Аналитика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
13/03 17:57
 

Акмат Бакиев «жоголду», ким көрдү?

Акмат Бакиев «жоголду», ким көрдү?

Акыркы учурда Кыргызстанда абак маселеси абдан кызуу талкууланып, көңүл борборунда болуп келет. Бирде абакта отургандар ачкачылык жарыялап, тартип күчөтүлдү деп айтылса, бирде соттолуп жаткандар дайынсыз жоголуп, коомчулукту таң калтырууда. Бул ирет да ошондой болду. Карапайым калктын канын төккөндөн кайра тартпаган бакиевдердин бири, «массалык башаламандыкты уюштурду, улут аралык араздашуунун себепкери болду, мыйзамсыз куралдарды пайдаланды, жерди мыйзамсыз басып алды» деп айыпталган Акмат Бакиев жатак абакта жаткан жеринен «жылт» койду. Бийлик баш болуп, ЖАМК төш болуп, бүтүндөй коомчулук «Акмат кайда кетти» деп баш катырып жаткан кези.

Кармалганын кармалган, камалганын камалган, бирок качканын кантебиз?
Акмат Бакиев 2010-жылдагы апрель жана июнь окуяларынан кийин, 21-июль күнү Жалал-Абад шаарынан кармалган эле. Курманбек Бакиевдин бул иниси «Жалал-Абад облусунун көмүскө губернатору» деп аталып жүргөн. Кармалган учурда куралдары менен катар бет кап, жасалма сакал-мурут, кийме чач кошо табылган. Мынтип эбин таап жашырынып жүргөн шылуун Жалал-Абаддан Бишкекке алынып келинип, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин убактылуу камак жайына отургузулат.
2010-жылдын 22-ноябрында Жалал-Абад облусунун прокуратурасы Акмат Бакиевди айыптоо боюнча жазык ишин тергөөнү аяктайт. Ага ылайык, А.Бакиев материалдык жана башка пайда табуу максатында өз кызыкчылыгында 2005-жылдан 2010-жылга чейинки мезгилде оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн айыпталат. Баш-аягы ага 8 күнөө коюлган - атап айтканда, мажбурлоо, жерди өз эркинче ээлеп алуу, ок атуучу жана ок атылбас куралдарды мыйзамсыз сатып алуу жана сактоо, токой фондусуна таандык жерге үй тургузуу, куралдуу каракчылардын тобун уюштуруу жана ага катышуу, массалык башаламандык уюштуруу жана бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук колдонуу. Тергөө аяктаары менен жазык ишин карап чыгыш үчүн сотко жиберилген. 2010-жылдын декабрынан тартып эле А.Бакиевдин ден-соолугу начарлады деген жактоочулары баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранып башташат. Алгач сот мындай сунушту четке кагат. Ошентип, сот создуктурулуп отуруп, 2011-жылдын 5-августунда гана сот иши аягына чыгат. Сот чечими менен А.Бакиевге Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренеси боюнча айып тагылып, 7 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылат.
Сот өкүмү менен иш токтоп калган жок. А.Бакиевдин ден-соолугу начар деп жактоочулары тынбай коңгуроо кагып, акыры дарыгерлер аны ооруканага жаткыргыла деп сунуштайт. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) жатак абагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан А.Бакиев 4-январдан 14-январга чейин карантинге жайгаштырылганын маалымдап, анын ден-соолугу кескин начарлап кеткенине байланыштуу, 21-январдан тарта 24-январга чейин беш жолу медициналык тез жардам чакырылганы белгилүү болот. Натыйжада 2012-жылдын 24-январында Акмат Бакиев абактан Бишкек шаарындагы №6 ооруканага которулат. Муну менен катар ЖАМК А.Бакиев ден соолугу калыбына келгенден кийин кайрадан абакка кайтарыла турганын билдирет. Аны кайсы жердеги түзөтүү колониясына жиберүү маселесин ЖАМК жетекчилиги чечмек болот.

Качкан кармалабы?
Ооруканада жатып А.Бакиев улам бир гезитке маек куруп, «абактан чыксам, саясатка аралашпайм, атамдын бузулган короо-жайын оңдойм» дегенден кеп салат. Карапайым калк анын айтканына толук ишенбесе да, арасында «ии, ошентип оңолсоң» дегендер да болгон. Бирок бул жерде коомчулуктан биринчи жаза аткаруу кызматкерлери А.Бакиевдин айткан кебине ишене калганы суроо туудурат. Анткени 6-март күнү эле Жогорку Кеңеш депутаты Дастан Бекешев «Акмат Бакиев качыптыр» деген маалыматты таратып, тактап бергиле деп Башкы прокуратурага кайрылат. Башкы прокуратура тактайлы дегиче, ЖАМК «качканы чын» деп жар салат. Ошондо А.Бакиев кечээ же бүгүн эмес, 3-мартта эле ооруканадан качып кеткени белгилүү болот. Башкача айтканда, коомчулук качканы тууралуу 3 күндөн кийин гана билип отурат. Бул 3 күн ичинде ал жакшылап бекинип же жай гана өлкө аймагынан чыгып кеттиби, белгисиз.
ЖАМК тараткан маалыматка ылайык, 2012-жылдын 24-январында А.Бакиев «тез жардам» менен №6 шаардык ооруканага жаткырылат. Ал жерде 6-февралга чейин дарыланып, ушундан кийин дарыланууну улантыш үчүн Бишкектеги менчик медициналык борборлордун бирине которулат. А.Бакиев ооруканада жаткан учурда №35 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери аны күн сайын текшерип турушкан. Бул тууралуу маалымат текшерүү журналында жазылган. Ал эми 3-март күнү текшерүү учурунда А.Бакиев ордунда жок болуп чыккан. Болгону ушул. Эң кызыгы, А.Бакиев ооруканада кайтарууга алынган эмес. Анткени жатак-колонияда жаза өтөп жаткандар кайтарууга алуудан бошотулат.
Качкандан кийин кайда кетти деп калдык. Кайда кеткени эмгиче белгисиз. Чек арадан өтпөсө, өлкө аймагынан табылбаса, мурдагысындай сакал-мурут чаптап, жасалма чачты кийип ээн басып жүрөбү же жылуу-жумшак ар тарапта качып жүргөн бир туугандарынын жанында отурабы? Азырынча бул суроо жоопсуз калууда. Өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов укук коргоо жана күч органдарынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрүп, эбепке-себеп болду деп №35 абак жайдын жетекчиси И. Самсалиевди кызматтан бошотууну тапшырды. Ө.Бабанов ЖАМК кызматкерлери өз милдетине кайдыгер мамиле кылышканын белгиледи.
Атайын прокурор Адис Өмүралиев да А.Бакиев ЖАМК кызматкерлеринин шалаакылыгынан эле качты деп эсептейт. «Акмат Бакиев 7 жылга эркинен ажыратылып, №47 күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясына жаза мөөнөтүн өтөш үчүн жөнөтүлөт. Бирок А.Бакиев мунапыска кабылып, ушуга байланыштуу №47 абактын жетекчилиги ага карата тартипти жумшартууну үч ирет өтүнөт. Бирок үч жолу тең атайын прокуратура өтүнүчтү канааттандыруудан баш тарткан. Анткени ал коомго коркунуч жараткан кылмыш боюнча айыпталып, мындан тышкары жабыркаган тарапка 6 миллион сомдон ашык акча бериши керек болчу. Ушундан улам А.Бакиев жатак абакка которулбашы керек эле», - дейт атайын прокурор. Бирок ЖАМК комиссия түзүп, А.Бакиевди жатак-абакка которуу тууралуу маселени көтөрүп, акыры Бишкектин Ленин райондук соту бул көрсөтмөнү канааттандырат. А.Бакиев ооруканада жаткан учурда же 12-февралда №35 жатак-абакка которулат.
Атайын прокуратура тарабынан А.Бакиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесине («Качуу») ылайык кылмыш ишин козгоду. Мындан тышкары, бул жагдайга жол берген ЖАМК жетекчилигине жана кызматкерлерине карата иликтөө жүргүзүлүүдө. Учурда бул иш суроосу көп, жообу жок, издөөгө алынганы менен иштин жыйынтыгы жок болуп турган кези. Баарынан да өкүнүчтүүсү, А.Бакиев качкандан кийин гана же 5-мартта Бишкек шаардык соту Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, А.Бакиев кайрадан №47 күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөсүн деген чечим чыгаргандыгында. Чечим кабыл алынганы менен маселе чечилген жок.
А.Бакиев кармалган кезде «Акмат Бакиевди кармоого түрткү болдум деп чыга турган авторлор көп болоору» далай жолу айтылган, бирок аны кармоо Ички иштер министрлигинин атайын жүргүзгөн операциясынын негизинде ишке ашкандыгы жар салынган. Макул, кармалганда го мен дегендер көп болсун, бирок качканда кимдин катышы бар экенин так кесе айтуу мүмкүн болбогону чатак болуп турат.

Жолдош Жусупов, «Кабар»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу