Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
22/04 18:34
 

«Eurasianet»: Кыргызстан үчүн быйылкы жут чоң сыноо болуп калды

«Eurasianet»: Кыргызстан үчүн быйылкы жут чоң сыноо болуп калды

Катаал кыштан улам Кыргызстанда мал көп кырылды

Кыргызстандын түштүк-батышында жайгашкан Дароот-Коргон айлынын жашоочулары акыры таман алдынан кара жер көргөнүнө сүйүнүштү. Алардын көкөйүнөн кеткис болгон катаал кыштан кийин көпчүлүк малчылар өз малын сактап калуу деген маселеге туш келишти.
Шаардыктар үчүн жөн гана адаттагыдан суук сезилген бул кыш Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарындагы мал ээлерине кадимкидей кырсык болду. Расмий маалыматтарга таянсак, Чоң-Алай районунда ушул кышта 7500дөн ашык мал кырылса, айрым маалыматтарга караганда, бүтүндөй Кыргызстан боюнча 25 миңден ашык мал кырылган. Быйыл суук эрте түшкөнүнө байланыштуу малчылардын малга берчү тоюту тез эле түгөнүп , ал эми катуу жааган кардан улам өлкөнүн аймактарына тоют жеткирүү кыйынчылыгы байкалды. Жергиликтүү тургундар үчүн малды сатып алуу жана сатуу негизги иш болгон Кыргызстандын Чоң-Алай сыяктуу райондорунда малдын өлүмү мурда болуп көрбөгөндөй масштабга жетти.
Кыргызстандын түштүк борбору Оштон болжол менен төрт сааттык жол жүрүп жете турган Дароот-Коргон айылынын жашоочусу: «Биз мындай кышты көргөн эмеспиз. Кээ бир кишилер кыш катуу болду деп жатышат. Жана акыркы жолу буга окшогон кыш 1968-жылы болуптур», - дейт. Ал ошондой эле райондо болгон катуу кыштан 717 уй, 281 топоз, 328 ат, 6202 кой кырылганын кошумчалады.
Албетте, Памир чокуларынын этегинде жайгашкан жана Тажикстан менен чектешкен бийик тоолуу Алай районунун тургундары үчүн кыш чоочун эмес. Жылуу айларда жергиликтүү тургундар ал тургай эң төмөн жайгашкан жайыттарды да кар басып кала турган кыш мезгилине карата тоют жана чөп камдоого аракет кылышат. Көп учурда айыл тургундары эки же үч ай гана катуу кыш болот деп күтүшөт. Жергиликтүү ветеринардын айтымында, быйыл баары башкача болгон. Кыш октябрда башталып апрелге чейин уланган.
Эл күткөндөй болбой, быйыл эрте жааган кардан улам мезгилдүү жайыттар бир ай мурда кар алдында калган. Кар ошондой эле кыштактарды бири-бири менен жана тышкы дүйнө менен байланыштырган жолдорду тосуп калган. «Адегенде кардын бийиктиги бир метрге жеткен. Анан эки метрге чейин көбөйдү. Кыш алты айга созулду. Жолдо жүрүүгө кыйын болду», - дейт ветеринар. Өлкөнүн көп бөлүгүнө жааган кар жылдык орточо көрсөткүчтөн төрт эсе көп болгон. Айыл жашоочулары: «Калың жааган кардан улам жер тоңуп, малдын өлүктөрүн сууларга ыргытууга же ээн жерлерге калтырууга туура келди», - деп айтышты.
«Биз жыл бою мал сатып, азык-түлүк алабыз. Быйыл тамак-аш алыш үчүн акчаны кайдан алаарыбызды билбейбиз», - дейт 7134-метрлик Ленин чокусунун этегинде жайгашкан Ачы-Суу кыштагынын жашоочусу Шахзада Алымкулова. Ачы-Суу кыштагынын айрым бөлүктөрүндө дагы эле мурдагыдай үч метрлик кар жатат. «Биз мал үчүн тоют таба албадык жана малдын баары жуттан кырылды», - дейт ал. Марттын аягында, апрелдин башында Бишкек ишке киришти. «Өлкө жетекчилиги тоютту жергиликтүү базарга жеткирүүгө жардамдашты», - дейт Чоң-Алай районунун акими Азиз Аширалиев. Ал ошондой эле өкмөт тоют сатып алыш үчүн үч миллион сомго жакын акча бөлгөнүн айтты. Бирок айрым малчыларга жардам өтөт эле кеч жетти.
Чоң-Алай районунун жашоочуларына өкмөт эмне кылганы жана аткаминерлер дагы эмне кылышы керек - бул башка маселе. Бирок бир нерсе ачык көрүнүп турат: марттын башында малдын тоюту абдан тез кымбаттады. «7-марттан 29-мартка чейин бир түк чөп 700 сомдон 800 сомго чейин болду. Ал эми февралда ушул эле чөптү 165 же 195 сомдон сатып алууга болоор эле», - дейт Аширалиев. Кадимки кыш болгон убакта Чоң-Алай районунун айыл жашоочулары кышка камдап койгон чөбүн өлкөнүн башка аймактарына сатышчу. Ал: «Биз жооп күтүп жатабыз», - деп кошмчалады. Парламенттин бир депутаты бир күндүк эмгек акыны жабыр таркан малчылардын пайдасына которууну сунуш кылды.
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эл аралык коомчулуктан мамлекеттик мекемеге жардам катары 2,62 миллион АКШ долларын бөлүп берүүнү сурады. Ал сураган сумманын жарымынан ашыгы күйүүчү май алууга жана өлкөнүн негизги транспорт күрөө тамыры болгон жолдорду бойлото кар көчкү жүрүүчү аймактарды кардан тазалоо менен дарыялардын жээктерин бекемдөөгө, курулуш материалдарын сатып алууга багытталмакчы. Быйыл мамлекет тарабынан бөлүнгөн май жана жээктерди бекемдөөчү материалдар менен башка атайын каражаттар Өзгөчө кырдаалар министрлиги тарабынан коротулгандыктан, жакынкы айларда күтүлүп жаткан өзгөчө кырдаалдарды жоюш үчүн резервде эч нерсе калган эмес. Кыштын узактыгы менен катаалдыгын болжоп болбогондуктан, жашоочулар келечекте алар алдын-алуучу зарыл иштерди жасашы керек экенин түшүнүп жатышат. «Быйыл эл эмне болуп кетиши мүмкүн экендигин өз көзү менен көрдү жана ошондуктан келечекте алар буга окшогон кышка даярдык көрүшү керек», - деп айтты райондун акими Аширалиев. Ал ошондой эле малдын көп кырылышына катаал кыш гана себеп болбогонун кошумчалады. «Өткөн жайда күн ысык тийип, суу тартыш болгон. Эл жетишерлик тоют камдай албай калган», - дейт Аширалиев.
Жашоочулар быйыл жайда аба ырайы жакшы болот деп үмүттөнүп жатышат. Бирок ал тургай аба ырайы жакшы болуп берген күндө да, айрым малчылар туңгуюк маселелерди чечиши керек. «Быйыл көбүрөөк тоют өсүмдүктөрүн айдаган атабыз», - деп айтты дарооткоргондук малчы. Бирок муну аткарыш кыйын. «Кээ бир адамдар өздөрүнүн үрөнүн малга берип салышкан».

Майкл Иго
«Eurasianet», 17-апрель, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу