Аналитика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
09/03 20:01
 

«Reuters»: Атамбаев Кыргызстанды бириктирүүнү каалайт

«Reuters»: Атамбаев Кыргызстанды бириктирүүнү каалайт

Кыргызстандын лидери аймактардын бөлүнүшүн токтотуш үчүн колунан келгендин баарын жасайт

Ош, Кыргызстан. Дүйшөмбү күнү Кыргызстандын жаңы шайланган президенти түштүктө жайгашкан Ош шаарын ким башкараарын аныктоочу шайлоо болуп өткөн соң, акыркы кездерде улут аралык ажырым көп байкалып жаткан бул Борбор Азиядагы тынчы жок мамлекетте өкмөттүн таасирин кеңейтүүгө киришээрин билдирди.
Өлкөдө чоңдугу боюнча экинчи орунда турган Ош шаары орун алган Кыргызстанын түштүк бөлүгүгүндө буга чейин улуттар ортосунда чыр чыккан эле. Анан калса баңгиликке байланышкан кылмыш иштери көп катталган бул аймакта туруктуулук абдан чоң мааниге ээ. Себеби Кыргызстан мурдагы Советтер Союзунан бөлүнгөн өлкөлөрдүн арасында азыр АКШнын да, Россиянын да аскер-аба базалары жайгашкан жалгыз мамлекет.
Кокус Ош шаарында башаламандык чыга турган болсо, Батыш, Россия жана Кытай жаратылыш ресурстары менен аскердик таасирге ээ болуш үчүн өз ара атаандашып жаткан, стратегиялык жактан маанилүү аймак болуп эсептелген Кыргызстан үчүн олуттуу коркунуч келип чыкмакчы.
Декабрь айында президенттик кызматка киришкен Алмазбек Атамбаев борбордук өкмөткө эл чоочуркап мамиле кылган түштүк аймактардагы ажырымды жоготуш үчүн колунан келгендин баарын жасамакчы.
Жекшемби күнү Ош шаардык кеңешине болгон шайлоодо анын түштүктөгү каршылаштары шаардын азыркы таасирдүү мэрин колдоп, анын партиясы 47 пайыз алды. Башка партияларды кошпогондо эми президенттин каршылаштары борбордук өкмөт менен сүйлөшүү жүргүзүүгө тийиш.
«Бийлик айрым жетишкендиктерге жетти, эми ал өлкөнүн түштүгүнө көзөмөл жүргүзө алат. Атамбаевдин администрациясынын аракети астында макулдашууга жана кызматташтыкка шарт түзүлдү», - деп айтты саясат таануучу Токтогул Какчекеев.
Советтер Союзунан боштондукка жетишкен күндөн бери Атамбаев Кыргызстанда бийликти тынч жол менен өткөрүп алган биринчи президент болуп калды. Андан мурда бийликке келген, түштүктүн кулуну болгон Курманбек Бакиев 2010-жылы апрелде болгон ыңкылап учурунда өлкөдөн качып кеткен болчу.
2010-жылы июнда Ош шаары улут аралык кагылышуунун борборуна айланып, анын жыйынтыгында 500дөн ашык адам курман болсо, жүз миңдеген адамдар үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон.
Коңшулаш Афганистандан героин ташылып өтө турган маанилүү каттамдагы аймактын көйгөйлөрү бүт өлкөнү жарга такашы мүмкүн.
Ош шаарында шайлоо алдында болгон нааразылык акциясына миңдеген адамдар чыгышты. Алар демонстрацияда өлкөнүн түштүгүнө көзөмөлдү күчөтүүгө аракет кылган борбордук бийликке нааразылык билдиришти.
Акыркы президенттик шайлоого катышып, бирок жеңилүү ызасын тарткан Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиев өлкөнүн түштүгүндө болгон шайлоодо жеңишке жетиш үчүн биригишкен. Жекшембиде өткөн шайлоодо Ташиев жана Мадумаров Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун партиясын колдоп чыгышты.
«Мырзакматовдун партиясы 47 пайыз добуш алды. Бирок шайлоого катышкан калган партиялар баары биригип 53 пайыз добуш алды, башкача айтканда, ал башка партияларга карата көбүрөөк абайлап мамиле кылышы керек», - дейт Какчекеев.
Жекшемби күнү жергиликтүү шайлоо өткөн Кыргызстандын башка бир шаарында айрым бир чыңалуунун белгиси катары толкундоолор болуп өттү. Полициянын берген маалыматына караганда, Ысык-Көлдүн чыгыш жагында жайгашкан Каракол шаарынын шайлоо участоктору жабылгандан кийин таяк жана таш менен куралданган 80ге жакын киши муниципалитеттин имаратына кирип келип, терезелерди талкалашкан. Полиция алар шайлоочулардын тизмедеги аты-жөнүн чийип салган тартип бузууга жана өлкөнүн башка аймактарынан келген шайлоочулар добуш беришкенине нааразы болушканын кабарлады.

«Reuters», 6-март,2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу