Аналитика

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
22/05 21:59
 

«Telegraph»: Тасмалар Борбор Азияга каршы маалыматтык согуштун куралы

«Telegraph»: Тасмалар Борбор Азияга каршы маалыматтык согуштун куралы

Тажикстан өз кинотеатрларында «Диктатор» тасмасын көрсөтүүдөн баш тартты

Мурдагы Советтер Союзунун мамлекети болгон Тажикстан британ куудулу Саша Барон Коэндин «Диктатор» аттуу жаңы фильмин көрсөтүүдөн баш тартты.
«Диктатор» деген аталыштагы жаңы тасмада өз өмүрүн тобокелге салып, демократиянын белгилерин басууга аракет кылган, ойдон чыгарылган Жакынкы Чыгыштын диктатору жөнүндө баяндалат. Көрүнүп тургандай, ал борборазиялык мамлекеттердин реалдуу чындыгын чагылдырат.
  Тажикстандын бийлиги фильмди көрсөтүүгө расмий тыюу салганына карабай, «Тажикфильм» прокаттык кинокомпаниясынын башчысы AFP агенттигине «тасманы көрсөтүш үчүн бош орун жок» деп билдирди. «Бизде аны көрсөтүш үчүн жөн гана бош орун жок. Биздин бардык тасмаларды көрсөтүүгө мүмкүндүгүбүз жок»» деп айтты атын атоодон баш тарткан жетекчи.

Эл аралык укук коргоо топтору Тажикстанды демократияны басынткандыгы үчүн сынга алып жатышат. Алар «акыркы бир нече жылда тажик бийлиги ислам козголоңчуларына шылтап, элдин эркиндигин тебелеп жатат» деп тастыкташууда. Эмомали Рахмон Тажикстанды жарандык согуш аяктаган 1990-жылдын ортосунан бери башкарып келет.

«Диктатор» тасмасын көрсөтүү ушул аптанын башында башталды жана Борбор Азияда бейшембиде старт алды. Түркмөнстан дагы тасманы көрсөтүүдөн баш тартты, себеби өлкө бийлиги кайсы гана Батыштын фильми болбосун экранга чыгарууга каршы. 
  Буга чейин жарык көргөн, дал ушул Барон Коэн тартылган, ойдон чыгарылган казак журналисти тууралуу «Борат» аттуу тасма Борбор Азияны катуу ызы-чууга салган. 2006-жылы тартылган Бораттын АКШдагы саякаты тууралуу тасма казак өкмөтүнүн кыжырын кайнатып, ал бул тасманы «өлкөнү шылдыңдоочу тасма» деп жарыялаган. Кийинчерээк Казакстан тасманы көрсөтүүгө тыюу салган.

Буга чейин быйыл Кувейтте өткөн ок атуу боюнча мелдеште сыйлык тапшыруу маалында Казакстандын улуттук гимнинин ордуна «Борат» фильминдеги гимн ойнотулган. Тасмадагы гимн казак сойкуларынын «урматына» жаңырган болчу.

Джеймс Килнер
«Telegraph», 21-май, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу