Аналитика

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
01/08 14:29
 

«Central Asia News»: Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн эриши Борбор Азиядагы жагдайды өзгөртүшү мүмкүн

«Central Asia News»: Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн эриши Борбор Азиядагы жагдайды өзгөртүшү мүмкүн

Окумуштуулар Борбор Азиядагы мөңгү жана суу ресурстарын изилдеп жатышат

Советтер Союзу кулагандан жыйырма жыл өткөндөн кийин суу ресурстарын бөлүштүрүү Борбор Азиядагы чатактын себебине айланды. Жайкысын жаан-чачын аз болгон аймактарда мөңгүлөр суу маселесине келгенде маанилүү роль ойнойт. Көрүнүктүү мисалдардын бири катары Тянь-Шань аймагын айтсак жетиштүү: бул жактагы тоо мөңгүлөрү Кыргызстанда, Казакстанда, Өзбекстанда, Түркмөнстанда жана Кытайдын түндүк-батышында суунун негизги булагы болуп саналат. Швейцария сыяктуу эле, Кыргызстан коңшу мамлекеттер үчүн суу чыгаргыч катары кызмат кылат.
Тянь-Шань тоолорундагы мөңгүлөр менен суунун агымынын өзгөрүшү тууралуу маселе изилдөөгө түрткү болгону менен, топтолгон маалымат буга чейин айтыла элек болчу. l'UNIGE институтунун жетекчилиги астында жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөтүп тургандай, мөңгүлөрдүн азайышы жайкысын кургакчылык болгон кезде чет-жакада ачык байкалууда, ал эми эриген кар менен муз суунун негизги булагы болуп саналат.

Мөңгүлөр жыл сайын азайып баратат
Тянь-Шань мөңгүлөрү 15 миң чарчы чакырым жерди ээлеп жатат, бул Швейцариянын аянтынын үчтөн бир бөлүгүнө барабар. Акыркы он жылдыкта бул мөңгүлөр жыл сайын 0,1%дан 0,8%га чейин эриген. Эң чоң мөңгү топтолгон жай Алма-Ата, Бишкек, Ташкент, Үрүмчү шаарларынан анча алыс эмес жердеги тоодо болчу. «Жайкысын мөңгүлөр бул аймактардагы иче турган суу менен сугат суусунун жалгыз булагы», - дейт Берн университетинин Геология институту менен ISE (UNIGE)нин изилдөөчүсү жана алгачкы автору Аннина Сорг. «Мөңгүлөрдүн тез эрип жатышы суунун сезондуу бөлүнүшүнө жана көлөмүнө таасир этет. Адегенде мөңгүнүн катуу эриши суунун деңгээлинин көбөйүшүнө алып келет, бирок мөңгүлөрдүн эришине жана азайышына байланышкан тартыштыктын ордун жаан толуктабаса, акыраягы бул суунун көлөмүнүн азайышына алып келет».
Изилдөөчүлөр колдо болгон маалыматты салыштырыш үчүн климатка, мөңгүлөргө жана суунун агымына байланышкан көптөгөн параметрлерге негизделген көрсөткүчтөрдү талдоого киришти. Изилдөөнүн жүрүшүндө жайкысын суунун агымы азайып жатканы тууралуу ачык тенденция байкалганына карабай, мөңгүлөрдүн эрип жатканы суунун агымына кандай таасир этээри белгисиз бойдон калууда. «Суунун көлөмүнө көптөгөн жагдайлар таасир тийгизиши мүмкүн», - деп түшүндүрдү Аннина Сорг. «Жаан-чачындын көлөмү, буулануу жана ал тургай адамдын гидрологиялык циклга аралашуусу – ушул жагдайлардын баарын эске албай коюуга болбойт».

Узак мөөнөттүү божомол
Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөт аралык комитеттин алдын-ала берген маалыматына ылайык, 2050-жылы Борбор Азиядагы жаан-чачындын көлөмү 4 пайыздан 8 пайызга чейин көбөйөт. Бирок жаан-чачындын деңгээли жайкысын 4-7%га чейин басаңдайт, бул жай мезгилинде кургакчылыкты пайда кылат. Ошондой эле абанын температурасы келерки 40 жылда 4 градуска чейин жогорулашы күтүлүүдө. Алдын-ала айтылган маалыматтарга таянсак, кийинки он жылда Тянь-Шань мөңгүлөрүнүн көлөмү жана катмары азаят.
Демек, Борбор Азиядагы айрым агымдар мөңгү режиминен башкасына өтүп, суунун деңгээлине карата белгисиз жагдайларды күчөтүп жатат, ал эми бул деңгээл жаан-чачындан абдан көз каранды. Дүйнөнүн бул бөлүгүндөгү экономикалык жана саясий чыңалуу кыйратуучу эколологиялык кесепеттерге тескери таасир этиши да мүмкүн.

«Central Asia News», 29-июль, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу