Аналитика

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
20/11 22:37
 

АР: Канаданын «Центерра Голд» компаниясы «Кумтөр» алтын кенинин кенчи тууралуу маалыматты жарыялады

 АР: Канаданын «Центерра Голд» компаниясы «Кумтөр» алтын кенинин кенчи тууралуу маалыматты жарыялады

Бишкек, Кыргызстан. Бейшемби күнү Канаданын алтын казып алуучу компаниясы Кыргызстанда иштетип жаткан ири алтын кенинин кенчи буга чейин эсептелгенден дагы 58% көп экенин билдирди.
Кыргызстан үчүн «Центерра Голд» компаниясынын жарыясы керектүү түрткү болуп калды, анткени узак жылдар бою бул мамлекеттин кенедей экономикасы ийгиликке жете албай келген. «Кумтөр» алтын кенинин үлүшүнө Кыргызстандын экономикасынын 12% жакыны туура келет. Канаданын компаниясы Кыргызстанда алтын казып алуу тууралуу келишим дагы беш жылга, же болбосо 2023-жылга чейин узартыла турганын билдирди. Азыркы учурда «Кумтөр» алтын кениндеги алтындын кенчи 9,7 миллион унция алтынга бааланат.
Беш миллион калкы бар Кыргызстан - Кытайдын батышында жайгашкан тоолуу өлкө. Акыркы жылдарда Кыргызстан эл аралык коомчулуктун көз алдында өзгөчө орунга ээ боло алды, анткени бул мамлекетте Афганистандагы аскердик операцияларды колдош үчүн пайдаланылып жаткан Американын аба базасы жайгашкан.
Ушуга чейин Кыргызстандын коомчулугу «Кумтөр» алтын кенин иштетип жаткан компанияга бир топ кысым көрсөтүп келген. Көпчүлүгү алтын кени айлана-чөйрөнүн булганышынын башкы себеби деп айтып жүрүшкөн. Ошондой эле «Центерра Голд» компаниясына «Кыргызстандын алдындагы өзүнүн салык милдетин азайтыш үчүн мүмкүн болуучу бардык алдамчы ыкмаларды пайланат»,- деп доомат коюшкан.
Октябрь айында Кыргызстандын борбору Бишкекте «Кумтөр» кенин улутташтыруу боюнча нааразылык акциясы өтүп, анын артынан милиция менен кагылышуу болуп, бул тополоң белгилүү оппозициялык саясатчылардын камакка алынышы менен аяктаган.
«Центерра Голд» компаниясы каржылык тартип бузуу боюнча коюлган бардык дооматтарды четке кагат жана «Кумтөр» алтын кениндеги алтын кенчинин абалы жөнүндөгү билдирүү Кыргызстандын экономикасына пайдалуу таасир этет деп билдирет.
«Резервдин көбөйүшүнөн жана алтын кенин иштетүүдөн улам Кыргыз Республикасы 1,5 миллиард долларга жакын салык түрүндөгү киреше алат жана жумуш орундары бир топ көбөйөт. Жамааттар өз жашоосун жакшыртууга жана башка жеңилдиктерди алуу мүмкүндүгүнө ээ болушат», - деп айтылат «Центерра Голд» компаниясынын аткаруучу директору Ян Аткинсондун билдирүүсүндө.
Бирок компания Кыргызстандагы саясий туруксуздуктун сакталышы же болбосо концессиялык келишимдеги кандайдыр олуттуу өзгөрүүлөр анын оптимисттик божомолуна таасир тийгизе турганын эскертти.
1991-жылы Советтер Союзунан боштондук алган Кыргызстандын кыскача тарыхында Кыргызстандын эки башкаруучусу тактан кулатылды. 2005-жылы март айында коррупцияга жана начар башкарууга каршы болгон нааразылык акциясынын маалында Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев бийликтен куулган.
Биринчи президент бийликтен кеткен соң беш жыл өтүп, өкмөттүк аскерлер нааразылык акциясына чыккандарга ок атып, анын натыйжасында ондогон адамдар курман болуп, ал эми өлкөнүн президенти Курманбек Бакиев Кыргызстандан качып кеткен.

«Associated Press», 9-ноябрь, 2012-жыл
Которгон – «InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу