Аналитика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
10/09 12:14
 

"Economist": Кыргыз саясаты: кезектеги “жолу жок”

"Economist": Кыргыз саясаты: кезектеги  “жолу жок”

 22-августа Кыргызстандын өкмөтү тарап кеткенге чейин амалкөй саясат жүргүзүлүп жатты. Ал эми ага чейин аргымак тууралуу кеп болду.
Баардыгы 13-августа партиясы алсыз башкаруучу коалицияга кирген парламент депутаты Өмүрбек Текебаев өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун дарегине чабуул баштагандыктан улам болуп кетти. Ал “Бабанов баасы 1 миллион доллар турган англиялык аргымакты пара катары алган”, - деп айтып чыкты. Премьер-министр Бабанов аргымакты 20 миң долларга сатып алганын айтып, айыптоону четке какты: ал ошондой эле Текебаев аны кымбатка сатыш үчүн аргымакты сатууга даяр экенинин дагы кошумчалады. Текебаевдин партиясынын жана башка партиялардын коалициядан чыгып кетиши сегиз ай бою иштеген коалициялык өкмөттүн кыйроосуна алып келди.
Бул борборазиялык мамлекеттеги саясат 2010-жылы апрель айында авторитардык президент Курманбек Бакиев бийликтен куулгандан бери (акыркы беш жылдагы экинчи төңкөрүш) туруксуз болуп келген. Экинчи ыңкылаптан бир аз өтпөй өлкөнүн түштүгүндө улуттар аралык кагылышуу келип чыккан. 2010-жылы жайында жаңы констиутцияны киргизүү жана парламенттик башкаруу формасына өтүүдөн соң баяндамачылар, айрыкча, америкалыктар “Кыргызстан негизинен диктаторлор башкарган аймактагы демократиянын үлгүсү болуп калышы мүмкүн”, - деп үмүттөнүшкөн. Эки жыл өтүп, анын аймагында америкалык жана россиялык базалардын жайгашканын эске алганда, геосаясий жактан маанилүү өлкө кризиске белчесинен батты.
Кезектеги өкмөт Бакиев кеткенден берки төртүнчү өкмөт болуп калмакчы.Талдоочулар “мунун баарынын артында көбүрөөк аны уккан өкмөт башчынын болушун каалаган президент Алмазбек Атамбаев турат”, - деп боолголоп жатышат. Ал өзүнүн Социал-демократиялык партиясына жаңы өкмөттү түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жетектөөсүн сунуштаганда эч ким деле таңкалган жок.
Көшөгө артындагы саясий күрөш - ачык жана транспаренттүү болууга тийиш болгон башкаруунун жаңы формасы көпчүлүк кыргызстандыктардын кыжырына тийди. Жеке инсандар жана жеке кызыкчылыктар башкарган жаңы коалиция системада өзгөртүүлөрдү алып келээрине эч ким деле ишенбейт. Партиянын саясий платформасы, чиновниктердин жогорку деңгээлдеги квалификациясы жок, ал эми кызмат орундарды каражаттар менен ресурстарды пайдалануу үчүн ээленгендей.
Мунун баары инвесторлорду чочутат. Парламент “чет элдик ишканаларды, анын ичинде өндүрүшү өткөн жылы Кыргызстандын Ички дүң өндүрүмүнүн (ИЖӨ) 12 пайызын түзгөн Канаданын алтын казып алуучу «Кумтөр» компаниясын улутташтырабыз”, - деп коркуткан. Дагы башка компаниялар көпчүлүгү “жергиликтүү бийликтин иш-аракети менен чыгып жатат”, - деп эсептеген массалык топтордун аракеттеринин курмандыгы дагы болуп калышты.Тоолуу өлкө минералдык ресурстарга бай, бирок инвестициялык тобокелдик көбөйүп жатат. 28-августа болгон нааразылык акциясынын катышуучулары улуттук ураандарды кыйкыруу менен соода жүрүп жаткан имаратка жулунуп кирип барышып, алтын кендерин сатуу боюнча аукционду үзгулттүккө учуратышты.
Айрымдары “Бабанов реформа жүргүзүүгө аракет кылды”, - дешет. Бирок жергиликтүү ишкерлердин бири өкмөт инвестициялык климатты ушунчалык туруксуз кылып салгандыктан, ал өзүнүн баардык ивестициясын коңшулаш Казакстанга көчүргөнүн айтты. “Кетип жаткан өкмөт өзүнөн кийин арам ойлуу аткаминерлер өз кызыкчылыктары үчүн пайдалана турган мыйзамдык жана көзөмөл кылуучу илинчек калтырып жатат”, - деп эсептейт ал. Мындай жол менен карызга чөмүлгөн жана эл аралык жардамдардан көз каранды болгон Кыргызстан коррупцияга белчесинен баткан боюнча калууда. “Transparency International”дын тизмесинде коррупциялашуу деңгээли боюнча 183 өлкөнүн арасынан Кыргызстан 164-орунду ээлейт.
Аргымакка байланыштуу болгон чатак америкалыктардын репутациясына дагы көлөкө түшүрүүдө. Бабановдун каршылаштары “бул Бишкек шаарында жайгашкан «Манас» базасындагы Пентагондун курулуш иштери боюнча келишимге уруксат алган түрк компаниясынын белеги болчу”, - деп жар салышууда. Америкалыктардын өздөрү кыргыз аткаминерлери тендерди көзөмөлдөөрүн айтып, муну четке кагууда. Бирок ошентсе да чатак базада болгон буга чейинки окуяларды эске салат. 2010-жылы америкалык конгресс тарабынан санкция кылынган иликтөөнүн жүрүшүндө, отун келишимдерин көзөмөлдөө боюнча иштердеги алешемдиктер Бакиевдин үй-бүлөсүнө пайда берип, америкалыктардын кызыкчылыктарына зыян алып келгенини аныкталган.
Америка 2014-жылы ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин “Манас” базасынын ижарасын узартууну каалайт. Бирок АКШ Россияны жактаган бийликтин кыйынчылыктары менен бет келишүүдө. Ошентсе да өкмөт «Газпром» менен анын кыргыз достору отун келишимдеринен акча жасап жаткан маалда, ижара акынын акчасына абдан муктаж болууда. Азырынча өкмөт чечим кабыл алгычакты, Америка Кыргызстандагы демократиялык эксперменттен баш тартууну каалайт жана мунун ордуна мисалы, Өзбекстан менен Тажикстандын шектүү диктаторлорунан көмөк сурап кайрылмакчы.

«Economist», 1-сентябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу