Аналитика

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
13/05 08:49
 

«Синьхуа»: Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда кошуналык мамилелер жакшы өнүгүүдө

«Синьхуа»: Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда кошуналык мамилелер жакшы өнүгүүдө

Кытай менен Кыргызстандын тышкы иштер министрлери өз ара кызматташтыкты кеңейтүү жана бекемдөө тууралуу сүйлөштү

Бейшемби күнү Кытайдын тышкы иштер министри (ТИМ) Ян Цзечи «Кытай Кыргызстан менен саясий өз ара ишенимди тереңдетүүгө, иш сапарларды жогорку деңгээлде жүргүзүү механизмдерин күчөтүүгө, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр», - деп билдирди.
 Кытайдын ТИМинин пресс-релизинде Яндын бул билдирүүсү Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушуусунун учурунда айтылганы белгиленет. Р. Казакбаев Шанхай Кызматташтык Уюмунун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына катышканы Кытайга келген.

Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдан баштап түзүлгөн. Акыркы жылдары Кытай менен Кыргызстандын мамилелери динамикалуу өнүгүп жатат жана жемиштүү жыйынтыктарын берүүдө. Ян Цзечи эки мамлекет тең аларга мураска калган чегара боюнча маселелерин чечкенин жана жакшы коңшу болуу, достук жана кызматташтык тууралуу келишимге кол койгонун белгиледи. 
 Ян Цзечи Кытай менен Кыргызстан «жамандыктын үчүнчү күчтөрү» болгон-терроризм, сепаратизим жана экстремизм менен күрөштө кызматташып жатканын, ошондой эле экономика, соода, электр энергия, транспорт жана башка тармактарда ири масштабдуу долбоорлор боюнча кызматташып жатканын билдирди.

«Кытай менен Кыргызстан чыныгы жана жакшы коңшулардан, достордон жана шериктерден болуп калышты», - деп айтты тышкы иштер министри, Кытай мындан ары да эки мамлекеттин ортосундагы эки тараптуу жакшы коңшулук, достук жана кызматташтык мамилелерди өнүктүрүүгө даяр экендигин белгилеп.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Казакбаев өз кезегинде Кытай Кыргызстанга баалуу саясий жана экономикалык колдоо көрсөткөнүн жана өлкөдө 2010-жылы болгон ири саясий окуялардын учурунда чын ниетинен гуманитардык жардам сунуштаганын билдирди. Пресс-релизде ошондой эле кыргыз тарап Кытайга терең ыраазычылык билдиргени айтылат. 
Казакбаев Кыргызстан Кытай менен салттуу болуп калган достукту баалаарын айтты. Ал ошондой эле Кыргызстан Кытай менен эки тараптуу жана көп тараптуу форматтын алкагында кызматташууну тереңдетүүгө даяр экендигин билдирди. Тараптар ошондой эле өз ара кызыкчылыкты жараткан эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашты.

«Синьхуа», 11-май, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу