Аналитика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
26/03 18:04
 

Мектепте акча чогултуу: кылмыш иши козголсо да, токтобогон «жорукпу»?

Мектепте акча чогултуу: кылмыш иши козголсо да, токтобогон «жорукпу»?

Акыркы учурда Башкы прокуратура мектепте мыйзамсыз пара алуу фактылары боюнча улам бир кылмыш ишин козгоп жатат. Бул негизинен Бишкек шаарындагы мектептерге тиешелүү болууда. Алсак, 22-мартта эле № 44-мектептин директоруна «мыйзамсыз акча чогултту» деп күнөө коюлду. Башкы прокурордун биринчи орун басары Нурланбек Жээналиевдин айтымында, мектептерде пара алуу фактылары боюнча бир катар кылмыш иштери козголуп, учурда 8 мектеп боюнча кылмыш иштери тергелип жатат. Н.Жээналиев бул иштердин баары Кылмыш кодексинин «Кызматкерлердин мыйзамсыз сыйлык алышы» беренесине ылайык козголгондугун белгиледи.
Көз карандысыз серепчилер, бейөкмөт уюмдар бир ооздон мектептеги акча чогултуу жетиштүү деңгээлде каржылоо болгондо гана токтойт деген ойду айтышууда. Албетте, бул сөздүн да чындыгы бар. Анткени бюджеттин олуттуу бөлүгү кызматкерлердин эмгек акысына бөлүнүп, мектептерди оңдоо, китеп басып чыгаруу маселелери жалаң тартыштык менен коштолууда.

Баягы эле каржы маселеси
Быйыл республикалык бюджеттин эсебинен бир да жаңы мектеп курулбайт. Бул акыркы жылдары Кыргызстанда баш-аягы жок курулуштар башталып, бүтпөй жатканы менен түшүндүрүлүүдө. Аны утурлай мектептерди каржылоо маселеси кабыргасынан коюлуп келет.
Финансы министри Акылбек Жапаров өлкөдөгү мектептерди өнүктүрүп, каржылоону натыйжалуу кылыш үчүн беш жылдык программаны кабыл алууну сунуш кылууда. Министр Кыргызстандагы 2 миң 204 орто мектеп боюнча атайын программа кабыл алуу менен алардын муктаждыктары мамлекеттин кароосуна алынаарын белгилейт. Анын айтымында, программа аркылуу жыл сайын 200 мектептин абалын жакшыртып, 5 жылда бардык мектепти жаңыласа болот.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Гүлжигит Сооронкуловдун айтымында, келерки 2012-2013-окуу жылында Бишкек жана Ош шаарларынын мектептери окуучулардын санына карата каржылана баштайт. «Эгерде бардык мектептерди окуучулардын санына карата каржылоого өтсөк, анда каржылоо алда канча натыйжалуу болмок. Бирок мында окуучулардын саны өтө аз болгон айылдык мектептер үчүн кыйынчылык жаралат. Анткени бөлүнгөн каражат мектеп муктаждыгына жетпей калышы ыктымал», - дейт министрдин орун басары.

Мектепте акча чогултуунун «мээнети»
Мектепте акча чогултуунун ар кандай «амалдары» бар. Бул атайын фонд ачып, банкка акча которуу менен да, жөн эле ар кайсы шылтоо менен ай сайын акча чогултуу менен да коштолот. Алсак, техникалык кызматкерлерге, мектеп кароолчусуна, жаңы эмерек алууга, оңдоо иштерине, ар канадй марафон жана кайрымдуулук максатында деп акча чогултуунун аягы үзүлбөйт. Ал эми депутат Каныбек Осмоналиевдин айтымында, мектептерде акча алыштын амалы менен балдарга «2» койгон учурлар да көп болууда. Ошондой эле эл өкүлү Бишкектин айрым мектептерине балдарын биринчи класска киргизиш үчүн ата-энелер 5 миң сомдон 30 миң сомго чейин беришээрин айтууда.
Ушуга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары мектептерде акча чогултуунун чегин белгилөөнү сунуштап жатышат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, 2006-жылга чейин мектептерде оңдоо иштерине деп 160 сом акча чогултуу каралган. «Бул акча мыйзамдуу негизде алынчу. Кийин мектептерде акча чогултууга таптакыр тыюу салынгандан кийин ар бир мектеп өзү каалаган суммада акча топтоп жатат», - дейт министрдин орун басары Гүлжигит Сооронкулов.
Белгилей кетсек, ар бир балага акысыз билим берүү Конституцияда каралган. Бул «Билим берүү жөнүндө» мыйзамда да белгиленген. Бирок «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Азиз Суракматов аталган мыйзамдан акысыз орто билим берүү жөнүндө ченемди алып салыш керек деп эсептейт. «Бүгүнкү күндө бардык мектептерде акча чогултулат. Алсак, Бишкекте 200 миң окуучу болсо, алардын ар бири айына 1 миң сомдон берсе, 200 миллион сом жыйналат. Бирок бул каражаттын жарымынан көбү кайда, кантип жумшалганы белгисиз. Мектептерде акча чогултуу токтобогон соң, акысыз билим берүү деген ченемдин кажети жок», - дейт депутат.
Албетте, мектепте акча чогултуу социалдык жактан алганда кыйнап-кыстоого жатат. Мектепте акча чогултуу юридикалык жактан алганда ыктыярдуу акча чогултуу өңдүү болгону менен социалдык жактан алганда бул кыйнап-кыстап акча чогултуу болот. Анткени мектеп акча чогултууда окуучунун үй-бүлөсүнүн абалын эске албайт. Ал үй-бүлөдө канча адам бар, канча киреше табышат, тапкан кирешеси жашаганга жетиштүүбү деген сыяктуу маселе көз жаздымда калууда.

Мектепте башкы рэкет – директорбу?
Кыргызстандын билим берүү тармагы паракорчулуктун сазына батканын жалкоолор менен жалакайлардан башкасы тынымсыз айтып келишет. Бүгүнкү күндө мектептердеги коррупция окуучулар арасындагы рэкетчилик менен катар эле коомдун коркунучтуу оорусуна айланып калганы белгилүү. Ушундан улам Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият жана туризм комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев «мектептердеги эң башкы рэкет - бул мектеп директорлору» деп бекеринен айтпаса керек. Депутат Бишкек шаарындагы айрым мектептердин мугалимдери жана ата-энелер мыйзамды көзгө илбей калган директорлордун жоруктарына арызданып жатышканын белгилейт. «Мага Бишкектеги № 69-мектептин бир катар мугалимдери даттанууда. Аларды тиешелүү жетекчиликке, айрыкча Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгына кайрылууга кеңеш берсем болушпады. Себебин ал жетекчилер мектеп директорлору менен тарапташ экендиги, андыктан аларга кайрылуудан адилет чечим чыгып, майнап болбостугу менен түшүндүрүштү. Мектепте 1700 окуучу болсо, алардын ар бири айына 200 сомдон чогултушаары айтылууда. Мындан тышкары директор Нурила Атаева бир класстан башка класска же башка мектептен которулуп келген окуучулардан 5 миң сомдон пара алып жүрөт. Ошондой эле мектепте марафон өткөрүлүп, окуучулардан 50 сомдон 100 сомго чейин чогултулган», - дейт К.Осмоналиев.
Мындан тышкары депутат Бишкек шаарындагы № 48-мектептин директору Татьяна Родкинанын мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча 20дан ашык кат келип түшкөнүн билдирди. «№ 48-мектептин директору – Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. Ал ата-энелер фондуна чогулган акчаны каалагандай пайдаланат. Депутат макамына таянып, ата-энелерди кууп чыгып, кийин балдарын куугунтукка алган учурлар болууда. Мен да шаардык кеңештин депутаты болгом. Андан бери шаардык депутаттын макамы өзгөргөн жок. Бүгүн шаардык депутат министрди көзгө илбей отурат. Буга карата чара көрүш керек», - деди депутат.
Ушундан улам Билим берүү жана илим министрлиги борбор калаадагы мектептердин жетекчилерин ротациялоо ыкмасы менен алмаштырууну сунуш кылууда. Бирок, борбордук мэрия «муниципалдык мектептердин маселесин министрлик чече албайт» деген шылтоо менен мындай аракеттерге бут тосууда. Ошондуктан директорлор көйгөйү айтылганы менен чечилбей, туңгуюкта турат. Директорлор кызматына бар күчү менен жармашып, барган комиссияларды жайгарып жаткандыгы мектеп жетекчилиги акча табуунун булагына айланып калганын далилдеп тургандай. Маселе бир гана шартта - мектептердеги көмүскө акча чогултууну ооздуктоонун механизмдери мамлекеттик денгээлде иштелип чыкканда гана чечилээри айдан ачык болуп калды.

Жолдош Жусупов, «Кабар»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу