Аналитика

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
06/06 14:24
 

«Reuters»: Айсулуу Тыныбекова – Кыргызстандагы аялдар күрөшүнүн үмүтү

«Reuters»: Айсулуу Тыныбекова – Кыргызстандагы аялдар күрөшүнүн үмүтү

Эркектердин арасында машыгып жаткан кыргыздын балбан кызы

«Аламүдүн» капчыгайы, Кыргызстан.  Кыргызстанда Айсулуу  Тыныбекова менен күрөш килеминде тең тайлаша турган кыздар жок. Анын спарринг-шериктери (машыгуу үчүн күрөшкөн шерик) кыздан 10 килограмм оорураак салмактагы эркектер. Айсулуу борборазиялык мамлекеттин Лондондо боло турган Олимпиада оюндарындагы үмүтү болуп эсептелет.

Экономика факультетинин 19 жаштагы студенти үчүн жаштар менен баарлашуу кыйын эмес. Айсулуу алыскы тоолуу кыштакта чоңойгон, кичине чагында үй-бүлөсүнүн чарбасына кол кабыш кылчу жана балдар менен баскетбол ойной турган. Бирок анын педиатр, башкача айтканда балдар дарыгери болуп иштеген апасы кыздын күрөш менен машыгуусуна тыюу салган.

«Айылда кыздар эркектер машыккан спорттун түрү менен машыкканын туура эмес кабыл алышат, ошондой эле кыздар машыга турган спорттук мектеп жок. Мен күрөш менен кыздар дагы машыга алаарын 9-класста окуп жатканда гана билдим», - дейт Айсулуу. 
  Тыныбекованын талантын мурдагы спортчу байкаган кезде ал Бишкекте окуган учуру эле. Эми ал кызды 2012-жылдын Олимпиада оюндарына даярдап жатат.

«Университеттин күрөш залында Айсулууну көрөөрүм менен мен анын күчтүү айылдык кыз экенин баамдадым жана күрөш менен алгачкы жылы эле машыкпаганын түшүндүм. Мен андан ийгиликке аябай умтулган, эмгекти сүйгөн жана баамчыл кызды көрдүм», - дейт анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков.

Жумасына эки жолу Айсулуу Бишкектин четинде жайгашкан «Аламүдүн» капчыгайына барат. Деңиз деңгээлинен 1500 метр бийиктикте ал жапайы розалар өскөн 10 чакырым аралыкты чуркап өтөт. Ошондой эле ден соолугун чыңдаш үчүн кымыз ичет. Түшкү тамактан кийин уктайт. Кечки машыгуунун маалында ал Бишкектин чет-жакасынан өзү жалдап алган батиринен эки кадам жерде жайгашкан күрөш залында оордуктарды көтөрүп машыгат. 
  Лондондо ал эркин стилдеги 63 килограммдык категориядагы башка кыздар менен күрөшмөкчү. Бишкекте кыз 74 килограммдык салмактагы эркектер менен күрөшүп машыгып жатат. «Мен эркектер менен күрөшүп машыгам, себеби бул тажрыйба алганга жакшы. Алар күрөштүн ар кандай ыкмаларын билишет жана алар менен машыгуу менин тажрыйбага көмөгүн тийгизет. Кыргызстанда менин салмактык категориям боюнча спарринг-шеригим жок», - дейт ал.

Тыныбекова абдан эле уяң кыз жана кишини тике карагандан качат. Ал 2008-жылы Токиодо өткөн күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионаттын логотиби менен кооздолгон машыгуучу костюмду кийип жүрөт. 
«Мен Лондонго барууну каалабаган киши жок болуш керек деп ойлойм. Бирок биз турист эмеспиз. Биз ал жакка бир эле максат менен - медалга ээ болуш үчүн барабыз», - дейт ал. «Мен бала кезимде эле мени телевизордон көрсөтүшкөнүн каалачумун жана спортчулардын арасында, пьедесталда мойнумда медалым менен турганымды элестетчүмүн».

Машыктыруучунун үмүтү
Тыныбековдордун үй-бүлөсүнөн Айсулуудан башка дагы белгилүү балбандар чыккан. Анын таятасы Акылбек Сулайманов Борбор Азиядагы кармаштын салттуу формасы болгон күрөштүн атактуу балбаны болгон. Күрөштүн эрежеси боюнча балбан курдун же бел боонун жардамы аркылуу өзүнүн атаандашын жыгып, далысын жерге тийгизүүгө аракеттенет.
  Советтер Союзу 1991-жыл кулагандан кийин бир нече жылдан соң Тыныбекованын үй-бүлөсү Кыргызстандагы Нарын областына көчүп барган. Советтер Союзунун маалынан бери дарыгер болуп эмгектенген кыздын атасы мал чарбасы менен алектениш үчүн туулган айылына баарууну туура көргөн.

Өзүнүн маегинде Айсулуу алардын чарбасында жылкы багылаарын дагы айтты. Жайында кыз өзүнүн айылына барып келет жана ал жактан шаардын ызы-чуусунан алыс жүрүп эс алганды жактырат. Жайлоодон кымыз, уйдун сүтүн ичет жана кээде өзү да уй саайт.

Айсулуу Куран үйрөнүп, күн сайын намаз окуйт. Мектепте окуп жүргөн кезинде XIX кылымда жашаган кыргыздын саясий ишмери Курманжан датка жөнүндө окуп таасирленген. Датка Алайдын түштүк аймактарын башкарчу жана бүгүнкү күндө анын сүрөтү өлкөнүн улуттук акчасынын 50 сомдук номиналына түшүрүлгөн. Маалымат үчүн айта кетчү жагдай, 1 АКШ долларынын баасы болжол менен 50 сомго барабар. 

Кыздын да, анын машыктыруучусу Изабековдун да максаты бир. Изабеков Советтер Союзунун учурундагы чемпионатта экинчи орунду алып, Олимпиада оюндарына катышмак жана ал жакка ошол кезде жаңы эркиндикке жетишкен Кыргызстандын атынан бармак. Бирок эгемендикке жаңы жетишкен өлкөдө аны Олимпиада оюндарына жибере турган каражат табылбай койгон. «Мен чемпион болгум келген. Бирок Советтер Союзунун ыдырап кетиши менен кошо менин дагы спорттук карьерам аяктады. Башаламандык өкүм сүрүп, спортту колдогонго каражат табылган жок», - деп түшүндүрдү Изабеков. 

Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкен күндөн бери 21 жыл өткөнүнө карабай борборазиялык мамлекет жакыр өлкө бойдон калып келет. Өлкөнүн экономикасы жалгыз алтын кенинин өндүрүшүнө жана чет элде иштеп жаткан эмгек мигранттары салган акчага таянат. 
  Бирок Изабеков жагдай жакшырганын айтып жатат. Акыркы үч жылда мамлекет спорттук курулуштар үчүн көп каражат бөлгөн. «Азыркы учурда мен машыктыруучу катары Олимпиадада медал ала турган чемпионду даярдоону каалайм», - дейт ал.

Күндөрдүн бирине Кыргызстанда болжолу Тыныбекованын атаандашы пайда болушу да мүмкүн. «Биз дагы үмүт арттырган үч кызды карамагыбызга алдык. Кыргызстанда таланттар бар жана биз алар менен иштешебиз», -  дейт Изабеков.

Ольга Дзюбенко
«Reuters», 5-июнь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу