Аналитика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
30/10 12:45
 

Кыргыз өкмөт башчысы Майлуу-Суудагы уран калдыктары көмүлгөн жерлердин абалы менен таанышты

Кыргыз өкмөт башчысы Майлуу-Суудагы уран калдыктары көмүлгөн жерлердин абалы менен таанышты

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Жалал-Абад облусундагы эки күндүк иш сапарынын алкагында Майлуу-Суу шаарындагы уран калдыктары көмүлгөн № 3-участокто болуп, андагы иштер менен таанышып чыкты. Бул жердеги уран калдыктары көмүлгөн жерлерди коопсуз жайларга көчүрүү боюнча Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен КР ӨКМдин алдында 2004-жылы 28-сентябрда ишке киргизилген «Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу» долбоору 2012-жылы 31-декабрда өз ишин жыйынтыктайт.
Долбоордун менеджери Тажикан Көчкөнбаеванын айтымында, эң коркунучтуу № 3-участокко жалпы көлөмү 130 миң куб уран калдыктары көмүлгөн. Союз учурунда 1946-1967-жылдары «Кыргызэлектроизолит» заводу уран калдыктарын иштетип келген. Аталган заводдун иштеткен уран калдыктары Майлуу-Суу дарыясынын оң жана сол жээгине 23 участокко жана 13 жерге тоо кен рудалары жалпы жонунан 2,0 млн. куб метрге жакын аянтка көмүлгөн. Бул жерлерде көп жылдар бою ремонт иштери жеткиликтүү деңгээлде жүргүзүлбөй келген. Мунун кесепетинен ал жерде жашаган адамдардын ден соолугуна жана экологиясына зыян алып келүү коркунучу пайда болгон. Ошол себептен, Майлуу-Суу шаары Кыргызстанда гана эмес, Орто Азияга да коркунуч пайда кыла турган аймакка айланган. КР өкмөтүнүн 1999-жылдын 23-мартындагы токтомунун негизинде уран калдыктары жана тоо-кен калдыктары көмүлгөн жерлер Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүлүп берилген.
Өкмөт башчы Ж.Сатыбалдиев реабилитация кыла турган дагы канча уран калдыгы көмүлгөн жерлер бар экенидигине канча акча каражаты жумшала тургандыгына кызыкты.
- Долбоордун негизинде №5-7- участокто чекелерин тосуп, эскертүү бере турган белгилерди коюшуп, Айланпа-Сайда №2-4- участоктогунда коргоо иштери бүткөрүлгөн. Эми дагы 17 уран калдыгы көмүлгөн участокторду кайрадан рекультивизация жасоо иштери калып жатат. Башында техникалык негиздемесинде 30 млн. доллар каралган. Азыр 40 млн. долларга чыкты. Анын ичинен 10 млн. 960 миң доллар гана берилген. Учурда дагы 30 млн. доллар керектелет, - деп жооп бери Т. Көчкөнбаева.
- Уранды Советтер Союзу алган. Союздун ишин улантуучу болуп Россия калды. Россия жардам бериши керек. Ушул жерден эч ким пайда тапкан жок. Майлуу-Суу дарыясынын суусу Сыр-Дарыяга барып куюлат. Россиянын өкмөт башчысы Д.Медведевдин атына катты негиздеп, даярдагыла. Бул бир гана Кыргызстандын проблемасы болбош керек. Борбордук Азияда жашаган бардыгыбыздын проблемабыз болушу зарыл. Илгери баарыбыз бир мамлекет болгонбуз, маселени ошондой коюш керек. Урандын проблемасы биз менен калбашы керек, алар да жардам беришсин, - деп айтты Ж.Сатыбалдиев.
Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан «Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу» долбоору негизинен Майлуу-Суу шаарындагы көмүлгөн уран калдыктарын коопсуз жайларга жылдыруу, коргоо, ошол жерде жашаган элге жана жаратылышка болгон зыяндуулугун азайтуу максатын көздөйт. Учурда уран калдыгы көмүлгөн 22, тоо-кен рудалары көмүлгөн 11 участок калды. Көмүлгөн уран калдыктарын ачканда 6 миңге чейин микроренген радиациялык фонду көрсөтөт. Ал эми шаарда 20-40 микрорентген радиациясы бар.
- Майлуу-Суу дарыясынын жээгинде 9 уран калдыктары көмүлгөн жер болсо, анын бирөө гана алынды. Акыркы мезгилдерде болуп жаткан сел ташкындары жана тектоникалык жер көчкүлөр уулуу заттар көмүлгөн жерлердин бузулушуна алып келсе, суу булганышы мүмкүн. Шаардагы санитардык-эпидемиологиялык станциясы суунун курамын аныктап турушат. Жакында ОМС-2000 деген аппарат коюлат. Ал Майлуу-Суу дарыясынын суусун текшерип, анализин чыгарып турмакчы, - дейт Т.Көчкөнбаева.
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун айтымында, Кыргызстандын 34 жеринде уран калдыктары көмүлгөн участоктор бар. Алар жети кичи шаарчаларда: Майлуу-Суу, Кажи-Сай, Миң-Куш, Шакафтар, Сумсар, Ак-Түз, Орловкада жайгашкан. Ал эми Ак-Түз менен Орловканын ээлери бар. Эң көбү Майлуу-Суу шаарында жайгашкан. Жалпы көлөмү 3 млн. кубду түзөт. Анын 2 млн. кубу уран калдыктары, 1 млн. кубу тоо-кен калдыктары.
Майлуу-Суу шаарынын мэри Рахатбек Бакалаевдин берген маалыматына караганда, шаарда 22 миң калк жашайт, 2 миңдей адам миграцияда жүрүшөт. Азыркы учурда №3-18- уран калдыктары көмүлгөн жер сайга түшүп кетүү чоң коркунучу бар эле. Ошол жердеги 140 миң куб калдыктар башка жакка ташылып, көмүлдү.
- Уран калдыктарын ташып кеткен жерде эми суу кете турган каналдарын курушат, рекультивизация кылышат. Эми №6 – уран калдыгы көмүлгөн жерди толук жаап, анын тегерек четинде суу кетүүчү каналдарын толугу менен бүткөрүшөт. Бул жасалган иштер биздин шаардыктардын ден соолугуна жана экологиянын зыяндан сакталышына жакшы шарт түзөт,- дейт Р.Бакалаев.
Медицина илимдеринин доктору, профессор Рустам Тухватшиндин берген маалыматына караганда, эл аралык илимий-техникалык борбордун «KR–760» деген долбоорунун негизинде 2011-жылы Бишкек шаарынан 15 адамдан турган топ Майлуу-Суу шаарынын калкын 20-июндан тартып 30-июнга чейин текшерген. Алардын арасында онколог, гинеколог, стоматолог, невропатолог адистиги боюнча 3 дарыгер жана радиациялык коопсуздук боюнча адис, Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары болгон. Изилдөө тобу өзгөчө Сары-Бээ айыл округуна караштуу айылдарды текшерүүгө алган. Негизинен алар Майлуу-Суу шаарынын жаратылышы менен ал жердеги жашаган калкты изилдөөгө алышкан. Шаардагы 1056 адам текшерүүдөн өткөрүлгөн.

Анархан Жаңыбаева, Жалал-Абад шаары

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу