Аналитика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
15/03 19:51
 

«New York Times»: Кыязы, АКШ өз авиабазасын 2014-жылдан кийин деле жарандык борборго айлантууну каалабайт окшойт

«New York Times»: Кыязы, АКШ өз авиабазасын 2014-жылдан кийин деле жарандык борборго айлантууну каалабайт окшойт

Кыргызстан АКШнын авиабазасы «аскердик эмес обьект болууга» тийиш деп билдирди

Бишкек, Кыргызстан. Шейшемби күнү Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жогорку даражалуу чиновниктеринин бири АКШнын коргоо министри Леон Панеттага Борбор Азиялык мамлекеттин аймагында жайгашкан, эки жылдан кийин ижара келишиминин мөөнөтү бүтө турган, Кошмо Штаттар үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон авиабаза «согуштук эмес обьект» болууга тийиш деп билдирди. Бул билдирүү АКШнын Афганистандан аскерлерин чыгарып кетүү тууралуу планына кыйла жолтоо болгону калды окшойт.

Расмий түрдө транзиттик борбор деп аталган авиабаза Кыргызстандын борбору Бишкектин чет-жакасында жайгашкан «Манас» аэропортунан орун алган. Ал Афганистанга аскерлер менен жүк жеткириш жана аларды кайра ташып келиш үчүн маанилүү борбор болуп саналат. Ошондой эле бул авиабаза Борбор Азиядагы америкалык аскерлер үчүн өзгөчөлөнгөн жалгыз обьект.

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев америкалык авиабаза «аскердик эмес обьект» болушу керектиги тууралуу өз комментарийлеринде Кыргызстандын жаңы президенти Алмазбек Атамбаевдин бир аз мурдагы сөзүн кайталады. 30-октябрда болгон президенттик шайлоодон соң Атамбаев «ижара келишиминин мөөнөтү бүткөн соң, тактап айтканда 2014-жылдын июлунда АКШнын авиабазасын жабам» деп билдирген.

Панетта менен Кыргызстандын борбору Бишкекте болгон жолугушуунун убагында Табалдиев АКШнын авиабазасы жарандык коммерциялык обьект болушу керек деп белгиледи. 
 Акыркы жылдары америкалык аскер базасы талаш-тартыштын негизи болуп келет. 2009-жылы Кыргызстандын жетекчилиги АКШнын авиабазасын жаба турганын жар салган. Пентагондун жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин башчылары бул билдирүү көпчүлүк бөлүгү мурдагы Советтер Союзунун курамына кирген аймакта Американын таасирин азайтып, өз таасиринин кеңейтүүгө дайыма умтулуп келген Россия тараптан тапшырылды го деп эсептешкен. 2009-жылы АКШ авиабаза үчүн көбүрөөк акча - азыркы учурда төлөнүп жаткан 60 миллион АКШ долларын - берүүгө макул болгон соң талаш чечилген болчу.

Шейшемби күнү Панетта менен Кыргызстандын коргоо тармагынын кызматкерлери жолугушканда алар журналисттерден имараттан чыгып кетүүнү өтүнүштү. Алар авиабазанын миссиясын токтотуу тууралуу кыргыз тараптын өтүнүчүнө Панеттанын эмне деп жооп узатканын укпай калышты. Жолугушуудан соң Панеттаны коштоп жүргөн АКШнын Коргоо министрлигинин чиновниктери АКШнын коргоо министри кыргыз кесиптештери менен макул болгон жок деп билдиришти. Америкалыктар «жолугушуу салтанаттуу жыйын болууга тийиш, анда америка тарап Кыргызстандын жетекчилигине АКШ авиабазасынын ишинин натыйжалуулугу тууралуу айтышы керек» деп белгилешти.

Кыргызстандын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшкөн учурда Панетта: «Мен сиздерден Кыргызстандын президентине анын «Манас» транзиттик борборун колдогондугу үчүн ыраазычылыгымды билдирип коюну өтүнөм. Мен Кыргызстандын демократиялык процесстерге умтулганына ыраазычылык билдириш үчүн сиздердин өлкөгө келдим»,- деп айтты. 
 Жолугушуудан соң жогорку даражалуу америкалык чиновник «Кыргызстандын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү бир катар маселелер боюнча мындан аркы кызматташтык тууралуу варианттарды дагы карап чыгып, талкуулоого даяр экендигин айтышты», - деп маалымдады. Алардын арасында «Манас» аэропортундагы кетип жаткан АКШнын авиабазасы тууралуу дагы маселе болушу мүмкүн.

Афганистандан он миңдеген америкалык аскерлерди алып чыгууну пландап жатканда, 2014-жылы июлда ижара мөөнөтү аяктоочу АКШнын авиабазасын жабуу Пентагон үчүн бир топ көйгөйлөрдү жаратаары анык. 
АКШнын Коргоо министрлигинин аткаминерлери америкалык аскерлерди коммерциялык учактар аркылуу жана Түндүк уюлдагы аба каттамы менен Афганистандан түз Кошмо Штаттарга жеткиришибиз мүмкүн деп билдиришти. Алардын айтымында, жогоруда айтылган вариант кымбатка турат жана болжолу азыркы иштеп жаткан системага караганда коопсуздугу азыраак болушу мүмкүн. Ушул тапта «Манас» авиабазасында Афганистанга аскерлерди жеткириш үчүн аскер учактары, ал эми кайра АКШга солдаттарды жеткирүүдө коммерциялык учактар колдонулат.

Элизабет Бумиллер
«New York Times», 14-март, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу