Аналитика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
14/08 21:25
 

«Eurasianet»: Борбор Азиядагы чатактардын көпчүлүгү ички жагдайлар менен шарталган

«Eurasianet»: Борбор Азиядагы чатактардын көпчүлүгү ички жагдайлар менен шарталган

Борбор Азия: зомбулук менен туруксуздуктун булактарына карата көз караш

«Афганистан зомбулуктун жайылтуучусу жана 2014-жылы АКШ менен НАТОнун аскерлери чыгарылып кеткенден кийин, коңшулаш Борбор Азия мамлекеттеринин акыбалы кыйын болот» деген жалпы божомол бар. Бирок ошентсе да, бул пикир шектүү тыянактарга негизделген өңдүү. Тажикстанда бир аз мурда болгон атышуу Борбор Азиядагы тартипсиздик менен зомбулук ички феномен экенин эске салат.
Россиянын, Кытайдын, АКШнын жана Европанын эксперттери «Афганистандан келчү эки жамандык - баңгизаттарынын аткезчилиги менен диний экстремизмдин жайылышы 2014-жылдан кийин Борбор Азияга башаламандык жана зомблук алып келет» деп кабатырланып жатышат. Бул коркунучтарды жоюш үчүн Борбор Азия мамлекеттерине коопсуздук маселелери боюнча жардам берүүнү көбөйтүш керек. Эң эле зарыл болгон багыттардын бири - бул чегарачылар менен коопсуздук күчтөрүн окутуу жана жабдуу боюнча программаларды кеңейтүү болуп саналат. Мындан тышкары АКШ Афганистандан чыгып бара жатканда аймакка ок өтпөс олпокторду жана башка аскердик куралдарды таштап кетүү маселесин караштырып жатат. Россия бул арада Тажикстан менен өлкөнүн аймагындагы аскер базасынын ижара акысын узартуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Бирок буга окшогон саясат натыйжалуу стратегия катары каралса деле, мындай кадамдардын бири дагы Борбор Азиядагы туруксуздуктун себептери менен күрөшө албасы, ал эми айрымдары ал тургай артык кылабыз деп атып тыртык кылып, маселени терендетип жибериши мүмкүн экендиги ачыкка чыгып жатат. Эң башкы чындык - Борбор Азиядагы коркунучтар тыштан эмес, ичтен келип чыгып жатканында.
Мисал: эки жума мурун Тоолуу Бадахшан автономиялуу аймагынын борбору болгон Хорогдо жоочулар менен аскерлердин ортосунда атышуу болгон кезде, мен скайп аркылуу Дүйшөмбүдөгү досум менен сүйлөштүм. «Эмне болуп жатат?» - деген суроомо ал: «Түшүнбөй турган эч нерсе деле жок, баңгизат аткезчилеринин бир бандасы башкасы менен аймак талашып жатат. Эки тараптын тең банда мүчөлөрү аскер формачан», - деп жооп узатты. Ал тургай тажик өкмөтү адеп башында афган жоочуларынын катышы бар экендигин жана «Талибан», «Аль-Каида» же болбос Өзбекстан ислам кыймылы менен байланышы бар болушу мүмкүн делген сегиз афгандыктын кармалганын жарыялаганы менен, бул ырастамага так далилдер же болбосо логикалык жүйөлөр жок.
Чын-чынына келгенде жогоруда айтылган Афганистандын эки зыяны азыркыга караганда Борбор Азиядагы коопсуздук боюнча жагдайга 2014-жылдан кийин тескери таасир этет дегенге далилдер аз. Мисал катары диний экстремизмдин жайылышын карап көрөлү: 1990-жылдары болгон Тажикстандагы жарандык согуш диний компонеттерге ээ болгон, ал эми Бириккен тажик оппозициясынын командирлери Афганистанга жашынган. Бирок чатактын өзү Афганистандан келген эмес, ал ички саясий карма-каршылыктардан улам келип чыккан. Дал ошондой эле Кыргызстанда, Казакстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда бир аз мурда болгон диний экстремизмдин катышы бар деген тополоңдор Борбор Азия мамлекеттеринин өкмөт башындагылар фундаменталдык же экономикалык укуктарды бузуп, диний репрессия кылып жатканына жарандардын реакциясы катары жергиликтүү негизде өнүккөнүн көрүүгө болот.
Эгерде баңгизаттардын аткезчилиги боюнча процессти карай келгенде, героин жалпы аймакка ташылып келбейт, бирок ал өлкөнүн аймагына аныкталган бир жолдор жана көзөмөл-өткөрүү бекеттери аркылуу алып өтүлөт. «Борбор Азиядагы баңгизаттардын ири өлчөмдөгү аткезчилери өкмөттүк аткаминерлер же болбосо өлкөнүн өкмөтү менен тыгыз байланышкан адамдар менен топтор эмес» деп эч ким талаша албайт.
1990-жылы Ошто жана Өзгөндө, 1990-жылдардын ортосунда Тажикстанда болгон жарандык согушту, 2005-жылы Анжиянда болгон окуяны, 2005- жана 2010-жылы Кыргызстанда болгон революцияны, 2010-жылы июнда Ошто болгон улут аралык кагылышууну, 2011-жылы Казакстандын батышында болгон башаламандыкты же болбосо 2010-жана 2012-жылы Тажикстанда болгон атышууларды мисалга тарта турган болсок, Борбор Азияда акыркы жыйырма жылда болгон тополоңдордун себеби Афганистан болуп эсептелбейт. Бул зомбулук аракеттеринин көбүнө ички жагдайлар, анын ичинде демократиядан алыс мамлекеттердеги саясий динамика, ресурстар үчүн болгон чатактар жана өлкө менен коом ошолорду чече албаганы себеп болгон.
Батыштын борборазия мамлекеттерине коопсуздукту камсыз кылуу жана колдоо боюнча берген жардамы маселени чечүүгө көп деле жардам бербейт. Аймактагы өкмөт башчылары маселени чечүүнүн эмес, анын бир бөлүгү экенин эске алганда, жардам берүү боюнча азыркы программалар натыйжасыз болуп саналат. Ал тургай аткаминерлер менен жарандардын ортосундагы мамилени жакшыртууга багытталган элементти өз ичине камтыган демилгелер чоң ийгиликтерге жетише койгон жок.
Борбор Азияга чет өлкөлүк жардамдын берилиши тууралуу айтылган багыттар аймактын өзүндөгү туруктуулукту калыптандырууга жардам берүүгө тийиш. Бул тууралуу көмөк көрсөтүүгө таштала турган биринчи кадам – «Афганистан аймактык туруктуулук үчүн коркунуч болуп саналат» деген ойдон баш тартып, «коркунучтун тамыры ичкериде жатат» дегенди моюнга алыш керек.

Корнелиус Граубнер
«Eurasianet», 7-август, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу