Аналитика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
03/09 18:19
 

«Азаттык»: Акаев Кыргызстандын элинен кечирим сурады

«Азаттык»: Акаев Кыргызстандын элинен кечирим сурады

Кыргызстандын мурдагы президенти катасы үчүн кечирим сурады

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев экономикалык жана саясий маселелер үчүн, ошондой эле 1995-2005-жылдардын аралыгында эркин Кыргызстандын биринчи президенти болуп турган кезинде өзү кетирген каталары үчүн кечирим сурады. Акаев «Азаттык» радиосунун кыргыз кызматы менен Эгемендүүлук күнү болгон 31-августтун алдында маектешкен.
«Биздин мамлекет түзүлгөн күндөн тартып элдин колдоосу менен 14 жыл бою мен өлкөнүн президенти катары кызмат кылдым. Ооба, чоң каталар кетти, кемчиликтер болду», - дейт Акаев. «Буга байланыштуу, эгерде менин катам менин президенттигимдин жана андан кийинки учурда дагы Кыргызстанга тескери таасир берген болсо, учурдан пайдаланып кыргыз элинен кечирим сурагым келет».
Саясатчыга айланган окумуштуу 2005-жылы март айында болгон өкмөткө каршы нааразылык акциясынын учурунда бийликтен кеткен. Ошондон бери ал Москвада жашайт.
Акаев анын каталарынын эң башкысы – «Курманбек Бакиевди анча чоң эмес заводдун директорлугунан областтын губернатору, кийинчерээк өлкөнүн өкмөт башчысы кызматына дайындаганым болду» деп эсептейт. 67 жаштагы Акаев андан кийин бийликке келген Бакиев «өлкөгө жана элге көп зыян алып келгенин» айтат.

«Демократиянын аралчасы»
2005-жылы болгон «жоогазын ыңкылабынан» кийин Бакиев бийликке келип, өлкөнүн президенти болуп калган. Бакиевдин өзү 2010-жылы президенттин үй-бүлөсүнүн жана бийликтин жогорку эшелонундагы коррупцияга жана тууганчылыкка нааразы болгон элдин кыжырданганынан чыккан өкмөткө каршы демонстрациядан улам бийликтен кулатылган. Төңкөрүш маалында 100гө жакын киши өлтүрүлгөн. Белоруссияда жашап жаткан Бакиевге кыргыз бийлиги массалык киши өлтүрүү жана коррупция үчүн издөө жарыялаган.
Акаев «Кыргызстандын саясий аренасында саясатчылардын жаңы мууну пайда болот жана өлкө «Борбор Азиядагы демократиянын аралчасы» деген атын кайра калыбына келтирет» деп үмүттөнөт. Мурдагы президент Кыргызстанга «туруктуулук, мыйзамдын күчтүүлүгү жана акыйкаттык», ошондой эле күчтүү демократиялык мамлекет катары калыптаныш үчүн биримдик зарыл экенин айтты.
Акыркы жылдары 5,5 миллион калкы бар тоолуу өлкөдө бир нече чатактар болгон. 2010-жылы июнда Кыргызстандын түштүк областтарында кандуу кагылыштар келип чыккан. Ош жана Жалал-Абад областтарында болгон кагылыштын маалында 450дөн ашуун адам кырылып, миңдеген адамдар үй-жайсыз калган.
2011-жылы октябрда болгон шайлоодон соң Кыргызстан Борбор Азиядагы биринчи парламенттик демократиялык өлкө болуп калды. Азыркы учурда өлкөнүн саясий лидерлери төрт партиядан турган башкаруучу коалиция тарап кеткендиктен, жаңы өкмөттү түзүш үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

«Азаттык» радиосу, 31-август, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу