Аналитика

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
14/06 18:59
 

Бийликти «чеги жок жамандыкка айландыргандар» кимдер?

Бийликти «чеги жок жамандыкка айландыргандар» кимдер?

Дээрлик бардык өлкөлөрдө мамлекеттик кызмат узак тарыхый мезгилдин ичинде калыптанып, өркүндөтүлүп келе жатат. Уюштуруучулук-укуктук түзүмүнө, административдик-укуктук иш тартибине жараша мамлекеттик кызматтар континенталдык же романдык-германдык, англо-саксондук (жалпы укуктук система), ислам багытындагы, эмгектик (советтик) деген моделдерге бөлүштүрүлөт жана дүйнө жүзүндө колдонулуп келет. Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик кызматтын пайдубалы советтик-россиялык моделдин негизинде түзүлгөн.
Тарыхый мезгилдердеги мамлекеттин жана коомдун талаптарына жараша бийликтин мамлекеттик органдарынын негизги максаттары, милдеттери, түзүмү аныкталат. Мисалы СССРдин тушунда Конституция жазуу жүзүндө гана колдонулуп, иш жүзүндө бүткүл мамлекеттик бийлик КПССтин БКсына баш ийдирилген. Кыргызстандагы мамлекеттик кызматтын эволюциялык өнүгүшү сталиндик темирдей тартиптен хрущевдик, брежневдик, горбачевдук системаларга жылган сайын, укуктук-жарандык коомду көздөй улам жакындап жылып бараткан болчу. СССРдин кулашы менен өлкөбүздөгү кырдаал түп-тамырынан бери өзгөрдү.
Мамлекет дегенибиз коомду башкаруучу аппарат болсо, ошол аппаратты мамлекеттик кызмат башкарат. Мамлекеттик кызмат жөнүндө эки көз караш бар. Биринчиден, ал бийликтин институту, саясый түзүлүштүн элементи, мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын иш жүзүнө ашыруучу ийкемдүү механизм. Экинчиден, коомдук турмуштун ишин уюштуруу мамлекеттин негизги иш-милдети болуп саналат. Акаевдик, бакивдик доордун мезгилинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматы коомдук турмушту жакшыртууну уюштурбастан, жеке баюучулукка, үй бүлөөлүк башкаруу системасына кызмат кылып калган.
Батыштын атактуу окумуштуусу Ж.Шевальенин көз карашы боюнча мамлекеттик кызмат үч чоң маанидеги төмөнкүдөй кызматтарды аткарат:
1. Идеологиялык. Акаевдик бийлик Кыргызстанды Швейцарияга айландырабыз деп күпүлдөп, элдин башын айландырып жатып калайык-калктын 90 пайызын жакырдантты. Бакиевдик бийлик кыргыздын Манасын, Алмамбетин, Чубагын, Сыргагын, кырк чорону ким өлтүргөндүгүн билип жүрсүн деп Шыпшайдарды, Жолойду, Коңурбайды, Нескараны баш кылып, кыргыздын сөөк өчтү душмандарынын айкелдерин даңазалап, Ала Тоо аянтына койду. Кыңк этсеңер ушуларга окшоп каласыңар деген кыязда ушинтти. Анан өзүнүн эң ишеничтүү адамы болгон М. Садыркуловду өлтүрүп оппозициядагыларга сес көрсөттү.
2. Юридикалык жактан жөнгө салуу. Акаевдик бийлик менчиктештирүүнүн мыйзамдык базасын түзбөдү, мамлекеттик менчиктин чыпчыргасын коротпой сактоону жана аларды толук кубаттуулукта иштетүүнү жөнгө салган жок. Мамлекет бийликтегилерди байытуучу машинага айланды. Мамчиновниктер мыйзамды бузбай туруп эле ири ишканаларды тыйынга сатып алышты.
Бакиевдик бийлик коррупцияны гүлдөтүп, өркүндөттү. Мурда бюджеттин киреше бөлүгүн жеп таштоо коррупциясы эле болгон. Бир миллион сомдук салык чогултулса анын 200 миң сому гана бюджетке чегерилип, калган 800 миң сом мамчиновниктердин чөнтөгүнө түшүп келген. Мындай жөнөкөй коррупциялык технологиялар 90-жылдарда колдонулган.
2000-жылдардан тартып коррупциянын татаал технологиялары колдонула баштады. Коррупциянын экинчи түрү бюджеттин чыгаша бөлүгү менен байланышкан. Мамкызматкерлердин кысмакка алуусунан улам бизнесмендер өлчөмү жогору салыктарды төлөшөт да, көп миллион сом чогултулат. Акчанын баары бюджетке түшүрүлөт. Кийин жолдун, көпүрөнүн курулушуна бюджеттен акча бөлүштүрүлгөндө мамчиновник жакын санаалаш, же капиталында өзүнүн катышы болгон компанияга ошол акчаны жайгаштырат да, андан тиешелүү үстөк пайыздарды алып турат.
3. Мамлекеттик кызмат курал болуп саналат. Акаевдик бийлик 2003-жылы Аксы окуясында, бакиевдик бийлик 2010-жылы 7-апрелде бейкүнөө элдин канын төктү.
Пролетариаттын улуу көсөмү К.Маркс айткандай акаевдик, бакиевдик бийлик «чеги жок жамандыкка» айланды: а) коомдук кызыкчылыкты бийликтин жана конкреттүү чиновниктин кызыкчылыктарына алмаштырды, тактап айтканда жеке бийликке алып келди; б) ал бийлик чыныгы көйгөйлөрдү чечүүгө жөндөмсүз, анда мамлекеттик акыл-эс жок; в) мамчиновниктер турмуш чындыгынан ажырап көктө жүрөт, бюрократиялык иерархиялык тепкичтен өйдө көздөй жылган сайын алардын өзүн өзү билгени, өз каалаганын кылганы күчөй баштайт; г) бюрократия жеке кызыкчылыкты гана көздөйт, карьерага умтулуу, ага жетүү үчүн абийирден, ар-намыстан ажыроо бюрократиянын көндүм жашоосу.
«Бюрократия - бул мите куртка окшогон организм, ал акыл эсти алып жүрүүчү, коомдун кызыкчылыктарын билдирүүчү боло албайт» деген К.Маркстын, Батыштын көрүнүктүү окумуштуулары Л.Мизестин, Р.Мертондун пикирлерине жакырданган, балдарынын каны төгүлгөн кыргыз элинин басымдуу бөлүгү кошулуп турган кез. «Чеги жок жамандыкка айланган» бюрократтарды коомго ак ниети менен кызмат кылган кызматкерге кантип айландырыш керек? Учурдун олуттуу маселесинин бири мына ушул болуп саналат.
XIX-XX кылымдарда «бюрократия» деген сөз колдонулган. Бул грек тилинен которгондо бийлик адамы – жогорку чиновниктер, ал эми француз тилинен которгондо канцеляриянын, бюронун үстөмдүгү деген маанини берет. Азыркы учурда жаманатты болуп калган бул сөздүн ордуна «мамлекеттик кызмат», «мамлекеттик кызматкерлер» деген сөздөр көптөгөн мамлекетте колдонулуп жатат.
Немецтик көрүнүктүү социолог М.Фебер айткандай, мамлекеттик кызмат тирүү организм болуп саналат. Ал кандай гана шарт, кырдаал болбосун кризистерден жыйынтык чыгарууга, саясый күчтөрдүн кагылышууларына кийлигишпей коюуга, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн гана жигердүү иштөөгө жөндөмдүү болгондо жана ак ниет иштегенде гана К.Маркс көрсөткөн митечиликтен мамлекеттик кызмат кутула алат.
Өөрчүп-өнүккөн мамлекеттик кызмат жөнүндөгү Вильсондун идеясынын төркүнү «мамлекеттик кызматкер саясаттан алыс болуш керек» деген формулада жатат. Мамлекеттик кызматтын өзгөрүлгүс, туруктуу, олуттуу белгилери катары ал төмөнкүлөрдү белгилеген: а) мамлекеттик кызматтын ар бир деңгээли укуктук ченемдер менен белгилениши, иши так тартипке салынышы керек; б) мамлекеттик кызматтын түзүмүн уюштуруунун иерархиясы кызматтык субординациянын бекем орнотулган принциптерине негиздениши зарыл; в) иштин ички бардык уюштурулушу (маалыматтарды таркатуу, чечимдерди кабыл алуу, буйруктарды, токтомдорду д.у.с. даярдоо) жазуу жүзүндө документтештирилет жана андан ары сакталат; г) бардык кызмат адамдары кесиптик милдетин аткарууда мыкты адис, ошондой эле эрежелер, ченемдер жаатында иш билги болушу керек.
Вильсондук бул формуласы жогоруда аттары аталган мамлекеттик кызматтардын моделдеринде кеңири колдонулуп жатат. Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик кызматтын ченемдик укуктук актылары, мыйзамдык базасы да түзүлгөн. Жалпы демократиялык баалуулук болуп калган вильсондук формула да аларга киргизилген. Бирок мамлекеттик кызматтын этикасын, жол-жоболорун пайдалануунун маданияты бизде өтө төмөн. Мисалы, мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамда мамлекеттик кызматкердин партияга мүчө боло албастыгы 11-статьянын 7-пунктунда минтип көрсөтүлөт: «Өзүнүн кызматтык ишине байланыштуу кызмат учурунда саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын ишине катышууга, мамлекеттик кызмат иштерин партиянын программалары менен чечимдерине баш ийдирүүгө тыюу салынат».
Тилекке каршы, кызмат учурунда партиялык иштер менен жүгүрүп жүргөн, мамлекеттик кызматтын иштерин партияныкы менен айкаш жасап жаткан мамлекеттик кызматкерлер көп кездешет. Атүгүл мыйзам, устав жол бербегендигине карабастан милиция кызматкерлери саясий митингге да чыгышпадыбы. Мына ушундан көрүнүп тургандай укуктук-ченемдерде белгиленгендер так аткарылбай келе жатат.
Азыркы мезгилде Мамлекеттик кадр кызматы Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик кызматты модернизациялоонун концепциясын иштеп чыкты. Анда башкаруунун парламенттик системасынын шарттарында мамлекеттик кызматты андан ары өнүктүрүүнүн, аны жөнгө салуунун ченемдик укуктук негиздерин өркүндөтүүнүн негизги багыттары аныкталган.
Мамлекеттик чыгымдарды азайтыш үчүн азыркы өкмөттүн үч миңден ашуун чиновникти кыскартышы шумдук нерсени ойлоп тапкандыкка жатпайт. Анткени модернизациялоонун жана мамлекеттик кызматты реформа кылуунун негизги козуткучу мамлекеттик чыгымдарды азайтууга умтулуу, кабыл алынган чечимдердин натыйжалуу иш жүзүнө ашышын камсыз кылуу, мамлекеттик кызматтын кадыр-баркын көтөрүү, өкмөткө болгон жарандардын ишенимин арттыруу болуп саналат. Бул универсалдуу формула. Штат кыскартуунун жыйынтыгында бир миллиард сомдун үнөмдөлө тургандыгы ийгиликтин алгачкы жемиши болуп саналат. Ушул штат кыскартуудан мамлекеттик кызматтын ийкемдүүлүгү, жөндөмдүүлүгү, маселелерди ыкчам чече билүү жөндөмү күчөйбү деген омоктуу суроо кыскартуучуларды алдыда күтүп турат.
Бул суроого татыктуу жооп бериш үчүн өкмөт кызматкерлерди тандап алуу эксперименттерин жасай баштады. Алсак, Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка конкурстук тандоодон Финансы полициясынын мурдагы кызматкерлеринин 60 пайызы өтпөй калган. Сот системасындагы, күч органдарындагы, каржы системасындагы кызматкерлердин өң тааныш аркылуу ишке орношуп алышынан, иштин көзүн жакшы билбегендигинен улам бул тармактардагы реформалар ишке ашпай жатпасын?
Бийликти «чеги жок жамандыкка айландыргандар» кимдер? Канткенде бийлик тазалана, чыныгы элдик боло алат? Азыркы жүргүзүлүп жаткан реформалардын тереңинде ушул маселе жатат.

Рахымбек Байгубатов, журналист, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын кызматкери

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу