Аналитика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
13/07 18:02
 

Кытайдагы кыргыздардын маданий жылдызы жанды

Кытайдагы кыргыздардын маданий жылдызы жанды

Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автономиялуу районунун (ШУАР) Кызылсуу кыргыз автоном облусунда V Эл аралык маданий-саякаттык «Манас» фестивалы болуп өттү. Бул иш-чара коомдук жана тарыхый зор мааниси бар окуя болуп калды.

Бийик тоолуу Ак-Тоо ооданынын Боз-Көл айылында, Кара-Көлдүн жээгинде бул фестиваль 29-июнда ШУАРдын, оодандык жана облустук компартия мүчөлөрүн, борбордук жана аймактык журналисттерди, ошондой эле жергиликтүү элдин өкүлдөрүн жыйнады. Бул салтанаттуу фестивалга Кыргызстандын Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарынан мурдагы президент Роза Отунбаева баштап келген делегация да чакырылган. Коммунисттик партиянын мүчөлөрү алгач Кытай элдик боштондук армиясынын аскерлеринин парадына күбө болушту. Андан соң Асман алдындагы өлкөнүн кызыл туусу 30 метр бийиктикке көтөрүлүп, тоонун шамалы аны ачык асманга желбиретти.

Салтанаттуу азем адегенде Компартиянын мүчөлөрү расмий ачылыш сөзүн сүйлөп бүтүп, андан соң кыргызстандык делегаттар салам айткандан кийин башталды. Элдин алдында курмандык катары топоз союлуп, анын эти кийинчерээк сыйлуу конокторго тартылды. Фестиваль дүңгүрөгөн добулбастардын жана асман жарган салюттардын коштоосунда башталды. Булардын үнү даана эле кытай замбиректериндей тарсылдап кирди. Ошентип сахнага көз жоосун алган кызыл-тазыл кемсел кийген кымча белдүү кыргыз кыз-келиндердин тобу бийлеп чыкты. Алардын бийи жоогазын талаасын элестететип турду.

Андан соң «Жаангер» аттуу элдик эпосун тартуулап, монгол элинин өкүлдөрү чыгышты. Алардан кийин Тибет элинин маданиятын тартуулаган жаш кыз-келиндер төрдө отурган меймандарга ак ниеттин символу болгон ак лента тартуулашты. Чындыгында, тибеттик кыздардын атынан алардын улуттук кийимин жергиликтүү кыргыз кыздары кийип чыгышкан. Тибеттиктер өздөрү фестивалга аз эле келген окшойт. Ал эми Тибет маданиятын анын жигиттери «Гэсар» аттуу баатырдык эпосу аркылуу көрсөтүштү. Бул эки элдин эпосу кыргыздын «Манас» эпосуна көлөмү жана мааниси жагынан тең келе албаса да, мазмуну менен айырмаланып турат.

Кытай өкмөтү өз аймагында жашаган аз сандагы улуттардын материалдык эмес мурастарынын сакталышына шарт түзүп келет. Ошондуктан бул салтанаттуу иш-чарада кыргыздар менен бирге моңгол жана тибет элдери да өздөрүнүн маданий мурасын көрсөтүштү.

Чогулгандардын бүйүрүн кызыткан кез да келди. Сахнага эпостон үзүндү катары Манастын Каныкейге үйлөнүшүн чагылдырган театралдаштырылган көрүнүштү жергиликтуу артисттер ойногон номер коюлду. Болуп аткан көрүнүшкө кытайлык жаш кыргыз бийчилеринин секирип, айланган шамдагай кыймылдары өзгөчө дем берип турду. Аны менен бирге комуз кармаган аялдар жана эркектер «Манасты» хор менен күүнүн коштоосунда айтышты. Четтен байкап турган көрүүчү бул шаан-шөкөттүн таасири астында дал ошол жоокерчилик заманга туш келип калгандай сезилет. Жүрөктү кандайдыр кусалык каптап, мунун баары баштан өткөндөй болуп, бирок азыркы заманга кайра жаралган сымал абалда калдым. Жергиликтүү улан-кыздар «Манасты» бий элементтери менен аткарышат экен. Карап олтурсаң болуп аткан сахна окуясынан кадыресе фильм тартса болчудай, атайын жасалма үн коштоонун да кереги жок. Анын баарын кыргыздын оозунан чыккан мукам үн толуктап, ал эми кыз-келиндердин айлананы мээримге бөлөгөн назик үндөрү эч кимди кайдыгер калтырбайт. Бул жерде жашаган кыргыздар памирлик кыргыздардын тобуна кирет. Ошондуктан кийген кийимдеринде салттуу жана көөнөргүс байыркы мурастарыбыздын чыныгы белгилери сакталып калган. Сырткы кийимдери афган кыргыздардыкына, ал эми сүйлөгөн айрым сөздөрү Кыргызстандын түштүгүндө жашаган кыргыздардын кебине окшош келет. Сырттан келген кыргыздар аларды бир аз түшүнбөй калышы мүмкүн, бирок жергиликтүү кыргыздар сүйлөгөн сөзүңдү мыкты түшүнүшөт.

Концерттин эн кызыктуусу - жаш улан-кыздардын комуз менен түркүн күүлөрдү чертип чыкканы болду. Сахнага акырында бүт кыргыз артисттери чыгышты. Булардын баары мээримдүү Жер-Эненин үстүндө, Жараткан Көкө Теңирдин астында көз суктандырган гүлзардай термелип атты. Бул кыргыз баласынын жаратылыш менен дайыма жакын болуп, анын ажырагыс бир бөлүгү экенине дагы бир далил.

Таң-тамаша бүткөн соң, жигиттер улак тартышта күч сынашып көрүштү. Бирок бул жактын кыргыздары улакты биз көрүп жүргөндөй ат минбестен, топоз минип тартышат экен. Болгондо да баары ак топоздорду минип алышкан. Ошону менен катар памирлик кыргыздардын улуттук баалуу кийимдери, ырасым-жөрөлгөлүү буюмдары келген меймандарды кош көңүл калтырган жок. Селкинчек тебүү оюндары да уюштурулуп, көптөгөн көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

Келгендерге тамак тартылып, түш оогондон кийин мааракенин экинчи бөлүгү 40 чакырым алыстыктагы Буруң-Көл аттуу айылда башталды. Меймандар өз унаасы менен, артисттер автобустарда, карапайым калк мотоциклдерде жана кампасы бар машинелерде айтылган жерге жетип барышты. Асман ачык болсо да, тоонун салкын шамалы согуп атты. Булуттарга кол жеткидей эле болуп турганы деңиз деңгээлинен бир кыйла бийик жайгашканыбыздан кабар берет. Күн калкалоочу баш кийим, көз айнек жана күн аптабынан сактоочу атайын май сактап турбаса, билинбегени менен күн нуру кечке чейин бетти күйгүзүп койчудай.

Акырындап баары айылга да жетип келишти. Бул жерде алгач Кыргызстандан барган Замирбек Манастын сыпаттарын, айбатын сүрөттөп «Манас» айтып турду. Андан соң дагы бир сыйра жергиликтуу бийлик өкүлүнүн сүйлөгөн сөзүнөн кийин, бабабыз Манаска арналган айкелдин ачылышы болду. Ачылаар алдын, элдин деми саамга тынчый түшүп, айлана жымжырт болуп калды. Кызыл тасмал сыдырылып, анын астынан көгүчкөндөр учуп чыкканы дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолду. Үч чопкуттун астындагы такта олтурган Манастын айкелин эл өзүнчө бир кубаныч менен кабыл алды. Колун сунуп, «бир бол, кыргызым» дегендей сүрү менен турган Манас атабызга ушуну менен Кытай боюнча төртүнчү эстелик тургузулуп отурат. Ушул убакта Алтайдын белесин, кыргыз жерлерин, жайлоолорун көз алдыга чаптырган бир сүрдүү күү жаңырды. Кыргыз рухунун туу чокусу болгон Манастын айкелин тургузууга жергиликтуу бийлик жардам көрсөткөн.

Ачылыш аземинен кийин оюн-зоок жана кыз-жигиттердин бийи башталды. Келген коноктор айылдын усталары чоподон жасаган кеселерди, табактарды карап, аялдар үчүн маржан менен берметтен жасалган мончоктор көрсөтүлдү.

Салтанаттуу тойдун аягында Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева чыгып сөз сүйлөдү. Анын айтымында, кыргыздар кайсы гана жерге тарабасын, ар биринде Манастын руху бар экендиги айгинеленип турат. «Эгер бирдиктүү, ынтымактуу болсок, биз күчтүү, кубаттуу болобуз. XXI кылымда кыргыз эли күчтүү болооруна мен толук ишенем. Себеби, бул үчүн астыбызда да, үстүбүздө да жаратылыш байлыктары бар. Азыр болсо эки тараптуу Кытай жана Кыргызстан алакасы күндөн күнгө бекемдеп атат. Биз көптөгөн маданий долбоорлорду ишке ашырышыбыз керек. Кудай буюруп, темир жол курулуп калса, экономикалык жактан да карым-катнашыбыз өрчүп-өнүгөт эле. Себеби кытайлык кыргыздар менен рухубуз, тилибиз, дилибиз бир», - деп өз сөзүн жыйынтыктады Роза Отунбаева.

Канатбек Абдырахман уулу,

Кытай-Кыргызстан,

«Кабар» агенттиги

1 из 18

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу