Аналитика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
13/03 17:13
 

«Baku Today»: Кыргызстанда айрымдар Катарды Россиянын альтернативасы катары көрүп жатат

«Baku Today»: Кыргызстанда айрымдар Катарды Россиянын альтернативасы катары көрүп жатат

«Кыргызстан менен Катардын ортосунда түзүлгөн келишим Россиянын аракеттерине карата ассимметриялык жүрүш болду», - деп эсептейт Марс Сариев

«Кыргызстан менен Катардын ортосунда түзүлгөн келишим Россиянын иш-аракеттерине карата ассимметриялык жүрүш болду. Кыргызстан мнен Катардын мамилелерин экономикалык оң жыйынтыктар күтүп турат. Катар Кыргызстанда думактуу долбоорлорду жүзөгө ашырууга, 100 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү бюджет менен инвестициялык фонд түзүүгө, авиакомпания ачууга, биргелешкен ишканаларды уюштурууга ниеттенүүдө. Катардын Кыргызстан менен кызматташып жатканын көргөн Россия мурдагы Советтер Союзунун мамлекети менен активдүүрөөк иш алып барат», - деп билдирди саясат таануучу Марс Сариев.

«Baku Today» буга чейин маалымдагандай, Россиянын элчиси катардык бажычылар менен полициялары тарабынан токмоктолгондон кийин Россия менен Катардын мамилеси оң болбой калган эле. Мындан тышкары, 2011-жылы Египет менен Ливияда болгон «араб жазынын» учурунда Катар өзгөчө роль ойногон. Ал маалыматты камсыздоо менен иш алып барып, ошондой эле куралдуу оппозицияга аскердик колдоо көрсөтүп, аларды машыктырган. Саясат таануучунун айтымында, Кыргызстандын экономикасындагы жаңы жагдай Кытайдын товарын Россия менен Казакстанга кайра экспорттоого мүмкүндүк бербейт. «Россия менен Казакстан Кыргызстан кичинекей өлкө болгондуктан кандай болбосун алардын шартын кабыл алат деп эсептешет. Катар менен жетишилген келишим Россиянын иш-аракеттерине карата ассимметриялык жүрүш болмокчу. Инвестициялык фонд түзүү болсо Грузиядагы америкалык долбоорго окшош болот, анан калса Катар менен Кыргызстандын кызыкчылыктары дал келишти. Ошол эле маалда Катар Тажикстанга көп көңүл буруп, Өзбекстан менен мамилесин оңдоп жатат. Мына дал ушундай убакта Катар Кыргызстанга кубаттуу индустриалдык долбоор сунуштады. Эмне үчүн бул долбоор буга чейин башталган эмес? Ал үчүн Кыргызстан Катар менен мамиле түзүп жана акырындап Батыштын канатынын алдына кириши керек болчу», - деп тактады сөзүн Марс Сариев.

«Baku Today» буга чейин кабарлагандай, Кыргызстандын өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов Катарга иш сапары менен барып, 5-6-мартта бул мамлекеттин жогору даражалуу кызматкерлери менен бир катар жолугушууларды өткөргөн. Жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекеттин ортосунда бир катар келишимдерге кол коюлган. Катар кыргызстандыктар үчүн өзүнүн эмгек рыногун сунуштаганын билдирип, ошондой эле Кыргызстандын студенттерине ЖОЖдордон квота берүү менен Катар стипендияларын чектөө жагын айтты. 
 Өмүрбек Бабанов менен Катардын эмири Хамад бен Халифа Аль-Тани Кыргызстандын экономикасындагы ар түрдүү тармактар боюнча өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырыш үчүн биргелешкен кыргыз-катар инвестициялык фондун түзүү маселесин талкуулашты. Кыргыз Республикасы менен сүйлөшүүлөр жүргөндөн кийин Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Катарга экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгыш үчүн атайын катардык топ жөнөтүлгөн.

Эки өлкөнүн өкмөт башчылары элчилик ачуу тууралуу дагы макулдашты. Ошондой эле Катар тарап Кыргызстандын Дохадагы дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачууда баардык чыгымдарды мойнуна алаары белгилүү болду.

«Baku Today», 12-март, 2012 –жыл
Котормо –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу