Reuters": Атамбаевдин пикиринде, Кыргызстан демократияны өнүктүрбөсө Афганистанга айланып кетиши мүмкүн

 Берлин. Шейшемби күнү Батыштагы иш сапарынын жүрүшүндө Кыргызстандын президенти эгерде ал демократиялык реформаларды чыңдабаса, Кыргызстанда өлкөнүн түштүгүндө болуп өткөндөй элдик төңкөрүштөр болуп кетиши мүмкүн экенин эскертти.
«Эгерде биз Борбор Азиядагы демократияны өнүктүрбөсөк же болбосо Кыргызстандагы парламенттик демократияны калыптандырууну улантпасак, Борбор Азияда жаңы Афганистан пайда болушу мүмкүн», - деп билдирди Германиянын канцлери Ангела Меркель менен Берлинде чогуу өткөн басма сөз жыйынында президент Алмазбек Атамбаев.
5,5 миллион калк жашаган Кыргызстан, Афганистандан баштала турган түндүк баңгизат трафигинин негизги каттамдарынын биринде жайгашкан. Ошондой эле Кыргызстанда Россия менен АКШнын аба базалары жайгашкан, ал эми Кытайдын бул мамлекеттеги экономиканы чыңдаган бардык күч-аракети Вашингтон менен Москвага атаандашууга багытталган.
Кыргызстанда бул мамлекеттин эки президенти бийликтен куулган эки ыңкылап болуп өткөн. Биринчи ыңкылап 2005-жылы өтүп, ал эми 2010-жылдагы улут аралык коогалаңда 500гө жакын киши курман болгон. 2011-жылы постсоветтик Кыргызстанда бийликти биринчи жолу тынчтык жолу менен өткөрүп берүү ишке ашкан соң бул мамлекеттин башына Атамбаев келген.
Кыргызстан - мурдагы Советтер Союзунун жакыр мамлекеттеринин бири, ал эми анын экономикасы алтын кендеринин ишинен жана жумушчу-мигранттар үйлөрүнө салган акчадан абдан катуу көз каранды. Ошондой эле Кыргызстан Казакстан өңдүү коңшуларындай энергетикалык ресурстарга ээ эмес.
«Биз бул аймактын стратегиялык артыкчылыгын билебиз жана сиздер буга коңшулаш мамлекеттерди карап көрүп ынансаңыздар болот», - деп айтты Меркель Атамбаев менен бирге өткөргөн басма сөз жыйынында.
Меркель Европа өзүнүн мамилелеринде чийки заттарга ээ болгон же болбосо Афганистандан аскерлер чыгарылып кетерде пайдаланыла турган стратегиялык каттамдарда жайгашкан мамлекеттерге эле көңүл бура бербей Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү менен «калыс» болуш керек экенин кошумчалады.
Эки мамлекеттин башчылары Кыргызстандагы адам укуктарына, анын ичинде бул мамлекеттин коопсуздук күчтөрүнүн катаалдыгына каршы чыккан журналист Азимжан Аскаровдун укугун сактоого байланыштуу жагдайды талкууга алышты. 2010-жылы Аскаров Ош шаарында улут аралык кагылышты тутундырууга аракет кылгын деп айыпталып, өмүр бою абакка кесилген. Быйыл журналисттерди коргоо боюнча комитет Аскаровго «International Press Freedom» эл аралык сыйлыгын тыштан ыйгарган.
«Мага президент Аскаровдун иши тууралуу жакшы тааныш өңдүү таасир калды», - деген Меркель алар Кыргызстандагы аз улуттарды урматтоонун зарылдыгы тууралуу маселени талкуулашканын кошумчалады. Өз кезегинде Атамбаев ал эгерде бардык тиешелүү негиздер бар болсо Аскаровдун ишин кайра карап көрүүгө каршы эмес экенин билдирди. «Мунун баары президент эмес, мыйзамга ылайык жүргүзүлүшү жана соттор тарабынан чечилиши керек. Биз кландар, үй-бүлөлөр же болбосо адамдар биз үчүн чечим кабыл алышын каалабайбыз», - дейт, 2010-жылы болгон ыңкылап маалында тууганчылык, коррупция жана таш боордук боюнча айыпталып бийликтен куулган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин мураскору Атамбаев. Азыркы учурда Бакиев Белорусияда жүрөт.

Стефан Браун
«Reuters», 12-декабрь, 2012-жыл
Которгон – «InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу