Аналитика

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
12/06 15:47
 

«Stratfor»: Тажикстандагы саясий күчтөр кызыктуу альянстарды түзүп жатышат

«Stratfor»: Тажикстандагы саясий күчтөр кызыктуу альянстарды түзүп жатышат

Президенттик шайлоонун алдында Тажикстанда түзүлгөн жаңы партиялар

Тажикстандагы жаңы саясий кыймылдар 2013-жылы өлкөдө боло турган президенттик шайлоого катышуу үчүн мыйзамдуу каттоодон өтүүгө аракет кылууда. Бул кыймылдардын артынан коопсуздук менен байланышкан жагдайга көз салуу маанилүү. Акыркы жылдары Тажикстанда козголоңчулар менен жоочулар катышкан окуялар болуп өттү жана Афганистандан америкалык аскерлердин чыгып кетиши Тажикстандагы туруктуулукту бузушу ыктымал. Өлкөнүн бир аз жылдар мурунку тарыхын эске алганда, айрыкча азыркы саясий оппозиция менен байланышкан Жаштар партиясы Тажикстандагы саясий жагдайга сезилерлик таасир этиши мүмкүн.

Талдоо
   Тажик президенти Эмомали Рахмон 1992-1997-жылдарда Элдик фронт менен Бириккен тажик оппозициясынын (БТО) ортосунда жарандык согуш болуп жаткан маалда, 1994-жылы бийликке келген. Согуш Гарм менен Тоолуу Бадахшан аймагындагы көтөрүлүштөн улам келип чыккан, себеби Советтер Союзунун кулашынан кийин пайда болгон бийликтеги боштуктан соң кландар мурдагы президент Рахмон Набиевдин өкмөтүнүн курамына кирбей калган. Эмомали Рахмон курамына куляб жана ходжент кландары, ошондой эле Өзбекстан менен Россиянын фракциялары кирген Элдик фронтту жетектеп турган. БТОну Сайид Абдулло Нури башкарчу. Оппозициянын курамына Тажикстандын ислам кайра жаралуу партиясы (ТИКЖП), Өзбекстан ислам кыймылы  (ӨИК), Тажикстандын демократиялык партиясы, ошондой эле гарм менен памир кландары кирген. 
 Элдик фронт согушта жеңишке жетишип, бирок бийликти бөлүшүп, БТОго өкмөттүк түзүмдө 30 пайыз орунду берүүгө макул болгон. Бирок бул келишим толук аткарылбай, оппозициянын арасында нааразылыкты, ал эми Рахмонго жаңы кыйынчылыктарды жараткан. Анын ичинде 1997-жылы Рахмонду өлтүрүү аракетин жана 1998-жылы эки жолу төңкөрүш кылуу далалатын айтсак жетиштүү.

Ошондон бери Рахмон Рашт өрөөнүн кошпогондо, бийликти бүткүл өлкөдө колуна алган. Аталган аймак мурдагы оппозициянын козголоңчуларынын көзөмөлү менен таасири астында турат. Рахмондун өкмөтү козголоңчуларды ислам жоочулары деп эсептейт, бирок аймактагы ислам жоокерчилигинин деңгээли канчалык экендиги белгисиз. Көпчүлүк козголоңчулар  БТОнун мүчөсү болуп эсептелет. Ошондой эле буга чейин БТОнун башкы өнөктөшү, азыркы учурда Тажикстандын башкы оппозициялык партиясы болуп эсептелген жана парламентте эки оруну бар ТИКК болуп келген. 
Тажик саясаты бир топ туруктуу бойдон калган, себеби Рахмон жаңы оппозициялык партияларды каттоодо кыйынчылыктарды пайда кылуу сыяктуу ар түрдүү тактикалардын жардамы менен атаандаштарын басып келди. Ошого карабай өлкөдөгү коопсуздук жагдайы акыркы жылдары анча тынч эмес. 2010-жылы башаламандыктар чыгып, түрмөдөн адамдар качып, 25 аскер өлтүрүлгөн. Мындан улам Рашт өрөөнүндө козголоңчуларды тазалоо иштери жүрүп, мурдагы жоочулар камакка алынып, диний ишмердүүлүккө кысым көрсөтүү башталган.

Жаңы окуялар
Саясий жагдайлар 2013-жылы боло турган президентик шайлоонун алдында эле сезилип жатат. Жаңы саясий кыймылдар түзүлө баштады, алар акыр аягында саясий партияларга айланышы толук мүмкүн. Мындай кыймылдарга «Тажикстандын улуттук кыймылы», «Куралсыз элдик фронт» жана «Жаштар кыймылы» кирет. «Тажикстандын улуттук кыймылы» Тажикстанда, АКШда, Европада, Иранда жана Россияда жашап, иштеп жүргөн тажиктерден турат. «Куралсыз элдик фронт» 1997-жылы шайлоого катышуудан четтетилген «Элдик фронт» партиясын кайра түзүүгө умтулууда.
Азырынча бул кыймылдар Рахмонго олуттуу деле коркунуч келтирбейт. Алар болгону өнүгүүнүн баштапкы баскычында гана турушат, ал эми айрымдары 2006-жылы болгон президентик шайлоонун маалындагыдай Рахмондун өзү түзгөн күчтөр болушу да мүмкүн. Бирок «Жаштар кыймылы» жаштар жана өлкөдөгү диний сегменттер менен байланыштуу экендигин эске алганда, өзгөчө жана абдан маанилүү кыймыл.

Жаштар партиясы жана тажик саясатынын келечеги
  «Жаштар кыймылы» жаштардын саясатка аралашуусун күчөтүш үчүн каттоого турууга арыз берип жаткан кези. Колдо бар маалыматка таянсак, кыймылдын башчысы Иззат Амон 2006-жылы болгон шайлоого бойкот жарыялаган ТИКЖП менен байланышы бар. Бирок ТИКЖПнын «Жаштар кыймылы» аркылуу иштеген активдүүрөөк бөлүгүнүн ролу президенттик шайлоодо сезилиши мүмкүн. Амон ТИКЖПнын башчысы Мухиддин Кабири менен тыгыз байланышта экендиги жана 2004-жылдан 2008-жылга чейин Тажикстандын чегинен тышкары Иран, Пакистан жана Түркия сыяктуу өлкөлөрдөгү ТИКЖПнын жаштар канатын жетектегени айтылат. Амон ошондой эле ТИКЖПнын ишмердүүлүгүн уюштуруучулардын бири жана Россияда «Тажик жаштарынын союзу» аттуу топту каттоодон өткөргөн. Тажикстандын өкмөтү тажик жаштарынын диний багытына тынчсызданганын көрсөтүп, чет элдик диний топтор менен байланышты жана ишмердүүлүктү кысымга алып келет. «Жаштар кыймылынын» мааниси жана анын ТИКЖП менен байланышы айрыкча президенттик шайлоонун алдында режим үчүн олуттуу маселе жаратмакчы. Диний жана саясий оппозициядан улам келип чыккан кыйынчылыктар Афганистандан америкалык аскерлер чыгарылып кеткенден кийин туруксуздукка алып келиши мүмкүн.

«Stratfor», 8-июнь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу