Аналитика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
25/04 19:49
 

«Washington Times»: Кыргызстандагы коррупция менен күрөшүүнүн өзгөчө ыкмалары

«Washington Times»: Кыргызстандагы коррупция менен күрөшүүнүн өзгөчө ыкмалары

Коррупция менен күрөш күчөгөнүн көрсөтүш үчүн Кыргызстандын бийлиги телевидение аркылуу квалификациялуу сынак өткөрдү

Бишкек, Кыргызстан. Дүйнөдөгү эң коррупциялашкан өлкөлөрдүн бири катары кабыл алынган Кыргызстан өзүнүн пара алуу маданиятын жок кылуу боюнча күч- аракетин жумшап жатканын көрсөтүш үчүн бул багытта өзгөчө иш-чараларды жүзөгө ашырууда.
Бул айдын башында жаңы мамлекеттик экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматына иштөөнү каалагандарга түз теле эфирден Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча сынак тапшырууга туура келди. Жаңы мамлекеттик агенттик Кыргызстандын өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов анын кызматкерлерин «коррупциялашкан» деп атагандан кийин жоюлган Каржы полициясын алмаштырды.
 Жаңы мекемеге кызматкерлерди тандап алуу боюнча мындай ыкма кызыктуу көңүл ачууга деле арналбаса керек. Айрым баяндамачылардын пикиринде, өкмөттүн жаңы киргизген саамалыгы кызматкерлерди калыс тандап алууга багытталган жана коррупция менен тууганчылыкка каршы күрөш жүргүзүү боюнча өкмөттүк иш-чаралардын алкагында ишке ашкан: Кыргызстан «Transparency International» эл аралык уюмунун көрсөткүчү боюнча 178 өлкөнүн ичинен 164-орунду коррупция боюнча ээлеген.

«Тандоо процессинде адам фактору эң төмөнкү деңгээлге жетти, себеби бардык тесттер электрондук форматта өттү, ал эми тесттин соңунда компьютерлер автоматтык түрдө жыйынтыкты көрсөтөт», - дейт Каржы полициясынын мурдагы кызматкери Дилбар Сабитова. 
 Февралда жүргүзүлгөн коомдук сурамжылоодон кийин Кыргызстандын жарандары коррупцияны жумушсуздуктан кийинки эң башкы маселе деп белгилээри айкын болду.

Кыргызстандын парламентинин вице-спикери Асия Сасыкбаева коррупция мурдагы өкмөт башчылары «мураска калтырып» кеткен олуттуу маселе экенин белгиледи. «Мурдагы өкмөт менен криминалдык түзүмдөрдүн өз ара симбиозунан куралган режимдерден калган өкмөттүн коррупциялык системасын жоюш үчүн азыр колдон келген баардык аракеттер жасалып жатат», - дейт Сасыкбаева. 
Башында президент Алмазбек Атамбаев турган жаңы өкмөт былтыр декабрда Убактылуу Өкмөттүн ордуна бийликке келген. Президент Курманбек Бакиевди бийликтен кулаткандан кийин башында Роза Отунбаева турган Убактылуу Өкмөт 18 ай иштеген.
Атамбаев коррупция менен күрөш анын башкы приоритеттеринин бири экенин билдирди жана «Facebook» менен «Twitter»ге коррупцияга каршы жаңы агенттиктинин расмий баракчасы ачылган, ага коомчулук өз арыздарын калтыра алат, ошондой эле сутка бою иштей турган «кызуу линия» түзүлдү. Агенттик «учурда Кыргызстандын жарандарынан 300 арыз кабыл алынды жана ага жооп катары 75 кылмыш иши козголду» деп ырастайт.
 Ошол эле учурда өкмөттүн демилгеси ушунчалык кеңири айтылып жатканына карабай, Коррупцияга каршы ишкер кеңештин башчысы Нурипа Муканова жаңы өкмөт реалдуу өзгөрүштөрдү жасай аларына ишенкиребей турат. «Мааниси жагынан жаңы өкмөт жаңы деле эмес. Бийликтен четтетилген элитанын ордуна негизинен мурдагы эски оппозициялык элита келген. Жана дал ошондуктан өкмөттө кеңири жайылган коррупция жоюлушу мүмкүн дегенге ишениш мен үчүн кыйын», - дейт ал.

Муканова тууганчылык деген маселени чечүү боюнча ушул кезге чейин маанилүү бир дагы чечим кабыл алына электигин айтат. «Бүгүнкү күндө коррупция боюнча негизги маселе - мамлекеттик кадр саясатындагы жек-жаатчылыкта, анткени өкмөттөгү аткаминерлер мамлекеттик кызматка өз жакындарын, досторун же тарапташтарын дайындашат. Бул ушунчалык терең жайылып кеткендиктен коррупция менен күрөш үчүн кардиналдуу реформалар зарыл», - дейт Муканова.

Бакиев жана 2005-жылы бийликтен кулатылган андан мурунку президент Аскар Акаев өздөрүнүн үй-бүлө мүчөлөрүн негизги мамлекеттик орундарга дайындап келишкен.

Дагы башкалар «тууганчылык паракордукка караганда бери жактагы эле маселе» деп эсептешет. «Кайсы бир мамлекеттик кызматты ээлеш үчүн адатта кимдир-бирөөгө акча бериш керек», - деп тастыктайт Кыргызстандын коррупциясы жөнүндөгү өз баяндамасында Джон Хопкинс университетинин «Жибек жолу» программасы боюнча Борбор Азия жана Кавказ институтунун изилдөөчүсү, лектор Йохан Энгвалл. «Кызматка жана наамга өзүнүн билими, жетишкендиги, кесиптик кадыр-баркы жана саясий чеберчилиги менен жетүүнүн ордуна алар аны сатып алышат».

Бишкекте такси айдаган Токтосун Төрөев аттуу айдоочу Энгваллдын пикирине макул. «Тилекке каршы, анын айтканы чын. Бүгүнкү күндө эгерде сиздин колуңузда акча болсо досторду жана өкмөттөгү орундарды да сатып алсаңыз болот. Бул эч кимге жашыруун эмес, муну баары билет, бирок эч кимди, айрыкча өкмөттү бул суроо кызыктырбайт», - дейт Төрөев.

Т. Умаралиев
«Washington Times», 24-апрель, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу