Аналитика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
18/04 13:50
 

«Eurasianet»: Өзбекстанда айлык акынын ордуна жөжө таратып жатышат

«Eurasianet»: Өзбекстанда айлык акынын ордуна жөжө таратып жатышат

Өзбекстан бирөөнө байлык убада кылып, дагы башкаларына жөжө таратып жатат

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов расмий катталган салык көрсөткүчтөрүн түзүүгө жана бюрократияны азайтууга убада берүү менен Ташкентке ири инвесторлорду тартып келүүгө ниеттенүүдө. Бирок ал борбордун укмуштай пландарына өзүнүн акыркы алымча-кошумчаларын киргизгичекти, айыл аймактарынын администрациясы жакыр экономикалык абалдан мукурап, мурда болуп көрбөгөндөй иш-чараларды баштан кечирүүгө аргасыз болуп жатышат.
10-апрелде Каримов чет элдик компанияларга он жылдык инвестиция алып келе турган болсо 5 млн. доллар өлчөмүндө такталган салык төлөөгө уруксат берүүчү жарлыккка кол койду. Бул жарлыкка ылайык, мындай компанияларда күтүүсүз мыйзамдык процесстерге карата «иммунитет» пайда болмокчу. Президенттин жарлыгы жергиликтүү саясатчылар менен полицияга буга чейин инвесторлорду коркутуп келген бюрократиялык бөгөттөрдү азайтуу зарылдыгын дагы эскертет.
Болжолу бул иш-чаралар чет элдик компаниялардын өзбек өнөктөштөрүнүн кыянаттыгы деп болжонуп жаткан бир катар чыр-чатактардан кийинки Өзбекстандын имиджин оңдошу мүмкүн. Чыр-чатактар кээ бир ири инвесторлорду көз ачып жумганча өкмөткө «арзанга сатылып кеткен» өз активдерин чыгарып кетүүгө аргасыз кылган. «Пландын негизги максаты болгон чет элдик компанияларды тартуу жергиликтүү шарттарды туруктуураак кылууга негизделген болушу керек», деген пикирин билдирет «Associated Press».
Бир аз мурда Ташкент ири «Hyatt International» компаниясын өзүнө тарткан. Ал борбор калаага 71 миллион АКШ долларын бөлүүгө убада кылган Ташкенттин муниципалитети менен 41 миллион доллар берүүгө белсенип жаткан Өзбекстандын Реконструкция жана өнүгүү фонду тарабынан биргелешкен долбоордун алкагында курула турган беш жылдыздуу мейманканага өзүнүн атын «карызга берип» турмакчы. 249 бөлмөсү бар мейманкана туристтерди бул унутулуп калган борборазиялык баш калаага тартып келүүгө багытталган өкмөттүк пландын бөлүгү болуп саналат. (Бул пландын алкагында өлкө жетекчилиги жалпыга маалым болгон виза маселесин чечеби - бул жагы азырынча белгисиз).
Ташкент эбегейсиз өсүш камсыз кылуу менен дүйнөлүк экономикалык кризисти токтото алдык деп мактанып келет. Расмий статистика «экономикалык өсүш 2010-жылы 8% жетти» деп билдирет (бирок ушул жылы эле инфляциянын деңгээли 12 пайызга чейин өскөн болчу). Ошентсе да кээ бир маалыматтар өкмөттүн өрөпкүгөн көрсөткүчтөрүнө карама-каршы келүүдө.
10-апрелде «Азаттык» радиосу Өзбекстандын батыш аймагы болгон Бухарада дарыгерлер менен мугалимдер айлык акынын ордуна мамлекеттик тармактагы жумушчу үчүн ондон эсептелген серб жөжөлөрүн алып жатышканын маалымдады. Өкмөт «план ыктыярдуу жана жумуртка менен тоок өндүрүшүн арбытууга жардам берет» деп билдирип жатканына карабай, бул жөжөлөр таңууланып эле берилип жатканын айрым жергиликтүү тургундар «Азаттык» радиосунун кабарчыларына айтышкан. Аймактардагы бюджетчилердин орточо айлык акысы болжол менен айына 100 долларды түзөт.
Акыркы айларда басма сөздө кандай гана парадоксалдуу болбосун, газы көп деп эсептелген өлкөдө анын жетишсиздиги тууралуу көп айтылып жатат. Айрым кыштактарда газды өчүрүп салышкан, себеби өкмөт көгүлтүр отунду туруктуу валютага экспорттоодо. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ырастагандай, газды токтотууга анын акысы төлөнбөгөнү себеп болууда. Кээде алар 1 трлн. кубометрден ашык газы бар өлкөдө «кен түгөнүп баратат» деген шылтоону да айтышууда.
Эмнеси болсо да Каримов азырынча чет элдик ишкерлерге байлык убада кылып жатканына карабай, өз эли боюнча буга окшогон планы жок көрүнөт.

Эшли Клик
«Eurasianet», 11-апрель, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу