Аналитика

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
23/07 18:11
 

«Washington Post»: Батыштын талдоочусу «Олимпиадага бара турган кыргызстандык спортчуларын арасынан балбандардын мүмкүнчүлүгү көп» деп эсептейт

«Washington Post»: Батыштын талдоочусу «Олимпиадага бара турган кыргызстандык спортчуларын арасынан балбандардын мүмкүнчүлүгү көп» деп эсептейт

Саясий талдоочу Лондондогу Олимпиада оюндарында кантип жеңишке жетиш керек экендиги жөнүндө пикир бөлүштү

Сиз кичинекей, салыштырмалуу жакыр мамлекетсиз – мисалы, Кыргызстансыз деп коелу жана ушул жайда Лондондо боло турган Олимпиада оюндарында көп медал алгыңыз келет. Бул үчүн эң жакшы стратегия кандай болушу керек?
Иликтөөчү Нейт Сильвердин буга байланыштуу бир нече идеясы бар. Ал Кыргызстандын курама командасы Олимпиадалык оюндарда салынган инвестицияга эң мыкты кайтарым бере турган спорттун түрүн аныктай турган үч негизги параметрди иштеп чыккан.
Биринчи параметр - бул жайкы Олимпиада оюндарында жеңүүчүлөрдүн абалын көрсөткөн экономикалык тең салмак. Бул байлык өлкөдөгү калктын киши башына өлчөнө турган Ички дүң өндүрүмү (ИДП). Аталган параметр Сильвер өзүнүн талдоосу үчүн маалымат топтой баштаган 1996-жылдан баштап эсептелген. Экинчи параметр - бир нече мамлекеттерден озгон спорттун түрлөрүнүн эсебин көрсөткөн атаандашуунун тең салмактуулугу. Эң акыркы параметр - алтын медал алган спортчулардын санын аныктаган медалдардын көптүгү.
Бул жерде эң башкы максат - анча кымбат эмес жана медалдардын көбүн ала турган спорт түрүн табыш керек. Андан тышкары бул спорттун түрүндө башка өлкөлөр дагы анча күчтүү болбоого тийиш. Андай болсо эң ыңгайлуу спорттун түрү кайсы? Албетте, бул - күрөш. Күрөшкө көп каражат жумшап кереги жок, бирок көптөгөн медалдарды утуп алса болот (күрөштөгү иш-чаралардын 18 ар кандай түрү бар). Анын калса күрөш боюнча белгилүү спортчулары көп өлкө жок. Сильвердин маалыматына таянсак, 1996-жылдан бери спорттун бул түрү боюнча ар кандай 35 өлкө сыйланган.
Быйыл Кыргызстан Олимпиада оюндарына медалдарды утуш үчүн колунан келген күч-аракетин жумшайт. 2012-жылы Кыргызстан алдына жогору максатты - үч алтын медал алууну койгон. Ошондой эле Кыргызстандын өкмөтү алтын медал менен кайткан спортчуга 250 АКШ долларын төлөп берүү тууралуу жарыялаган - бул Россия өз спортчуларына төлөйм деген акчадан эки эсе көп.
Сильвердин моделине ылайык, кыргыз спортчулары Лондондогу Олимпиада оюндарында жакшы жыйынтыктарды көрсөтүш үчүн стимул алышты. Алар негизинен өзүңүздөр баамдагандай, күрөшкө көңүл коюуда. Бул борборазиялык мамлекет эң мыкты төрт балбанын жөнөтөт. Бирок башка спорттук иш-чараларга Кыргызстандан аз сандагы катышуучулар барат.

Сара Клифф
«Washington Post», 19-июль, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу