Аналитика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
24/05 23:20
 

«Asia Times»: Кытай экспансиясынын коркунучу тууралуу маселе Атамбаев менен улутчулдардын ортосундагы тирешүүнү тереңдетти

«Asia Times»: Кытай экспансиясынын коркунучу тууралуу маселе Атамбаев менен улутчулдардын ортосундагы тирешүүнү тереңдетти

Кытайга каршы маанай темир жол долбоорунун курулушун ишке ашырууга коркунуч келтирүүдө

1991-жылы Кыргызстан көз карандысыздыкка жетишкен учурдан тартып Бишкектин Пекин менен болгон мамилеси эч качан жеңил болгон эмес. Инвестиция жана соода боюнча кызматташтык Кыргызстан менен Кытайды тыгызыраак байланыштырып келген. Ошондой болсо да, маданий жана лингивистикалык айырмачылык, негизинен көбүнчө Кытайдын пайдасына чечилген чегара талаштары, ошондой эле Кытайдын экономикалык үстөмдүгү менен миграция кыргыз элинде бул чыгыш өлкөсүнө каршы маанайды күчөтүп келет.
Кытайга каршы ызы-чуу кайрадан башталды жана кыргыз эксперттеринин айтымында, ал эки мамлекеттин ортосундагы жалгыз, маанилүү инфраструктуралык долбоор болгон, Борбор Азиянын радикалдуу геосаясий өзгөрүшүнө жол ача турган «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушуна жолтоо болушу мүмкүн.
Кыргызстан - Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө болгон Борбор Азиянын жалгыз мамлекети - бир нече жылдан бери кытай товарлары үчүн «дарбаза» катары кызмат кылып келет. Мунун баары 800 миңге жакын кыргызды жумуш менен камсыз кылууга жардам берди, ал эми мамлекеттик казына бажы жыйымдарынын, транзиттик салыктын жана башка салыктардын эсебинен толтурулууда. Жаңыдан байып кеткен кыргыздардын басымдуу бөлүгү бүткүл аймакка кытай товарларын кайра экспорттоонун эсебинен байлык топтошкон.
Бирок кытай товарлары менен катар Кыргызстанга он миңдеген кытай соодагерлери келди, ошол эле маалда Кытайдын кайсы гана инвестициялык долбоору болбосун, мейли ал жол курулушу болобу, завод же электр линиясын тартуу боюнча жумуштар болобу - өзү менен кошо миңдеген кытайлыктарды алып келет. Адилет министрлигинин берген маалыматына таянсак, Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө 90 миңге жакын кытай келет.
Мындай агым миңдеген кыргызстандыктар Россия менен Казакстанга кетүүгө аргасыз болгон фактыны эске алганда, миграцияны коркунучтуу маселеге айландырат.
Ар кандай улутчул, псевдопатриот жана башка топтор эки мамлекеттин ортосундагы аябагандай чоң демографиялык жана экономикалык тең салмаксыздык, көлөмү Сириядай же болбосо Вашингтон штатындай болгон кичинекей Кыргызстанды Кытайдын колониясын айландыраары шексиз деп айтышууда.
Кытайга каршы маанай президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын өкмөтүнүн «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» стратегиялык темир жол долбоорун кайрадан жаңылоо боюнча бир аз мурунку аракетин ишке ашырбай коюу коркунучуна кептөөдө, аталган долбоор 1990-жылдардын ортосунда эле иштелип чыккан. Атамбаев бул долбоорду ишке ашырууну өзүнүн президенттик мөөнөтүндөгү башкы милдеттердин бири катары тандап алган.
«Бирок бир четинен алганда Кытайга каршы мындай маанайдын күнөөкөрлөрү дагы Атамбаев жана анын өкмөтү», - деп эсептешет кыргыз баяндамачылары. Алар «бийлик карама-каршы жана бүдөмүк маалымат берүү менен бул маселени начар чечип жатат» деп эсептешет.
Мындай карама-каршылыктардын бири кыргыз өкмөтү темир жол курууга эң аз дегенде алтындын, алюминийдин жана темирдин үч ири кенин айырбаштоого макул болушу мүмкүн экендигинен улам пайда болду. Буга окшогон келишимдин каршылаштары алмашуу обьекти болуп кала турган «Жетим-Тоо» темир кенинин кору 4төн 10 миллиард АКШ долларына чейин бааланышы мүмкүн, ошол эле маалда «темир жол линиясынын курулушуна кеткен чыгым 2 ден 4,5 миллиард долларды гана түзөт» деп ырасташууда.
Атамбаев буга окшогон келишим каралып жаткандыгы тууралуу маалыматты шашылыш четке какты, ал эл алдында мындай пландын бар экендигин айтып койду деп болжогон жогорку даражалуу чиновниктердин бирине сөгүш жарыялады. Кытай аткаминерлери өз кезегинде «бартердик алмашуу варианты дагы эле каралып жатат, себеби Кыргызстандын долбоордун ордуна бере турганга эч нерсеси жок» дешүүдө.
Эми кыргыз өкмөтү эки башка сунушту ойлоп тапты. Биринчиси - концессия, бул кытай компаниясына темир жол линиясын башкарууга жана 12 жыл аралыгында (курулушка кеткен чыгым толук бойдон жабыла турган убакыт) киреше алууга мүмкүндүк берет. Транзиттик жана башка салыктар жыл сайын 250 млн. доллар болот деп күтүлүп жатат.
Экинчи сунуш каржылоодо биргелешкен ишкана түзүү жагын карайт. Бул ишкананын курамына эки мамлекеттин мамлекеттик жана жеке менчик компаниялары кирет. Кытайдын өкмөтү азырынча бул сунуштарды караштырууда.
Кыргызстандын үчүнчү президенти Атамбаев ага чейинки мамлекет башчылары Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин темир жол долбоору боюнча ийгиликсиз аракетинен кийин келишимге жетишүүгө аракет кылууда. Айрым жылыштар ачык эле көрүнгөнсүп калды: кытайлыктар Акаевден концессияны 99 жылга берүүнү сурашкан, ал эми андан кийинки президент Бакиев кытайлыктардын 49 жылга концессия берүү тууралуу сунушун четке каккан.
Бирок бул Кытайга каршы үгүтөөнүн артында андан да чоң нерсе катылып жатышы мүмкүн. Балким айрым топтор бүтүндөй Борбор Азия аймагына, анын ичинде Кыргызстанга таасир этүүгө умтулган АКШ, Кытай, Россиянын ортосундагы геосаясий атаандаштык болгон «чоң оюндун» алкагында тышкы державалардын көрсөтмөсүн аткарып жатышы мүмкүн.
Айрым талдоочулар, темир жол линиясы Кытайдын аймактагы таасирин күчөтөт деп болжоп жатышат. Алар «же Россия, же АКШ улутчулдардын Кытайга каршы маанайын күчөтүү менен долбоорду ишке ашырбай коюуга умтулуп жатышы мүмкүн» деп ырасташат.
Россияга келе турган болсок, «Кытай - Борбор Азия» темир жолу анын аймактагы таасирин бир топ азайтат, ошондой эле Чыгыш Азия менен Батыш Европаны бириктирген трансконтиненталдык темир жол линиясынын борборунда туруу планына тоскоол болмокчу.
Ал эми АКШга келе турган болсок, алар «кытай темир жолу Американын кытайлыктарды деңизге чыгарбоо аракетин жок кылыш үчүн Пекиндин стратегиялык күч-аракетиндеги алгачкы жүрүш болуп калышы мүмкүн» деп тынчсызданууда.
Анан калса, «Кытай - Борбор Азия” темир жолу Иран темир жолу менен биригет жана Иран аркылуу Перс булуңунун башка мамлекеттерине чыга алат. Бул «Америка көзөмөлдөп жаткан» Ирандын жана башка перс мамлекеттеринин мунай импорту үчүн деңиз каттамдарына Кытайдын көз карандылыгын азайтып, ошондой эле өзүнүн товарларын жаңы базарга алып кирүүгө мүмкүндүк түзөт.
Эгерде Кытайга карата бул футуристтик талдоолордун баары негиздүү болсо, анда Кыргызстандагы Кытайга каршы азыркы маанай жөн гана өлкө ичиндеги өкмөт менен ар түрдүү оппозициялык топтордун ортосундагы талаш болбостон, чоңураак нерсе экендигин билгизет.
Ошол арада кыргыз бийлиги темир жолдун курулушу эки мамлекетке тең пайда алып келет деп ырастап жатат. Ошентсе да темир жолдун Кытайга бере турган стратегиялык пайдасы көбүрөөк болмокчу.
Кытай менен келишимге жетишүүдөгү жигердүү аракеттер жана Атамбаевдин эл алдындагы билдирүүсү «Кытай акыр аягы анын өкмөтүнүн шартын кабыл ала турганына, эң эле аз дегенде өзүнөн мурдагы эки президентке караганда, эң жакшы шарттар тууралуу сүйлөшө алаарына ал ишенет экен» деген ойго түртөт.
Бардык коркунучтар менен ушактарды четке кагууга аракет кылган Атамбаев: «Кытайдан коркуу, эл арасына Кытайдын басып кириши тууралуу коркунучтар менен керексиз, негизделбеген айың кептерди таратуу жана андан бекинип калуу туура эмес. Себеби Кыргызстанга транспорттук изоляциядан чыгуу жана дүйнөлүк базарларга кирүүгө мүмкүндүк алуу үчүн темир жол керек», - деп айтты. Ал ким темир жолдун курулушуна каршы чыкса жана тескери кептерди таратып жатса «Кыргызстандын өнүгүшүнүн душмандары» деп атады.
Өзүнүн шекчил жана ишенбеген мекендештерин ынандырыш үчүн Атамбаев Кытай менен ага чейинки президенттерге сунушталгандан дагы артык келишим түзүшү керек, ошондой эле абдан маанилүү долбоорго каршы үгүт согушунда жеңишке ээ болуш үчүн көп күч жумшашы зарыл.

Фозил Машраб
«Asia Times», 17-май, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу