Аналитика

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
07/09 22:36
 

«Reuters»: Кыргызстанда жаңы өкмөт түзүлдү

«Reuters»: Кыргызстанда жаңы өкмөт түзүлдү

 Бишкек. Мындан аркы саясий толкундоолордон качыш үчүн жана Борбор Азия мамлекетиндеги начарлап бараткан экономиканы калыбына келтириш үчүн Кыргызстандын бөлүнүп калган парламенти бейтарап талапкерди өкмөт башчылыкка шайлады.
56 жаштагы президенттик администрациянын башчысы Жантөрө Сатыбалдиев беш партиядан турган кыргыз парламентинин депуттарына жаңы кабинет коррупция менен күрөшөөрүн жана бул Борбор Азия мамлекетинин экономикалык өсүшүн калыбына келтириш үчүн «баарына жага бербеген чараларды» колдоноорун эскертти.
«Мен өлкөнүн бюджетин толтурам деп убада берген эмесмин. Биз чыгашаларды азайтууга жана ошондой эле салык администрациясын жакшыртууга тийишпиз», -дейт Сатыбалдиев. Парламентте болгон түнкү добуш берүүнүн маалында президенттин администрациясынын мурдагы башчысынын пайдасына 113 депутаттын 111и добуш берди.
Кыргызстан 5,5 миллион калкы бар негизинен мусулман мамлекет болуп эсептелет. Бул Борбор Азия өлкөсү Кытай менен чектешет. Ал аркылуу Афганистандан келчү наркотрафик өтөт, ал эми анын аймагында АКШ менен Россиянын аскер аба базалары жайгашкан.
Мурдагы союздук республикалардын арасында эң жакыр болуп эсептелген бул тоолуу мамлекетте эки президент бийликтен кууулган. 2005-жылы зомбулук ыңкылап болуп, ал эми 2010-жылдын июнь айындагы улут аралык кагылышуудан 500гө жакын киши курман болгон.
АКШ тарабынан колдоого алынган жана Россия сыяктуу мурдагы империялык кожоюндун бир топ шектенүүсүн пайда кылган парламенттик демократиянын жаңы модели боюнча парламент чечим кабыл ала турган негизги орган болуп эсептелет, ал эми өкмөт башчынын ыйгарым укуктары президенттикине караганда көп.
«Мен баардык жарандарды Кыргызстан үчүн жана өнүгүү үчүн тынчтыкта жана биримдикте иштөөгө чакырам», - дейт 2010-жылы түштүктөгү болгон окуяда Ош менен Жалал-Абад областтарындагы көбүрөөк жабыр таркан шаарларды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик органды жетектеп келген Сатыбалдиев.
Эки жума мурда Кыргызстандын буга чейинки өкмөтү таратылып, ошол маалда өлкөнүн өкмөт башчысынын кызматын ээлеп келген Өмүрбек Бабанов коррупцияга байланыштуу айыпталган. Аптанын башында беш партиянын үчөө коалициялык өкмөт түзүүгө макул болушкан.
«Биздин өлкөгө туруктуулук орногонго чейин ири чет элдик инвестицияларды тартып келе албайбыз. Биз коррупция менен күрөшүүгө тийишпиз», - дейт Сатыбалдиев. Буга чейин ал Ош областында губернатор жана транспорт министри катары кызмат аркалап келген.
Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы «Республика» партиясы жетектеген башкаруучу коалициядан чыгууга аргасыз болду, өткөн жекшембиде Бабанов отставкага кетти. Былтыр декабрь айында Бабанов Кыргызстандын өкмөт башчысынын кызматына шайланган.
Көпчүлүк кыргыз жарандары жаңы өкмөт башчыны жаңы үмүттүн жышааны катары кабыл алышкан. Ошондой эле Бабановду шайлоо авторитардык Борбор Азиядагы алгачкы парламенттик демократиянын 18 айга созулган курулушунун натыйжасы болуп калган эле. Бирок Кыргызстандын экономикасы кыйла даражада Канаданын «Centerra Gold Miner» компаниясына таандык болгон «Кумтөр» кениндеги өндүрүштөн көз каранды, быйыл алтын казуучу ишкананын өндүрүшү начарлагандыгы оор сокку болуп, январдан июлга чейинки аралыкта ички дүң өндүрүм (ИДӨ) 5 пайызга азайды.
Ошондой эле кыргыз эмгек мигранттарынын которгон акчасы бул Борбор Азия мамлекетинин сакталып турушуна жардам берүүдө. ИДӨ калк башына эсептегенде мунайга бай Казакстандын онунчу көрсөткүчүнөн бир аз азыраак.
22-августа мурдагы коалициянын курамынан чыгуу тууралуу жарыялап жаткан маалда, азыркы жаңы коалициянын курамына кирген «Ата-Мекен» партиясынын депуттары «2,8 миллиард тышкы карызы бар Кыргызстанды дефолт күтүп турат» деп эскертишкен.
Мурдагы коалициянын курамына кирбеген жалгыз партия болгон «Ата-Журт» кыргыз улутчулдарынын арасында, айрыкча Кыргызстандын жакыр түштүк аймагында абдан күчтү колдоого ээ. 2010-жылы октябрда болгон парламенттик шайлоодо аталган партия парламентте башка партияларга салыштырмалуу көп орунга ээ болгон.

Ольга Дзюбенко
«Reuters», 6-сентябрь, 2012-жыл
Которгон
– «InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу