Аналитика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
11/09 18:09
 

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Ж.Акенеев: “Октябрда 80 миң тонна күйүүчү-майлоочу май келет”

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Ж.Акенеев: “Октябрда 80 миң тонна күйүүчү-майлоочу май келет”

-Жумакадыр мырза, жыл сайын август айында күйүүчү-майлоочу майлардын баасы кымбаттап кетмей адаты бар эле. Быйыл бул тенденция байкалган жок. Жакынкы күндөрдө бензиндин кымбатташы күтүлбөйбү?
-Быйыл дыйкандарга жеңилдик болсун үчүн дизелдик отун майлары 40 тыйынга арзандатылган. Ал эми 92 үлгүсүндөгү бензинден өйдө 40 тыйынга кымбаттады. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу бул жакшы көрсөткүч. 2011-жылы билесиздер, август айларында бензиндин баасы эле көтөрүлбөй, анын тартыштыгы да пайда болгон. Быйыл баа өтө жогору көтөрүлбөйт. Бирок, Россия майларын кымбаттатып жаткандыктан октябрь айына барып баа жогорулашы мүмкүн. Кымбаттоо бир сомдон жогору болбойт.
-Оруп-жыйноо иштери башталды. Дыйкандарга арзаныраак май берип, жардам кылып жатасыздарбы?
-Нефтетрейдерлер жыл башында Айыл чарба министрлиги менен макулдашып, арзан май берип туруу боюнча келишим түзгөн. Ага ылайык биз жазында жана күз айларында алар сураган майды бердик. Дыйкандар азырынча бизге нааразы боло элек. Баасын да арзандатып, тартыштык болбогондой кылып камсыздап жатабыз.
-Нефтетрейдерлер айына өлкөгө канча көлөмдө күйүүчү-майлоочу май алып келип турушат.
- Октябрь айына 80 миң тоннанын тегерегинде күйүүчү-майлоочу май алынып келинет. Анын 60%ы бензин, 40%ы дизелдик отун-май. Кышында бул көрсөткүч төмөндөйт. Кайра эле жаз айларында 80 миң тоннанын тегерегинде алып келе баштайбыз. Негизи бензин, дизелдик майлар туристтик сезондо жана айдап-себүү, оруп-жыюу иштери башталганда көбүрөөк алынып келинет.
-Күйүүчү майларды кайсыл өлкөлөрдөн аласыздар?
-Казакстан, Өзбекстан майын чыгарууга тыюу салгандан кийин Россия менен гана байланыш түзүп калдык. Мына жакында Кара-Балтада курулуп жаткан завод ишке киргени турат. Эгер завод иштей баштаса, бир эле өлкөнү карап олтурбай, башка өлкөлөр менен да байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
-Кыргызстанды май куюучу бекеттер басып кетти. Негизи өлкө боюнча канча бекет иштейт?
-Жалпысынан 626 бекет бар. Аларды 30га жакын нефтетрейдерлер май менен камсыздап турушат.
- Бекеттердин саны көп, алардын айрымдары сапатсыз май сатышат деген айдоочулардын нааразычылыктарын угуп калабыз. Ассоциация сапатсыз май саткан нефтетрейдерлерге көзөмөл кыла алабы?
-Болушу мүмкүн. Жок деп айта албайбыз. Ассоциациянын аларга чара көрүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Негизи сапатсыз бензин Казакстан менен чектешкен аймактан кирип жаткандыгы тууралуу маалымат бар.


Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА ,“Эркин Тоо”
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу