Аналитика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
14/09 17:28
 

КР Айыл чарба жана мелиорация министри Ч. Узакбаев: “Азык-түлүк коопсуздугу суу маселеси менен тыгыз байланышта”

КР Айыл чарба жана мелиорация министри Ч. Узакбаев: “Азык-түлүк коопсуздугу суу маселеси менен тыгыз байланышта”

-Чыңгысбек Макишович, климаттын өзгөрүшү менен жакынкы 10 жыл аралыгында Борбордук Азия чөлкөмүндө суунун кескин жетишсиздиги күтүлөт жана бул аймакта азык-түлүк коопсуздугун оорлотот деген божомолдор байма-бай айтылууда. Суу чарба адиси катары буга эмне демекчисиз?

- Ооба, бүгүнкү күнү акыркы 50 жылдагы байкоолор боюнча климат өзгөрүп, аба-ырайы 0,7 градуска ысыганы сезилүүдө. Мөңгүлөрдүн эрүүсү менен суу ресурстарынын көбөйүүсү мүмкүн. Адистердин эсебине ылайык, 2050-жылга чейин мөңгүлөрдүн көбүрөөк ысышы жана суу ресурстарынын көбүрөөк болушу болжолдонууда. Ал эми 2050-жылдан кийин суу ресурстарынын кескин тартыш болушу күтүлөт деген эсептерди берип жатышат. Мен суу чарба адиси катары буга такыр ишенбейм. Негизи бул жаратылышта кезеги менен кайталанып турчу цикл экендигине көбүрөөк ынынам. Бирок, бизде 8 200 мөңгүлөр болсо, бүгүнкү күнү 2 000ге жакын мөңгүлөр жок болду. Буга адамдын колу менен жасалып жаткан терс таасирлер өз залалын тийгизип жатканы калетсиз. Жалпысынан айтканда окумуштуулар айтып жаткан суу кризисине баруубуз чоң күмөн жараткан нерсе. Жогоруда айткандай, жаратылыштын бирде жаанчыл, бирде кургакчыл, ысык же суук болушу табигый эле көрүнүш деп ойлойм. 
Ошол эле учурда Орто Азия чөлкөмүндө сууга байланыштуу проблемалар көбөйүп жатканын четке кагууга болбойт. Орто Азия чөлкөмүндө, кудайдын кулагы сүйүнсүн, элдин саны кескин көбөйүүдө. Бүгүн Кыргыз мамлекетинин калкы 5,7 млн. адамга жетти.
БУУнун адистеринин эсебинде 2025-жылы кыргыз эли 7 млн.го жакын, 2100-жылга карата 12-13 млн.го өсүшү күтүлөт. Бүгүнкү күнү азык-түлүк коопсуздугун сактоонун бирден-бир шарты киши башына төп келген сугат жеринин болушу эсептелет. Бир кишиге 0,3 гектар сугат жери туура келсе, азык-түлүк коопсуздук проблемасы болбоого тийиш. Бүгүнкү күнү бизде сугат жери киши башына 0,2 гектардан азыраак өлчөмдө же болбосо 5,7 млн. элибизге 1 млн. 20 миң гектар гана сугат жерибиз бар.
-Ал эми келечекте бизде нормага ылайык сугат жерге ээ болуубузга мүмкүнчүлүк барбы?
- Бизде 2008-2010-жылдарга жаңы жерлерди өздөштүрүү, жаңы ирригациялык курумдарды куруу боюнча программа кабыл алынган. Ал эми 2010-жылы 2010-2015-жылдарга чоң мамлекеттик программа кабыл алдык. Буга мамлекеттик бюджеттен 4,96 млрд. сомдук каржылоо каралган. Программага ылайык, 22 ири курулуш объекти же болбосо, 13,7 миң гектар жаңы жерлер өздөштүрүлөт жана 23 миң гектар суу аз жеткен жерлерде суу берүү көбөйөт. Бул программанын кабыл алынышы мамлекетибизде суу чарба тармагы бирден-бир артыкчылыктуу багыт катары каралып жатканын көрсөтөт десем болот. Мына жакында эле Түркия мамлекети өтө жеңилдетилген шартта берген 106 млн. доллар кредиттин 17,2 миллионун Кыргыз Өкмөтү суу чарба тармагына бөлүп берди. Анын 7,2 миллиону Кадамжай районундагы Бүргөндү массивиндеги объектиге бөлүнүп, жакында тендер өттү. Мында 3,5 миң гектар жаңы жерлер өздөштүрүлөт. Союз мезгилинен бери райондук, областтык суу чарба башкармалыктарында таптакыр эч бир ири жер казуучу, жүк ташуучу техника калбай калган. Техника болбосо, мамлекеттик ирригациялык фондду өз деңгээлинде кармоо өтө кыйын иш. Мамлекет берип жаткан акчанын көп бөлүгү сырттан подряддык негизде алып жаткан техника үчүн кетип калып жаткан. Бул проблеманы чечүү үчүн 10 млн. долларга 230 даана ( кубаттуу экскаваторлор, 30 тоннадан кем эмес жүк көтөргөн КАМАЗдай болгон автомашиналар, чакан машиналар, ж.б.) ар кандай техникаларды сатып алуу үчүн тендер өттү. Техника менен камсыз болуу мамлекеттик каржыны кескин үнөмдөөгө алып келет. Бул техникалар менен жаңы ирригациялык объекттерди куруу, оңдоо иштериндеги проблемалар чечилет. Климаттын өзгөрүшү менен жылдан-жылга суу ташкындап, сел жүрүү көбөйүүдө. Мына былтыр 60тан ашык каналдарыбызды сел бузуп кетти. Же болбосо 40 млн.сомдук чыгым келтирди. Быйылкы жаанчылдыктын кесепетинен түштүк регионубузда 101 объектибизди талкалап, 67 млн. сомдук залал келтирилди. Эгерде техникаларыбыз болгондо, селдин алдын алып жасап койгонго же, калыбына келтирип оңдоого жеңил болмок жана бул көптөгөн бюджеттик акчаларды үнөмдөмөк. Ал эми келечекте 2050-жылга карата 10 млн. калкыбыз болсо, кеминде 500-600 миң гектар жаңы жерлерди өздөштүрбөсөк анда мамлекетибизде азык-түлүк коопсуздугун камсыздай албоо коркунучу жок эмес.
-Чыңгысбек Макишович, Кыргызстан суу ресурстарына бай өлкө. Биздин жылдык суу ресурстарыбыздын көлөмү канча жана биз аны кандай пайдаланып жатабыз?
- Биздин жылдык суу ресурстарыбыз орточо 50 млрд. кубометрге барабар. Бүгүнкү мамлекеттик программалар, эртеңки стратегиялык документтер 2050-жылга чейин 500-600 миң гектар жерлерди өздөштүрүүгө багытталган. Бүгүнкү күнү ичүүчү суу, айыл чарбасы, өнөр жай жана башка керектөөлөр үчүн жалпысынан 10 млрд. кубометр сууну пайдаланып жатабыз. Кабыл алынган стратегиялык программаларды ишке ашыруу менен биздин керектөөбүз 2050-жылдары 20 млрд. кубометрге өсөт.
-Бирок биздин суу ресурстарыбызды пайдалануубузга карата кошуналар, өзгөчө өзбек туугандардан ар түрдүү пикирлер айтылып жатпайбы...
- Албетте, төмөнкү аймактагы мамлекеттерде түшүнбөстүктөр болуп жатат. Алар тараптан Токтогул ГЭСинин курулушуна байланыштуу Арал деңизинин бүгүнкү абалынын күнөөкөөрү катары бизди айтып жатышы такыр эле чындыкка жакындашпайт. Союз мезгилинде 1988-89- жылдары Кыргыз мамлекети 13 млрд. кубометр суу пайдаланса, 2005-жылы 5 млрд.га түшүп калганбыз. Мына азыр араңдан зорго 8-10 млрд.га жетип жатабыз, башкача айтканда, биз өзүбүздүн лимитибизди да пайдаланган жокпуз. Ал эми Токтогулга топтолгон суунун эсебинен ылдыйкы мамлекеттер миңдеген гектар жерлерди жашылдандырып, пайдасын көрүп жатышат. Ал эми эртеңки күнү Камбар-Ата-1дин курулушу, өйдөңкү Нарын ГЭСинин каскады курулушу жалпы Орто Азия үчүн пайдадан башка эч зыян алып келбейт. Бүгүн кыштын күнү сууну электр энергия иштеп чыгарууга көбүрөөк пайдаланууга мажбурбуз. Бирок эртеңки күнү Камбар-Ата-1 жана үстүңкү ГЭСтер курулуп бүтсө, Токтогул суу сактагычын ирригациялык режимге өткөрүүгө толук мүмкүнчүлүк болот.
-Климаттын өзгөрүшү менен мөңгүлөрдүн тез эрип жатышына байланыштуу учурда мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын сактоо же, натыйжалуу пайдалануу багытында кандайдыр бир чаралар көрүлүп жатабы?
- Сурооңузга түшүндүм. Зарыл чараларды көрүп жатабыз. Борбор Азиядагы 5 мамлекет Аралды сактоо эл аралык фондун түзгөнбүз. Ошол фонддун эсебинен мөңгүлөрдүн эриши, экологияны сактоо маселеси курч коюлуп, Арал деңизинин бассейнин өнүктүрүүнүн 3 жылдык программасы кабыл алынган. Мунун наркы 2,7 млрд. долларды түзөт. Эмне чаралар? Мисалы, биз суунун башында турган мамлекет катары мөңгүлөрдү сактоо үчүн токойлорду көбөйтүү, экологияга зыян келтирип жаткан ТЭЦ, ГЭРСтердин зыянын азайтуу, лимиттерибизди катуу карап, Арал деңизине сууну көбүрөөк берүү каралган.
-Бирок Арал деңизине толук жетип жатканына кепилдик барбы? Себеби, кошуна мамлекеттер агып жаткан суудан пайдаланбайт деп айтуу кыйын го?
- Ошон үчүн ар бир кубометр суунун көзөмөлү бар. Мамлекеттер аралык суу чарба координациялоо комитети деген бар. Ашыкча лимитти пайдаланган мамлекетти катуу сындап, кийинки жылга лимитинен кыскартып, айтор бул багытта иштеп жатабыз.
-Жакында эле мөңгүлөрдүн көп эришинен улам Тес-Төр көлү ташып кетти. Көлдүн абалы боюнча сиздерде алдын-ала маалымат болгон эмес беле?
-Алдын-ала байкоо иштерине ылайык коркунуч белгилүү болчу. Чехословакиядан келген аппаратты Тес-Төрдүн жанына коюп 3-4 жылдан берки байкоонун найтыйжасында бизге 3 күн мурда маалымат келген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги даярдык көрүп турган, андыктан, бул ташкындан эл эч кандай жабыр тарткан жок. Анткени, бүт каналдарыбызды даярдыкка келтирип, көпүрөнүн астыларын тазалаганбыз. Ошентсе да , кудай чоң сактады десем болот. Себеби, 15-20 кубдан ашык агып түшкөн жок, эгер жалпы акса бир топ зыян келтирмек. Аз-аздан агып түшкөн сууну Ала-Арча суу сактагычына куюп алдык.
- Эми Тес-Төр сыяктуу башка жерде коркунуч жокпу?
-Адигине деген чоң көл бар, ал жерде бир аз коркунуч бар. Азыр ӨКМ, геология адистери менен кеңешип, иштеп жатабыз. Коркунуч бар жерлерге алдын-ала чара көрүп, өзүбүздүн кийлигишүүбүз менен агызып салсак деген ой болууда.


P. S. Маек Чыңгызбек Узакбаев Суу чарба департаментинин директорунун орун басары кезинде алынган.


Бегимбүбү ТУРДАЛИЕВА, “Эркин Тоо”
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу