Аналитика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
13/06 09:39
 

ЖК төрагасы селден жабыр тарткан Сузак жана Базар-Коргон райондорунун эки айыл өкмөтүнө 100 миң сомдон жардам берди

ЖК төрагасы селден жабыр тарткан Сузак жана Базар-Коргон райондорунун эки айыл өкмөтүнө 100 миң сомдон жардам берди

КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган депутаттар тобу 9-июнь күнү Жалал-Абад облусунун Сузак жана Базар-Коргон райондорунда болуп, селдин кесепетинен жабыр тарткан эл менен жолугушуп, өз фондунан Кара-Дарыя жана Кеңеш айыл өкмөттөрүнүн ар бирине 100 миң сомдон жардам берди.
А.Жээнбековдун иш сапарында аны Жогорку Кеңештин депутаттары Токтогул Туманов, Мирлан Бакиров, Абдулатип Режавалиев, Акуналы Досалиев, КР транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов, КР өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, КР айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Дыйканбай Кенжебаев, Жалал-Абад облусунун губернатору Азизбек Турсунбаев коштоп жүрүштү.
Алгач төрага өз иш сапарында Сузак районунун Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Чаңгыр-Таш, Нефтьпром айылдарындагы 6-8-июнь күндөрү сел алган үйлөрдүн абалы менен таанышып чыкты. Андан кийин Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн табигый кырсыктан тарткан зыяндын ордун толтуруу боюнча штабында 100гө жакын айыл тургундары менен жолугушуу өткөрдү. А. Жээнбеков мурдагы селдин кесепети кандай жоюлуп жатканын көрүш үчүн келишкенин, бирок андан бир күн мурун дагы сел каптап, мурдагы тазаланган көчөлөр, короо-үйлөр ылайга, Кара-Дарыя каналы кайра таш менен кумга толуп калганына күбө болгондугун жашырган жок.
Жолугушууга келген Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, 92 жаштагы Төлөн Базаров аксакал алгач сөз алып, быйыл айыл тургундары селден катуу жабыр тартышканын, Өзбекстан менен чектешкен айылда жашап, айдоо жерлери жок экенин билдирди.
- Кара-Дарыя каналынан Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондору сугат сууну пайдаланышат. Селдин кесепетинен каналга кум, таш толуп, суу берилбей жатат. Суу берилбесе, биздин эгин куурап калат. Ушул маселени чечип берсеңер?
- деди аксакал.
Ал эми 92 жаштагы Абдыкаар Тагаев аксакал Чаңгыр-Таш участкасында сел көп болуп жатканын айтып, ошол жердеги адырлардын жылгаларынан 15-20га жакын колотторунан түшкөн селди тосо турган тосмо куруп берүүнү суранды. Мындан сырткары, 30 жылдан бери негизги жол оңдолбой келе жатканын айтып, 5 чакырым жолду оңдоо планга кирсе да, Транспорт министрлиги аны пландан алып салганына нааразылыгын билдирди. Мамлекеттик ссудадан жардам берүүнү суранып, жыл башында өкмөт тарабынан жер семирткич 17-18 сомдон болот деп убада берип, ал азыр 27-28 сомдон болуп жатканын айтты. Ошондой эле, 312-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобнунун имаратын улам-улам сел каптап жаткандыктан, ал жерде иштеген дарыгерлер башка жакка имарат салып берүүнү да суранышты.
КР өзгөчө кырдаалдар министри К.Боронов берилген суроолорго жооп кылып, селдин кесепетин жоюу багытында аткарылып жаткан иштерге токтолду.
- Сел жүргөндөн бери КР өкмөт башчысы Ө.Бабановдун буйругу менен биз азыр сел алган коркунучтуу жерлерди реестирге киргизип, эсептеп чыктык. Азыркы күндө 404 обьект болду, анын 90 пайызы түштүк жергесинде: Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында. Жалпы суммасы 1 млрд. 488 млн. сомдук акча керек болот экен. Кудай буйруса акча маселеси жакшы болуп кетип, маселе анча-мынча чечиле турган болсо, буга чейин элге жардам берип келгенбиз, дале эл менен кошо жардам беребиз. Сузак эли ынтымактуу эл, ашар жолу менен көп иштерди бүтүрүп жатышат. Биз дагы колдон келген жардамды техника, күйүүчү май аркылуу беребиз. Эгерде акча маселеси чечилип калса, селди тосуучу каналды курууга да жардам берүүгө даярбыз. Үй маселеси боюнча мындай, кечээки селден кийин 22 үй авариялык абалга келиптир. Муну сөзсүз түрдө комиссиянын чечими менен райондун комиссиясы иштейт. Ошонун тизмеси түзүлүп, Госстройго өткөрүлүп берилет. Жакын арада сиздер ошол долбоор үчүн акчаны аласыздар. Берилүүчү ссуданын көлөмү 200 миң сом, бул аздык кылат. Эми бүгүнкү күндө мамлекеттин болгон жардамы ошол, андан башка да маселелер каралып жатат. Азыр айтышка эртерээк кылат. Болуп калса, башка да жардамдар берилет. Баасы боюнча цемент, шифер боюнча айтылып жатат. Бул боюнча кечээ өкмөттүн жыйынында маселе каралды. Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын: Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Нарын облустарында 144 үй селден кыйрап калган. Ошолорго 200 миң сомдон башка да жардам берүү маселеси каралып жатат,- деди К.Боронов.
Ал эми КР транспорт жана коммуникация министри К.Султанов өзүнө тиешелүү болгон суроого жооп берип, мындан ары аткарыла турган иштер боюнча да кыскача токтолуп өттү. Анын айтымында, Кара-Дарыя айылында жол маселеси эң көйгөйлүү маселелердин бири.
- Сузактан баштап 39 чакырым биздин баланста турат. Ошонун 15 чакырымында асфальты бар. Жана айтылган ошол асфальттын 5 чакырымын сактап калалы деп, ШПО киргизилди. Эми калганына бюджеттин тартыштыгынан улам аз-аздан киргизип, жасабасак, республика боюнча 34 миң чакырым бар. Анын баарына жетишпей жатабыз. Сел жүргөндө ӨКМдин жана өзүңүздөрдүн техника менен жолду тазалаганга үлгүрүп жатабыз. Эмки жылы 5 км жолуңарды асфальттап беребиз, - деди К.Султанов.
КР айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Д.Кенжебаев жер семирткичтер боюнча маселенин чечилбей жатканынын себебине токтолду.
- Чындап айтканда, март айында премьер-министр, анын биринчи орун басары кийлигишип, Өзбекстан менен 100 миң тонна азот алуу боюнча сүйлөшүлгөн болчу. Баасы 18 сомдон болгон. Анан бул жерде «Агронет» деген фирма аркылуу алып келүү келишими түзүлгөн. Ошол түзүлгөн келишимдин негизинде акча каражаты марттын аягында которулуп берилген. Акча ошол боюнча жатат. Бирок, тилекке каршы, Өзбекстан тарабынан ошол келишим аткарылбай, бүгүн акча да ошол жерде жатат. Баягы биз айткан нерсени алып келе албай турабыз. Кемчилигибиз бар, муну айтышыбыз керек. Өзүбүздө жер семирткич чыгарган завод жок, ошол арзан нерсени алып келип алалы деген бир үмүт болчу. Бүгүнкү күндө деле биз үмүт менен күтүп турабыз, эгерде уруксат берсе алып келип, селден кийин арзан баада берип калалы деп. Кара-Дарыя каналы боюнча айта турган болсом, 29-апрелде биринчи сел жүргөн. Мына ошондон баштап ушул каналды тазалоо боюнча 5 жолу техника түштү. Азыр эсептеп көрсөк, 1 чакырым 400 метр жерди тазалаш керек. Каналдын башкы жагынын 100 метр жери да бузулуп кеткен. Азыр бул жерде 2 бульдозёр, 1 экскаватор, 1 самосвал, 1 кран иштеп жатат. Кудай буйруса ушундай иштесек, 3-4 күндүн ичинде канал тазаланат. Каналдын Чаңгыр-Таш айылындагы участогу тазаланмайынча, техника кетпейт, - деп жооп берди Д.Кенжебаев.
Жалал-Абад облусунун губернатору А.Турсунбаев өзүнүн сунушун ЖК төрагасына билдирип, райондорго техника алып берсек, калган анча-мынча жумуштарды райондун акими ӨКМ менен биргеликте бүтүрө берсе болот деген оюн айтты.
- Сел алгандан бери төрт жолу келип кеттим. Кечээ эле келип, аксакалдар менен сүйлөштүм. Эми бул Кудайдын буйругу экен. Биринчи кезекте техника жетишпей жатат. Мисалы, бүгүн Кара-Дарыядан Аксыга техника кетсе, ал жакка жеткиче сел алып кетип атат. Быйыл Сузак району марафон өткөрүп, эки техника алып, алар күнү-түнү иштеп аткан кези. Менде бир сунуш бар эле. Өкмөттөн ар бир айыл өкмөткө 2 млн. сомдон насыя катары берип жатат. Сузак районунун 14 айыл өкмөтүнө берилип жаткан 2 млн. сомдук насыяны бөлбөстөн, 30 млн. сомго жакын акчага техника алып берсек, анча-мынча иштерди өздөрү бүтүрө берет. Аны элге 50 миң, 100 миң сомдон бөлүп бергенде, ал элдин баарына жетпейт. Азыр канча зыян болуп жатат? Каналды тим эле коёлу, алдыбыздагы арыктарды чаппайбыз. Көпчүлүк жерде арыктар жок. Арыктарды чаппай, өкмөттү карап тургандан эч нерсе чечилбейт. 1937-жылы деле техника жок эле, кетмен менен Ферганага окшогон кандай чоң каналдар казылган. Ошол себептен, бардыгыңыздар аракет кылып, сабыр кылыңыздар, чечилбеген маселе болбойт, - деп айтты облус губернатору.
Ал эми депутат А.Досалиев сел алган үйлөр менен таанышып чыккандан кийин, курулушчу катары өзүнүн сын пикирин билдирди. Анын айтымында, көпчүлүк үйлөрдүн пайдубалы жок. Жолду болсо кысып отуруп, арыктарды жок кылып коюшкан.
- Ушуну бир өзүңүздөр моюнга алып, азыркы ушул бюджеттин тартыштыгына карабай берилип жаткан акчаны үнөмдөп пайдаланып койсоңуздар. Аким, архитектор ушул жерде жүрүп көзөмөлдөп турса. Цемент, шифер берилет. Эки метрди кыспай, жолуңарга арык чыгарып, фундаментин коркпой 10-15 сантиметр бийик көтөрүп койсоңуздар. Бардыгыбыз ойду бир жерге коюп, каналды жакшы кылып чыгарып ала турган болсок жакшы болот эле. Кайсы көчөдө бобосун, өтүп жаткан арыкты тазалап коюушубуз керек. Илгертен эле арыктарды тазалап келгенбиз. Улам пейлибиз тарып кеткениби, ушуну көңүлгө алып койсок. Кайсы кыйынчылыкты кудай берсе, анын жакшы ыраатын да берет. Биз силердин солдатыңарбыз, кандай суроо-талап болсо, аткарганга даярбыз, - деди А.Досалиев.
Жогорку Кеңештин төрагасы А.Жээнбеков жыйынтыктоочу сөзүндө жамааттын өз аракетинин маанисин баса белгилеп өттү.
- Жамаатта ынтымак, ыйман болсо, жамаатты жакшы адамдар башкарып, жамаат ошол адамдарды ээрчип укса, көп кыйынчылыктарды оңойчулук менен жеңебиз. Жакында бир сел алып кеткен айылда болдук. Жазда арыкты тазалаганы чыккыла десе, бир айылдан эки адам чыгыптыр. Мына 20 жылдан бери өзүңүздөр техника жок деп айтып жатасыздар. Эки жылда эч нерсе кыла албайбыз. ӨКМ да, Транспорт министрлиги да бечара болуп турат. Муну да чечип, ар бир районго кудай буйруса, чоң, заманбап техникадан 2-3төн алып берели деп жатабыз. Бир жактан күтүп отурбай, сел башталдыбы, ошол жерди баса калып тосо турган кылып, кийин тазалай турган кылып чечип берели деп пландаштырып жатабыз. Азыр сүйлөшүп жатабыз, ар бир айыл өкмөткө 4-5 трактордон берилет. Антпесек, маселе чечилбейт. 14-15 жылгадан түшкөн сууну тосо турган дамбаны куруу боюнча долбоор түзүлүп, анан силерге келип жыйынтыгын айтышат, - деп сөзүн жыйынтыктады төрага.
Андан кийинки иш сапарында А.Жээнбеков Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн Кызыл, 1-май, Кызыл-Октябрь айылдарындагы үйлөрүн сел алган тургундар менен жолугушту. Негизинен алар да ссуданын берилишин ыкчамдатууну, курулуш материалдарын арзан баада берүүнү өтүнүштү. Төрага баштаган топ 1-май айылы менен Боз айылын бириктирип турган Шайдан-Ветка каналына жаңы салынып жаткан көпүрөнүн курулушу жана Кызыл-Октябрь айылына курула турган Сеитказы жана Сасык сел каналынын долбоорлору менен таанышып чыгышты.
А.Жээнбеков өзүнүн иш сапарынын жыйынтыгында журналисттер үчүн маек куруп, мындан ары селдин кесепеттерин жоюу боюнча кандай иштер аткарылышы керектигин айтып берди.
- Бардык жерде эле көп маселелер чечилип жатыптыр. Бирок маселе чечилип жаткан жердин өзүндө 7-8-10 жолудан сел болуп, кыйынчылык жаратыптыр. Ал эми чечилбеген маселелерди биз ал жактан жардам берип, чогуу чечебиз. Мына Кызыл-Октябрь айылындагы бир көпүрөнүн кесепетинен 28 жылдан бери элди сел алат экен. Ушул көпүрөнү кайра куруш керек. Болду, ушуну менен маселе чечилет. Бул аралыкта канчалаган миллиондогон акча элге ссуда катары берилди. Бүгүнкү күндө мамлекеттин саясаты - табигат кырсыктарынын алдын алууга багытталышы керек. Келечекте өкмөт менен чогуу «Алдын алуу» программасын иштетебиз. Учурда 100 миллиондогон, миллиарддаган сомдор селдин кесепетин жоюуга, жардам берүүгө, курууга кетип жатат. Биз аны алдын алууга жумшап койсок, эл да тынч, мамлекет да тынч болот, - деди А.Жээнбеков.

Анархан Жаңыбаева, Жалал-Абад шаары

1 из 10

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу