Аналитика

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
21/11 22:30
 

UPI: Кыргызстандын өкмөтү соттордун айлыгын көбөйтүп, алардын арасындагы коррупцияны жойгусу келет

UPI: Кыргызстандын өкмөтү соттордун айлыгын көбөйтүп, алардын арасындагы коррупцияны жойгусу келет

 Бишкек, Кыргызстан. Кыргызстандын вице-премьер-министри Кыргызстандын коррупцияга баткан сот системасында аз айлык алып иштеп жатышкан соттордун маянасы жогорулай турганын айтты.
Шейшемби күнү адам укуктары жана жарандык коом тууралуу болгон жыйында Кыргызстандын вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев өкмөт таза сот системасын түзүүгө жана соттордун айлык акысын жогорулатуу аркылуу пара берүүнү токтотууга ниеттенип жатканын билдирди.
«Адам укуктарын коргоо - бийликтин эң маанилүү милдеттеринин бири», - деп айтты ал расмий релизде. «Ар бир жарандын укугун коргоону камсыз кылуу максатында биз укук коргоо жана сот системасында реформаларды жүргүзүүгө тийишпиз», - деп кошумчалады Кыргызстандын вице-премьер-министри.
Сарпашев ошондой эле: «Келерки жылы жүргүзүлө турган сот системасынын реформасынын алкагында биз соттордун айлык акысын жогорулатууну пландап жатабыз. Бул сот системасы үчүн жакшы стимул болуп, ал эми судьялар өз иштерин абийрдүүлүк менен аткарып, эч кимге тартпаган калыс чечимдерди чыгарат деп ойлойм», - деп белгиледи.
Кыргызстандын сот системасы Европа Биримдиги, Бириккен Улуттар Уюму жана башка бир катар эл аралык уюмдар тарабынан сынга алынган. Алардын тастыкташы боюнча КРнын сот системасында коррупция байкалат жана мамлекеттик прокурорлордо көз карандысыздык жок, ал эми кыргыз милициясы камакка алынгандарды кыйнайт.
Эл аралык укук коргоо уюмдарынын пикиринде, Кыргызстанда адам укуктарын сакталбаганынын эң айкын көрүнүшү 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө болгон улут аралык кагылышуу маалында полицияны өлтүрүүгө байланыштуу өмүр бою абакка кесилген Азимжон Аскаровдун иши болду.
Аскаровдун актоочусу жана Американын «Open Society Justice Initiative» өкмөттөн эркин уюму улут аралык кагылышта Аскаров мыйзамсыз камакка алынганын жана милиция кызматкерлери тарабынан сабалып, ошондой эле калп жалаа жабылганын айтууда. Бир аз кийинчерээк Аскаровдун актоочусу жана Американын «Open Society Justice Initiative» өкмөттөн эркин уюму Азимжон саясий сотко кабылганын, ал эми күбөлөр коркутуп-үркүтүүдөн соң көрсөтмө берүүдөн баш тартканын билдиришкен.
Өткөн жылдын соңунда Кыргызстандын Жогорку Соту Аскаровго карата төмөнкү инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган. Бирок БУУнун адам укуктары боюнча жогорку коммиссары Нави Пиллай соттун чечимине нааразы жана кыргыз сотторун айыпталып жаткандардын жарандык укуктарын, айрыкча кыйноо боюнча фактылар бар кезде камсыздоого чакырганын «Азаттык» маалымдады.
Жарандык коомдун форумунда Кыргызстандын вице-премьер-министри Сарпашев «өкмөт мамлекеттик мекеме ачык иштеп жатканына ишениш үчүн колунан келгендин баарын жасайт, ошондой эле Кыргызстан заманбап жана өзгөрүлмө дүйнөдө болуп жаткан процесстерге катышууну кааласа, адам укуктарынын сактоонун баардык зарылдыгын мойнуна алат» деп билдирди.
Чет элдик эксперттер «соттордун маянасынын аздыгы Борбор Азия өлкөлөрүндөгү коррупциянын негизги себеби болуп эсептелет» деп айтышууда. БУУнун Качкындар иштери боюнча агенттигинин өкүлдөрүнүн айтымында, номиналдуу көз карандысыздыкка карабай, сот системасы реформанын жоктугунан, аз айлык акыдан жана коррупциядан жабыркап жатат. «Юристтер менен жарандардын пикиринде, абдан төмөн айлык акы көптөгөн соттордун пара алышынын себеби болуп калды», - деп белгилейт БУУнун Качкындар иштери боюнча агенттиги.
Соттордун эмгек акысын көбөйтүү 20 жыл мурда Советтер Союзунан боштондук алган Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалардын бир бөлүгү болуп эсептелет. Ошондой эле көз карабаган сот бюджетин түзүү, аны менен катар сотторду мыйзамды жана жаңы жарандык кодекстерди билген-билбегенин текшерүү тууралуу сунуш түштү.
Быйыл Европа Биримдиги каржылап жаткан Кыргызстандын сот системасын реформалоо боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү кыргыз сотторун дайындоо, ошондой эле алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн узартуу мыйзамдын алкагынан тышкары жүргүзүлгөнүн аныкташкан. Ошондой эле жумушчу топтун мүчөлөрү судьялар конкурстук негизде укуктук актылар менен процедуралардын принциби аркылуу тандалбаганын аныктап чыгышкан.
Алардын айтымында, сотторду тандоонун туура эмес процедурасы 2010-жылы Кыргызстанда жаңы Конституцияны кабыл алууга жана президент Курманбек Бакиевди кулатууга негиз түзгөн туңгуюк жагдайга алып келген.

UPI, 15-ноябрь, 2012-жыл
Которгон – «InoZprees.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу