Аналитика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
14/03 22:59
 

«Washington Times»: «Көкөйтөйдүн ашы, көп чырдын башы» - Кыргызстандын желеги

«Washington Times»: «Көкөйтөйдүн ашы, көп чырдын башы» - Кыргызстандын желеги

Кыргызстанда желек үчүн оңбогондой кармаш башталды

Бишкек, Кыргызстан. Түндүктү тышынан каптаган күндүн сары түстүү нурлары тартылган кыпкызыл желек Кыргызстанда кызуу талаш-тартышты пайда кылып жаткан кези.
Мурдагы Советтер Союзунан бөлүнүп эгемендикке жеткен 20 жылдан бери карай желбиреп келе жаткан Кыргызстандын желеги - элдин тарыхый көз карашы, мурасы менен сыймыгынын белгиси. Мындан тышкары, анын өзүнүн символикалык мааниси да бар.

Талаш-тартыш
«Мамлекеттик символдор биз үчүн ыйык. Алар мыйзам чегинде корголот жана эч качан талаш-тартыш менен пикир келишпестик жаратпашы керек. Бирок азыркы учурда желектин айланасында көптөгөн талаш-тартыштар жүрүп жатат. Бизге улутту бириктире турган, биз сыймыктана турган туу керек», - деп айтты мамлекеттик тууну өзгөртүү маселесин карап жаткан комиссиянын башчысы Абдырахман Маматалиев. Айрымдар туунун символикалык маанисине байланыштуу талашып-тартышып жатышат.
Сары күндүн ортосун кесип өткөн сызыктар боз үйдүн эң үстүнкү бөлүгү болуп эсептелген түндүктүн көрүнүшүн чагылдырып турат. Нур чачкан күн жана кызыл түс - кыргыз элинин легендарлуу баатыры, чет элдик баскынчылардан элин коргоп, коңшу урууларды каратып алган Манастын символу болуп эсептелет.
Үй, жарык жана элдин каны бул идеалдардын белгиси болуп эсептелгенин Кыргызстандын гана эмес, дүйнөнүн көп мамлекетинин туусунан көрсө болот. Айрым жарандар бул символдорду башкаларга караганда өзгөчө көз караш менен көрүп жаткан кези.

Башкача маанилер
Мар Байжиевдин пикиринде, Манаска байланышкан символдор эпикалык баатыр тарабынан бир кезде каратылып алынган өзбек, дунган, уйгур сыяктуу улуттар жашаган 5,5 миллион калкы бар азыркы Кыргызстан үчүн туура келбейт.
«Эмне үчүн биздин желекте көгүлтүр асман жок, анын ордуна түндүк аркылуу кандын түсү болгон кызыл түстү көрүп жатабыз? Эпосто Манастын туусу кызыл болгон деп айтылат, бирок бул анын мамлекет үчүн эмес, жоокерлер үчүн көтөрө турган жеке өзүнүн туусу болгон», - дейт желекти өзгөртүү боюнча комиссиянын башка бир мүчөсү Байжиев.
Ошондой эле Байжиев тоо кыркасынын фонуна бүркүт тартылган президенттик эмблемага ыраазы эмес. «Бул эмблемадагы куш бүркүткө эмес эле тоокко окшоп калган», - дейт ал.
Айрым сынчылар туунун кызыл талаасы коммунизмди элестетет, ал эми түндүктүн айланасындагы күндүн нурлары Россияга көз каранды болгон Кыргызстанды эске салуу менен күн караманы, башкача айтканда көз карандылыктын белгисин билдирет деп ырасташат.
Дагы бирөөлөр болсо желектин кочкул кызыл түсү өлкөнүн тарыхына өзүнүн ролун ойноду деп билдиришти. 1991-жылы Советтер Союзунан көз карандысыздыкты алгандан кийин кызыл туу Кыргызстандын символу болуп калган. Кийинчирээк эки президент тең тактан кулатылды: 2005-жылы «жоогазын ыңкылабынын» учурунда өлкөнү 1990-жылдан тартып башкарып келген Аскар Акаев, ал эми 2010-жылы Курманбек Бакиев бийликтен кетишкен. Бакиев Кыргызстандан куулуп чыккандан кийин өлкөнүн түштүгүндө улуттук негизде катуу кагылыштар чыгып, анын жыйынтыгында жүздөгөн адамдар курман болушту.
«Желектин кызыл түсү көп адамдын каны сыяктуу кабыл алынат. Түндүк болсо күндүн нуру менен тегеректелип, ал болсо жалынга окшош, бул өлкө от менен курчалган деген маанини да туюдурат», - деп билдирди парламенттин депутаты, былтыр мартта тууну өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуштаган Карганбек Самаков. Ал бул белгилер Кыргызстандагы башаламандыктардын болушуна кандайдыр бир деңгээлде таасир этиши да мүмкүн деп эсептейт.
Демократиялык шайлоо өтүп, жаңы өкмөт шайланып, туруктуураак келечекке үмүт пайда болгондон кийин, желекти өзгөртүүнү үгүттөп жаткан адамдар бул өткөндү унутууга жардам берет деп билдиришүүдө.

Үчүнчү тараптын пикири
Айрымдардын пикирине таянсак, өлкөнүн татаал тарыхы азыркы тууну сактап калуунун дагы бир себеби экен. «Бул туунун алдында биздин спортчулар эл аралык турнирлерде жеңишке жетишти. Эки революцияны айта турган болсок, жаштар ушул туу үчүн курман болушту», - деп билдирди «Алаш Ордо» саясий жаштар тобунун лидери Ренат Самудинов.
Самудинов мамлекеттик лидерлердин символдорго карата «ырым-жырымга» ишенгенине кыжыры кайнаарын айтат. «Бул болбогон сөз. Кептин баары ошол башкаруучулардын акылында. Алар өлкөнү кантип башкарууну билишпейт», - дейт ал.
Тууну өзгөртүү боюнча комиссия он беш кишиден турат, арасында парламенттик лидерлер, ошондой эле сүрөтчүлөр, окумуштуулар, жазуучулар, дизайнерлер менен тарыхчылар бар. Алардын максаты ишке ашып кете турган болсо быйыл жазында желекти өзгөртүү боюнча акыркы чечим кабыл алынышы керек.
Бишкектик ишкер Кунай Медетхан азыркы президенттик эмблемага окшош кылып туу боюнча жеке өзүнүн дизайнын сунуштады, анда бүркүт жок, ачык көк фондо ак кар баскан тоо бар. «Көк түстө жайгашкан тоолор биздин өлкөнү башкача кабыл алдырат жана туристтер менен инвесторлордун кызыгуусун арттырат», - дейт Медетхан.
Айрым парламенттик лидерлердин баасына таянсак, тууну алмаштыруу жөнүндөгү долбоорго 5 миллиондой АКШ доллары керектелет. Алардын айтымында, бул бюджеттин жетишсиздигин азайтууга аракет кылып жаткан өлкө үчүн ашыкча чыгым. Маматалиевдин пикиринде, долбоор 70 миңге жакын АКШ долларына барабар болмокчу. Ал жаңы тууну сатуудан түшкөн акчанын эсебинен чыгышанын бир бөлүгү жабылат деп эсептейт.
Ошого карабай, Кыргызстандын айрым жарандарынын пикиринде тууну өзгөртүү тууралуу катуу талаш-тартыштар өкмөттү өлкөнүн алда канча маанилүү маселелеринен алагды кылып жатат. «Желеги кызыл түстө экенине карабай, абдан жакшы өнүгүп жаткан өлкөлөр бар. Алардын туусу кызыл түстө болсо да салгылашып жаткан жери жок, аларда революциялар, туруксуздуктар болбой эле турат», - дейт Бишкектен мамлекеттик кызматкер Нурлан Сазыков.
Бирок анын көз карашында туунун дизайынын өзгөртүш үчүн салмактуу жүйөлөр бар, себеби өлкөнүн саясий системасында дагы эле коммунисттик идеология үстөмдүк кылып жатат. «Мен жеке өзүм кызыл туу келечекте өзгөрөт деп эсептейм, бирок азыр эмес, анткени азыр андан башка маселелер деле толтура. Келгиле, бул маселени бийликтегилер бизди ынандырып жатышкандай дагы беш жылдан кийин, өлкө көбүрөөк туруктуу болгон кезде көтөрүп чыгалы», - дейт ал.

Толкун Наматбаева
«Washington Times», 12-март, 2012-жыл
Котормо –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу