Аналитика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
06/06 17:07
 

«Eurasianet»: Борбор Азия мамлекеттери Пакистандын пайдалуу келишимин тартып кетишти көрүнөт

«Eurasianet»: Борбор Азия мамлекеттери Пакистандын пайдалуу келишимин тартып кетишти көрүнөт

НАТО Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан менен транзиттик келишим түздү

«НАТО Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан менен Борбор Азиянын аймагы аркылуу Афганистанга аскердик жабдууларды жеткирүү жөнүндө келишимге кол койду», - деп кабарлады кечээ НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен.
«Биз ошондой эле Афганистандан кайра жүк алып чыгуу жөнүндө борборазиялык үч шериктеш өлкө болгон Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан менен келишимге жетиштик. Бул келишимдер бизге бир катар жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана бизге зарыл болгон ийкемдүү траспорттук түйүндөрдү камсыз кылмакчы...
Биздин Россия менен кайра артка жүк ташып чыгуу тууралуу келишимибиз бар жана Чикагодо өткөн саммитте Борбор Азия өлкөлөрү менен үч конкреттүү келишимди түзгөнүбүз Россия менен түзүлгөн келишимди ого бетер натыйжалуу кылмакчы», - дейт ал.
Кайра артка жүк ташып чыгуучу каттамдын төлөм акысы тууралуу суроого ал «бир аз сумма бар» деп жооп узатты, бирок майда-чүйдөсүн тактаган жок. «Мен транзиттик келишим тууралуу кеңири айта албайм, бирок бул макулдашууга жетишкен бардык шериктердин кызыкчылыктарын канааттандыра турган келишим түзгөнүбүз айтпаса да түшүнүктүү», - дейт баш катчы.
Ошол эле маалда Расмуссен Пакистан менен каттамды ачуу тууралуу маселе боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын белгиледи. «Мен Пакистан менен сүйлөшүүлөрдүн майда-чүйдөсүнө чейин айтайын деген ниетим жок. Мен жөн гана жакын арада чечим кабыл алынып калат деп үмүттөнүп жатканымды гана кайталап айта алам», - деп баса белгиледи ал.
НАТО менен түзүлгөн аталган келишимдер АКШ түзгөн айрым бир келишимдер менен байланышы жок. Америка НАТОнун мүчөсү экени шексиз жана НАТОнун жаңы келишими АКШдан тышкары анын баардык мүчө-мамлекеттерине тиешелүү болобу же жокпу - бул жагы белгисиз.
  Бул жерде баарынан кызыгы мунун баары Пакистанга кандай таасир эткенинде. «Associated Press» булагындагы макала интрига жараткан талдоону жарыялайт:

«Бул билдирүү болжолу Вашингтон жана анын өнөктөштөрү Түндүк жүк ташуу каттамына караганда алты эсе арзан турган Пакистан аркылуу жүк ташуу каттамын таптакыр эле ачпай коюуга даярданып жатканын көрсөтүп тургандай».

Макалада эч кандай далилдер көрсөтүлгөн эмес, кыязы кабарчы НАТОнун аткаминерлери менен бетме-бет сүйлөшсө керек. Бул теорияны төмөнкү сүйлөм менен тастыктоого болот: «Келишим Пакистанга кысым жасашы жана АКШ менен НАТО Пакистандын аймагы аркылуу жүк ташууга канча акча төлөшү керек деген жерге келип токтоп калган маселе боюнча сүйлөшүүдөгү анын позициясын алсыратышы мүмкүн». 
Кандай болгон күндө да Расмуссен болжоп жаткандай америкалык аткаминерлер алар чыны менен Пакистандын каттамын «кайтарып алууну» каалап жатышканын баса белгилешкен. Алар бул максат саммитке чейин жүзөгө ашат деп күтүшкөн, бирок андай болгон жок. (Бул бир жагынан анча маанилүү эмес сүроону жаратат: Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин саммитке катышпаганы келишимге кандай таасир этти? Чындап эле алар бул суроону саммитте алып чыгууну каалап, бирок борборазиялык мамлекеттердин лидерлеринин жыйынга катышпаганы тууралуу факты көрүнүп калаарын эске ала коюп кайра токтоп калыштыбы?).
Эмнеси болсо да бул макулдашуулар Пакистанга келишимге байланыштуу кысым көрсөтөөрү шексиз.

Джошуа Кучера
«Eurasianet», 4-июнь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу