Аналитика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
17/08 12:09
 

«Asia Times»: Тажикстанда мунай менен газдын ири казынасы табылды

«Asia Times»: Тажикстанда мунай менен газдын ири казынасы табылды

Тажикстан мунай менен газ кени тууралуу айтылган «жакшы кабарга» кубанууга шашылган жок

Канаданын «Tethys Petroleum» энергетикалык компаниясы Тажикстанда мунайдын абдан чоң запасын тапты жана бул табылга бул борборазиялык мамлекеттин экономикалык келечегин жакшыртышы мүмкүн. Мунайдын табылышы тууралуу жаңылык, гидроэлектростанцияны куруп жатканынан улам, суунун төмөн жагындагы коңшулары менен талашып-тартышып олтурган Тажикстанга күтүүсүз жыйынтыктарды алып келиши да мүмкүн.
Июлдун ортосунда Тажикстанда, Өзбекстанда жана Казакстанда мунай менен газды чалгындап жаткан Канаданын «Tethys Petroleum» энергетикалык компаниясы Тажикстандын Бохтар участогунун аймагындагы мунай менен газдын көлөмү тууралуу жаңы маалыматты элге жарыялады. Компаниянын берген баасына таянсак, мунай кенинин коопсуз алына турган орточо дүң запасы мунай эквивалентинде (БМЭ) 27,5 миллиар баррелди түзгөн. Ошондой эле канадалык компания тастыктагандай, Бохтар участкасындагы газ кенинин тобокелсиз алынчу орточо дүң запасы 114 триллион куб футту жана 8,5 миллиард баррель мунай менен конденсатты түзгөн. Канаданын «Tethys Petroleum» компаниясы өткөн жылдын декабрь айында анын адистери Бохтар участкасындагы терең жайгашкан туз алдындагы аймактардан коопсуз келечектүү ресурстарды изилдегенин кабарлады. Канадалык компаниянын кызматкерлери «алган жыйынтыктар көрсөткөндөй, Бохтар участогунун кен катмарлары 1,14 миллиард баррель мунай эквивалентин жана 7 триллион куб фут газды түзөөрүн» айтышты.
Америкалык «Gustavson Associates» фирмасы тарабынан жарыяланган баяндамада Бохтар участогу Өзбекстан, Тажикстан менен Афганистандын ортосунда бөлүнгөн Амударыянын бассейниндеги кендерге байыраак бөлүгү болуп саналаары айтылат. Канаданын «Tethys Petroleum» компаниясынын басма сөз баракчасында Амударыя бассейни дүйнөдөгү ачыла элек эң бай отун кени экени белгиленет.
Тажикстанда мунайдын ири кору табылганы тууралуу жарыялангандан кийин Канаданын «Tethys Petroleum» компаниясынын президенти, аткаруучу директору жана башкаруу кеңешинин төрагасы Дэвид Робсон төмөнкүлөрдү кошумалады:
«Тажикстандагы биз болжоп жаткан запастардын көбөйүшү, биздин келечектүү ресурстарыбыздын базасын сезилерлик өзгөртөт. Мен бул коопсуз орточо келечектүү кенчтер Түндүк деңизининин британиялык жээгиндеги болжолдонуп жаткан коопсуз кенчтерден дагы ашып түшөт деп эсептейм. Аткарылган геологиялык жана геофизикалык иштер көрсөткөндөй, «Tethys Petroleum» компаниясы иштетилбеген зор потенциалы бар дүйнөлүк деңгээлдеги бассейнди тапты.
Тажикстанда иш жүргүзүп жаткан келечектүү участоктор гиганттык потенциалга ээ, жана аны ийгиликтүү иштетсек, биздин компания менен Борбор Азия өлкөсүнүн абалы кыйла жакшырат. Кошумча сейсмикалык маалыматтар Тажикстандагы абдан зор келечектүү кендерге багытталган терең бургулоонун ордун аныктайт».
Ири көлөмдөгү мунай жана бургулоо ыкмасы менен чыгарыла турган газдын ачылышы чындап тастыктала турган болсо, компаниянын жана Тажикстандын абалы оң тарабына өзгөрөт. Анкени Тажикстанда мунай менен газдын кени буга чейин аз деп эсептелип келген.
Акыркы ачылыш Таджикстанды мунайдын кенчи боюнча калк башына эсептегенде дүйнөдөгү эң бай өлкө кылат. Ошондой эле бул Борбор Азия мамлекети Жакынкы Чыгыш, Түркмөнстан, Казакстан, Россия жана башка мунай менен газга бай мамлекеттер турган лигага кошулмакчы. Буга ылайык, Тажикстан мунай менен газдан көз каранды болбой калат жана энергоресурстарды башка мамлекеттерге өз алдынча экспорттой баштайт.
Бул табылга азыркыга чейин гидроэнергетикадан абдан катуу көз каранды болуп келген тажик өкмөтүнүн өлкөнүн энергетикалык тармагын өнүктүрүү боюнча стратегиясына таасир этеби - бул жагы негизги суроо болуп турат. Тажик өкмөтүнө таасир этүүнүн жалгыз рычагы - бул өлкөнүн аймагынан өтө турган Амударыя.
Тажик аткаминерлеринин айтымында, бул Борбор Азия мамлекети Тажикстандагы энергетикалык өндүрүштүн кубатын жогорулатыш үчүн жыл сайын ондогон чакан жана орто суу электр станцияларын куруп жатат. Ошондой эле Тажикстанда «Нурек» суу сактагычына курулган дүйнөдөгү эң бийик - 300 метрлик суу сактагыч жана курулуш жумуштары буткөндөн кийин бийиктиги 336 метрге жете турган, талаш туудурган Рогун ГЭСи бар.
Амударыянын агымынан ылдый Өзбекстан жайгашкан. Өзбекстандын бийлиги Рогун ГЭСинин курулушуна каршы чыккан болчу. Ал «суу сактагыч аймакка экологиялык жактан кесепетин тийгизет жана ошондой эле Өзбекстандын айыл чарба тармагына тескери таасир этет» деп жатат.
Буга чейин тажик аткаминерлери бир эле нерсени – «Тажикстандын кубаттуулукту генерациялоочу гидроэнергетиканы өнүктүрүүдөн башка эч бир варианты калган жок, анткени өлкөдө энергиянын мунай менен газ сыяктуу альтернативалуу булактары жок» деп айтып келишкен.
Аймактагы айрым байкоочулар мунай жана газга бай, Амударыянын төмөн жагында жайгашкан Өзбекстан, Түркмөнстан жана Казакстан сыяктуу мамлекеттердин абалын агымдын үстү жагында жайгашкан Тажикстан менен Кыргызстандын абалына салыштырууга аракет кылып көрүшкөн. Көпчүлүк талдоочулардын айтымында, Түркмөнстан менен Кыргызстанда казылып алынган отундун запастары жок.
Суунун ылдый жагындагы коңшу мамлекеттер, айрыкча Өзбекстан менен Тажикстандын мамилеси абдан начарлап кетиши мүмкүн экенине карабай, гидроэлектроэнергияны өнүктүрүү бул борборазия өлкөсү үчүн эң маанилүү болуп табылган болчу.
Ири көлөмдөгү мунай менен газдын табылышы буга чейин «ГЭС кургандан башка эч кандай аргабыз жок» деп алакан жайып олтурган тажик өкмөтүнүн позициясын бир топ алсыратат жана андай жүйө чындыкка коошпой калмакчы.
Ошондой эле мынчалык көп мунай казынасынын табылышы келерки жылы президенттикке кайрадан ат салыша турган президент Эмомали Рахмондун бошоң өкмөтүнө мыйзамдуу турпат бериши мүмкүн. Акыры эки жумада Тажикстанда зомбулук күчөп кеткен. Памир тоолорунда жайгашкан жана Афганистан, Кытай менен чектешкан алыскы Бадахшан провинциясында өкмөттүк аскерлер жергиликтүү куралданган топтор менен салгылашып жатышат.
Канаданын «Tethys Petroleum» компаниясынын табылгасы менен оптимисттик жүрүшү тажик өкмөтүнүн дагы башка чет элдик энергетикалык гигантка – бул мамлекетте иштеп жаткан россиялык «Газпромго» кысым көрсөтүшүнө жардам берет. Тажик аткаминерлери «россиялык компания биздин мамлекеттеги ар түрдүү чалгындоо долбоорлорун ишке ашырууга саясий мотивдер боюнча атайылап убакытты созуп келген турбайбы» деп моюнга алышууда.
Ошого карабай, Тажикстандын энергетика министри Шерали Гүл дагы, же башка жогорку даражалуу тажик расмий тараптары дагы Канаданын «Tethys Petroleum» компаниясынын оптимисттик билдирүүлөрүнө сөз кошкон жок. Ал эми компания иликтөөнүн жыйынтыктарын жарыялагандан бери бир нече жума өтүп кетти. Буга байланыштуу «Эмне үчүн тажик бийлиги жана аткаминерлери «жакшы жаңылык» тууралуу унчукпай турууну эп көрүп жатышат?» деген суроо туулат.
Алар «жакшы жаңылык» курулушу 2013-жылдын биринчи жарымында аяктай турган Рогун ГЭСин курууга зарыл болгон экспертизанын экономикалык жана экологиялык баасына, Дүйнөлүк Банктын колдоосуна таасир тийгизет деп коркушу мүмкүн.
Кокус канадалык «Tethys Petroleum» компаниясынын табылгасы тастыктала турган болсо, бул Тажикстандагы талаштуу суу сактагычтардын курулушуна өз позициясын кайрадан карап чыга турган Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрүнүн жана башка эл аралык донорлордун пикирине таасир этмекчи.

Фозиль Машраб
«Asia Times», 9-август, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу