Аналитика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
27/03 11:58
 

Жоогазын гүлдөсө, митингдер күчөйбү?

Жоогазын гүлдөсө, митингдер күчөйбү?

Нооруз майрамын утурлай мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев жазды кооптонуп, митинг менен эмес, жакшы үмүт-тилек менен тосолу деген жакшы оюн айтты. Албетте, Кыргызстанда көктөм менен кошо митингдер күчөгөнү көндүм адатка айланган сыяктуу болуп калды. Жаз айларындагы бир эмес, эки жолку бийлик алмашуу буга таасын далил болуп турат. Быйыл да оппозициялык күч жаз алды менен митинг уюштурабыз деп жар салып турган кези. Ал ортодо Жогорку Кеңеште «Тынч чогулуштар жөнүндө» мыйзам долбоору кабыргасынан коюлуп, катуу талаш жаратууда.

Митинг эмне экенин Кыргызстанда аксакалдардан тартып, бешиктен бели чыга элек балдарга чейин беш колдой билишет. Айрымдар Кыргызстанды митингдердин өлкөсү деп атап жибергени да бар. Албетте, демократиялык коомдо митингдердин болушу кадыресе көрүнүш. Бирок бизде ал өзгөчө мүнөзгө ээ болуп кеткендей. Ал күч көрсөтүү, кыйкырык-сүрөөн, талап-тоноо менен коштолууда. Бирок, ар бир митингге өзүнчө баа берип, сындаш керек. Алсак, 2005-жылдын 24-мартында жана 2010-жылдагы апрель окуясында эл чындап бийликке нааразы болгону жашыруун эмес. Кеп учугун «Тынч чогулуштар жөнүндө» мыйзам долбооруна бурсак. Анткени дал ушул мыйзам менен митингдерди жөндөп, тартипке келтирип, тынч чогулуш өткөрүүнүн маданиятын калыптандыруу аракети көрүлүүдө.

Алгач жарандардын укуктары тууралуу сөз кылсак. Конституциянын 34-беренесинде ар бир адам тынч чогулуш өткөрүү эркиндигине укуктуу экени каралган. Бирок муну менен катар митинг өткөрүүдө башка жарандардын укуктары тебеленип жатканы көп айтылат. «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Курмантай Абдиев «нааразылык акциясына чыккандар башка атуулдардын укуктары тууралуу ойлонуп да коюшпайт. Митингге чыккандар башка адамдардын эс алуусуна тоскоолдук кылып, жол кыймылынын кыйындашына алып келген учурлар бар» дейт. Анын айтымында, нааразы болгондор бир көчөнү жаап салса, жолдо жүрүүгө мүмкүн болбойт калат. Ушундан улам митингди өткөрө турган жер так көрсөтүлүп, жергиликтүү бийлик органдары ал тууралуу кабардар болушу керек. Бирок мындай ойга каршы чыккандар да бар. Алсак, «ата мекенчи» депутат Эркинбек Алымбеков мындай чектөө менен жарандардын конституциялык укуктары бузула тургандыгын белгилеп, ар бир жаран митингге чыгууга укуктуу экенин айтууда. «Тынч чогулуштар жөнүндө» мыйзам долбооруна ылайык, митингдерге катышуучулардын иш-аракеттеринин тартиби каралган. Коопсуздукту камсыздоо максатында тынч чогулуштарды электр станцияларынын, темир жолдордун, жогорку чыңалуудагы линиялардын, ооруканалардын, балдар бакчаларынын, мектептердин жанында өткөрүүгө болбой тургандыгы көрсөтүлгөн.

Кыргызстанда бир жылда канча нааразычылык акциялары өткөнүн так кесе айтуу мүмкүн эмес. Күз айларында күн сайын, ал гана эмес бир күндө 5-6 митинг өтүп жатты. Айрымдар калктын жашоо-турмушу оңолбосо, митинг азайбайт дешсе, айрымдар муну эркин өлкөнүн формуласы катары да карашат. Эркин серепчи Улукбек Азимов Кыргызстанда нааразылык акциялары жыл сайын көбөйүп баратканын белгилейт. «Алсак, 2010-жылы 685 митинг катталса, 2011-жылдын 9 айында эле 1 миңден ашык митингдер менен нааразылык акциялары өткөрүлдү. Митингдердин көбөйүшүнө мыйзамдардын алгылыктуу болбогондугу негиз болууда», - дейт серепчи. Улукбек Азимов митингдердин 60 пайыздан ашыгы жергиликтүү бийликке эскертүү бербестен өткөрүлгөнүн кошумчалады. Ошондой эле быйыл өткөн нааразылык акцияларынын 17 пайызы катышуучулардын жаңжал уюштурушу менен коштолгон.

Ал эми депутат Каныбек Иманалиев митингдер көбөйүп кеткендиктен, аларды даректүү өткөрүүнү сунуштап жатат. Бул кайсы маселе менен болбосун Жогорку Кеңештин имаратынын алдына барган митингчилерди азайтуу максатында болууда. Башкача айтканда, көтөрүп чыккан маселе кайсы мамлекеттик органга тиешелүү болсо, ошол жакка баргыла деген кеп. «Учурда болгон нааразылык акцияларынын баары Жогорку Кеңештин имаратынын алдында өтүп жатат. Депутаттар бардык митингчилер менен жолугушууга аргасыз болууда. Биз кандай митинг болбосун, аны кимдер уюштуруп жатпасын, баарын карап берип жатабыз. Парламенттин алдына өкмөттүн ишине нааразы болгону деле, Ош базарында соода кылгандары деле келишти. Натыйжада Жогорку Кеңеш өзүнүн иш милдети болгон мыйзам чыгаруу ишин калтырып, башка мамлекеттик органдардын маселеси менен алектенип калып жатат. Митингдердин айынан Жогорку Кеңеште улам бир комиссия түзүлүп, маселени чечүүнүн үстүнөн иштеп, ал эми парламенттин мыйзам чыгаруу иш милдети солгундап калды», - дейт К.Иманалиев. 

Эми митингге чыккан адамдар тууралуу сөз кылсак, бизде митинг миңдеген адамдар менен деле, бир адам менен деле өткөрүлө берет. Акыркы учурда кадрдык алмашууга байланыштуу бир адамдын жакшы санаалаш, жээк-жааты митинг уюштура калганы көнүмүш адатка айланды. Айрым учурда акча төлөп, жумушка жалдаган сыяктуу эле митингге адам тарткан учурлар жок эмес. Ким көбүрөөк кыйкырып, алдыңкы катарда жүрсө, акчасы да жакшы төлөнөөрү коомчулукта айтылып жүрөт. Жер-жерлерде митинг уюштура турган адамдар да пайда болду. Колу бош адамдар чогулуп, катуураак кыйкырып, талап кылгандыгы үчүн акча алып жатса, жумушсуздардын кимиси болбосо кызыгып кетээри турган иш. Бекерчиликтен көрө берген акчасын алып, «митингчи» болгонду артык көргөндөр көп. Ушундан улам КСДП фракциясынын депутаты Гүлнара Жамгырчиева элге акча таратып митинг уюштургандарды жоопко тартуу керектигин айтууда. «Бир адамдын кызыкчылыгын коргоо максатында эмгек биржасында күнүмдүк жумуш издеп тургандарды да акча менен митингдерге тартышууда. Митингде катуу кыйкырса, көбүрөөк акча берип, жөн эле адам санын көбөйтүш үчүн тургандарга башка акча бергендер бар. Жарандар митингге өз ыктыяры менен катышышы керек. Демек, митингде акча менен адам санын көбөйткөндөрдү жоопко тарталы», - дейт депутат.

Акча менен азгыргандарды гана эмес, башаламандык уюштургандарды да жоопко тартуу зарылчылыгы турат. Ал ортодо Юстиция министрлиги митингди күч колдонуу менен токтотуу акыркы чара болоорун эскертти. Юстиция министрлигинин статс-катчысы Чынара Мамидинова «Тынч чогулуштар жөнүндө» мыйзам долбоорунда тынч чогулуштарда эркиндик укугун камсыз кылуу, митингдерди өткөрүүнүн орду, жергиликтүү жана ички иштер органдарынын милдеттенмелери белгиленгенин айтты. Алсак, тынч чогулуштар коопсуздукту камсыз кылуу максатында коркунучтуу жана зыяндуу өндүрүш объекттерине, электр станцияларга, темир жолдорго, мунай түтүктөрүнө жана мектепке чейинки балдар мекемелерине, мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарына, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарына 50 метрге чейин жакын жерлерде жана жогорку чыңалуудагы электр линияларынын алдында өткөрүлүшү мүмкүн эмес. Ошондой эле Кыргызстанда митинг өткөрүү отуз күндүк мөөнөттөн эрте эмес жана он жумушчу күн мурда эскертилиши керек. Мындай маалымат тийиштүү органдарга жазуу жүзүндө берилет. Мындан тышкары, «Тынч чогулуштар жөнүндө» мыйзам долбоорунда ички иштер органдары тынч чогулуштарга катыша албай тургандыгы белгиленген. Эгерде митингде согушту пропагандалоо, улуттук, расалык же диний жек көрүү, улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, башка адамдардын укугун жана эркиндигин бузууга чакыруу, башка тынч чогулушту үзгүлтүккө учуратуу максатында каршы чогулуш өткөрүү байкалса, чогулушка тыюу салынат. Албетте, мунун баары митинг өткөрүүнү тартипке салуу максатында жасалууда. Бирок митинг эмес, коомдук тартипти орнотуу кыйынга туруп жатканда, нааразылык акциялары бардык шартты аткаруу менен өтөөрү күмөн бойдон калууда.

Мээрим Ибраева, «Кабар»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу