Аналитика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
07/03 11:56
 

Дыйкандарга жеңилдетилген, бирок жетпеген насыя

Дыйкандарга жеңилдетилген, бирок жетпеген насыя

Быйыл кыргыз өкмөтү жазгы талаа жумуштарына колдоо көрсөтүү багытында дыйкандарга жеңилдетилген насыя бере баштады. Бул багытта бюджеттен 1 миллиард сом бөлүндү. Өкмөттүн «Дыйкандарга жеңилдетилген насыя» программасына ылайык, бир адамга өсүмдүк өстүрүү багытында 200 миң сомго чейин, мал чарбачылыгы багытында 300 миң сомго чейин акча берилет. Албетте, бул колдоо бардык дыйкандарга жетпейт. Кыргызстан калкынын 65 пайыздан ашыгы айыл жеринде жашаарын эсепке алсак, колдоо көрсөтүү колдун жугундай эле болуп калат.

Аздырган пайыз
Быйыл дыйкандарга бериле турган насыянын пайыздык үстөгү 2 пайызга төмөндөдү. Албетте, бул жакшы жылыш. Былтыр насыя бир жылдык мөөнөт менен 9 пайыздык үстөгү менен берилсе, быйыл 7 пайыз менен берилүүдө. Бирок насыянын аздыгынан улам айылдыктардын микрокредиттик компанияларга карыз болуп жатканы башкы маселе. Жер иштетип, мал баккандан тартып күнүмдүк турмуштагы көйгөйлөр үчүн алынган насыялар айылдыктарга оорчулук гана келтирүүдө. Анткени микрокредиттик компаниялар насыяны кеминде 30 пайыздык үстөгү менен берет.
«Республика» фракциясынын депутаты Нурбек Алимбеков микрокредиттик компаниялар айыл тургундарынын «канын соруп» жатканын белгилейт. Анын айтымында, былтыр микрокредиттик компаниялардын кредиттик портфели 50 пайызга чейин көбөйгөн. Бул микрокредиттик уюмдардын пайыздык үстөктү каалагандай коюп, элге насыя берип жатканынан улам көбөйдү. «Эл аргасы жок насыя алып, бирок төлөй келгенде кыйналып калууда. Ушундан улам өкмөт тарабынан бериле турган жеңилдетилген насыяларды жалаң дыйкандарга эмес, үч багытта бериш керек. Насыянын жалпы көлөмүн 2 миллиард сомго жеткирсек, 800 миллион сомун дыйкандарга, 700 миллион сомун мал чарбасына жана дагы 700 миллион сомдой акчаны айыл жеринде чакан ишкерликти өнүктүрүүгө бериш керек», - дейт депутат.
Мында жеңилдетилген насыяны кайра төлөп берүү мөөнөтү да көп талаш туудуруп келет. Анткени бир жылда алган насыяны пайыздык үстөгү менен кошо кайтарып берүү бардык эле дыйкандын колунан келе бербейт. Буга дыйкандын кудурети гана эмес, табигый шарт, түшүмдүүлүк да таасир тийгизет. Ушуга байланыштуу насыяны кайра төлөп берүү мөөнөтүн бир жылдан үч жылга чейин узартуу боюнча сунуштар айтылууда.

Насыя берүүнүн шарттары
Дыйкандарга бериле турган насыя канчалык деңгээлде максаттуу пайдаланылып жатканы азырынча талдана элек. Бар болгону насыя тааныш-билишке көбүрөөк берилип, дыйкандардын олуттуу бөлүгү ага жетпей калып жатканы айтылып келет. Жетпегени аз келгенсип, тааныш-билиштик менен таратылышы калк арасында нааразылык жаратууда. Мисалы, Талас облустук мамлекеттик администрациясынын маалыматына таянсак, облуста жеңилдетилген шартта болгону 89 миллион 400 миң сом гана насыя берилет. Учурда 30 миллион 198,6 миң сомдук насыяны 313 дыйкан алды. Бирок насыя алыш үчүн өсүмдүк өстүрүү багытында дыйкандардан 55 миң 296 арыз, мал чарбачылыгы багытында 284 миң 816 арыз келип түшкөн. Демек, муктаж болгон дыйкандардын 10 пайызы да насыя ала алышпайт.
«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Гүласал Садырбаева айыл жерлеринде насыяны байлар жана күрөөсү көптөр алып жатат деп эсептейт. «Республикада бир айыл өкмөтүндө 120 гектар гана жер айдалган учурлар бар. Бул карапайым калктын жерди айдаганга каражатынын жоктугун көрсөтүп турат. Ошондуктан, насыя берүүгө катуу көзөмөл кылуу керек», - дейт Г. Садырбаева.
Бирок былтыр 9 пайыздык үстөгү менен бериле турган 1 миллиард сомдун 465 миллион сому гана дыйкандардын колуна тийген. Бул насыя берүүнүн жөнгө салынбагандыгы менен гана түшүндүрүлөт.

Эккен менен текке кетип...
Белгилүү болгондой, быйыл республикада буудай 614 миң гектар жерге, кант кызылчасы 11,7 миң гектарга, тамеки 3,5 миң гектарга, картошка 84 миң гектарга айдала турган болуп атат. Бирок анын кайтарымы канча болоору эсептелген жок. Алсак, айыл чарба министри Сапарбек Тынаев былтыр пахта менен тамеки гана өзүн-өзү актаганын айткан эле. Бул болсо 2011-жылы жыйналган түшүмдү сатып өткөрүүдө пахта жана тамеки гана кеткен чыгымды актай алды дегенди түшүндүрөт. Ал эми жашылча, жемиш баасы арзан болуп, дыйкандарга пайда алып келген жок. Буудай болсо, сапаты жагынан коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу начар болуп, сатып өткөрүү кыйынга турат. Ошентсе да, быйыл мамлекеттик материалдык резервге делип, дыйкандардан 5 миң 300 тонна буудай килограммы 13 сомдон сатылып алынган.
Учурда дыйкандар өзгөчө картошка менен капустаны сатып өткөрө албай убара болуп турган кези. Картошка жана капуста негизинен Казакстанга ташылат. Былтыр коңшу өлкөдө түшүм мол болуп, анын үстүнө чек аранын айрым өткөрүү пункттарынын жабык турушунун айынан, ошондой эле Бажы Биримдигинин жаңы тартиби менен тонналаган жашылча өтпөй калды. Ал ортодо Айыл чарба министрлиги капустаны сатып өткөрүш үчүн дыйкандарга Бишкектин базарларынан бекер орун берди. Бирок базарда көп нерсе арзан болгондой эле, баасы чыккан жок. Казакстанга саталы деген ой менен ал жерде бир нече жашылча сактай турган кампа менен камсыз кылуу боюнча макулдашууга жетишилди. Бирок кампага түшкөн капуста кайра өзүн актайбы же жокпу - ал көз жаздымда калды.
Бул багытта финансы министри Акылбек Жапаров: «Болуптур, айыл чарбасынан акча аябайлы. Быйыл этти, жашылча-жемиштерди эки-үч эсе көп өндүрөлү. Бирок, аны кайсы жакка алып барып сатасыңар? Мына, ушул жазда картөшкөнү дүңүнөн 3 сомдон сата албай дыйкандар банкротко учурады, капустасы дөбө-дөбө болуп чирий баштады», - деп бекер жерден айткан жок. Бирок бул маселеге азырынча чекит коюла элек. Тийиштүү мамлекеттик органдар «тигил аймакка бул өсүмдүктү айдоого кеңеш бердик, дыйкандар уккан жок» деген шылтоо менен гана чектелишүүдө.

Айыл, миграция жана насыя
Президент Алмазбек Атамбаев өткөн жылдын акырында парламентте сүйлөгөн сөзүндө курч маселелердин бири азык-түлүк коопсуздугу экенин айтып: «Бул маселе үчүн айыл чарбасы боюнча кабыл алынган улуттук долбоорлор сөзсүз аткарылыш керек. Суу каналдардын курулушу миңдеген гектар сугат жерлерин пайда кылат. Мындан тышкары дыйкандарга, малчыларга арзан кредиттер, техника лизингге берилиши керек. Ошондо элеттиктердин турмушу оңолот», - деген эле.
Учурда айыр чарбасындагы олуттуу жана чечиле элек бир топ көйгөйлөр бар. Ал дыйкандарды өз убагында жер семирткич, күйүүчү май менен камсыздоодон тартып, жерге эмнени, кантип эгишти үйрөтүү, жыйналган түшүмдү сатып өткөрүү маселелери. Жыйналган түшүмдү сатууда азырынча мамлекеттик колдоо көзгө анча көрүнө элек. Ал эми кайра иштетүү өнөр жайы солгун өнүккөн. Айрым пикирлер боюнча, дыйкандар жыйнаган түшүмдүн 7 пайызы гана кайра иштетилет. Калганы сатыкка коюлат. Ушундан улам дыйкандарга аз-маз насыя берүү эмес, айыл чарбасында алгылыктуу иштер жасалышы керек болуп тургандай.
«Дыйкандарга каржылык колдоо көрсөтүлсө, миграциялык агым токтойт» деген дагы пикирлер бар. Анткени учурда өкмөт дыйкандарга берип жаткан 1 миллиард сом эч нерсеге жетпейт. Бир айылда ашып кетсе он чакты адам насыя алышы мүмкүн. Бирок айыл чарба тармагын өнүктүрүп, калкты колдош үчүн насыяны көбөйтүш керек. Буга кошумча насыянын пайыздык үстөгүн азайтуу зарыл.
Азбы, көппү берилген каражат айыл чарбаны өнүктүрүүдө аз да болсо салымын кошуп, саналуу болсо да, үй-бүлө кирешесин көбөйтүүгө көмөкчү болот. Айылдыктардын мындай колдоого болгон муктаждыгынан улам өкмөт дагы каражат бөлүүнү ойлонуштуруп жатат. Бул багытта премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тапшырмасы менен фермерлерге 7-10 пайыздык үстөгү менен насыяберүү үчүн бюджеттен дагы 1 миллиард сом бөлүү маселеси каралууда.

Жолдош Жусупов, «Кабар»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу