Аналитика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
06/03 11:46
 

Материалдык эмес маданий мурас: байлык, бирок барктала элек

Материалдык эмес маданий мурас: байлык, бирок барктала элек

Кыргызстанда материалдык эмес маданий мурастардын Улуттук тизимин түзүү сунушталып жатат. Улуттук тизимге кирген мурастар Кыргызстандын менчиги болуп эсептелип, коргоого жана сактоого алынат. Көөнөрбөс мурастарды сактап, өнүктүрүү максатында кыргыз өкмөтү демилге көтөрүп, бул багытта «Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастары жөнүндө» мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна койду.
Баарынан кызыгы - материалдык эмес маданий мурастардын катарына маданий мурастын алып жүрүүчүсү катары тилди да киргизүү сунушталып жатат. Ошондой эле, мындай мурастардын ичине эпостор, оозеки салттар, эпос айтуу искусствосу, үрп-адаттар, салттар, элдик майрамдар, салттуу кол өнөрчүлүк менен байланышкан билим жана тажрыйба кирет. Булар элди руханий жана маданий жактан өнүктүрүүдө, ошондой эле илимий, окуу, тарбиялоо, туристтик жана экскурсиялык максаттарда колдонулат.
Албетте, демилге жакшы, башкысы мыйзамдын аткарылышында. Материалдык эмес мурастарды сактоо жаатында укуктук тартипти убагында жөнгө салбаганыбыздан улам «Манас» эпосу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк материалдык эмес маданий мурас тизмесине Кыргызстандын эмес, Кытайдын атынан кирип калганы белгилүү.

Талашка түшкөн «Манас»
2009-жылдын 2-октябрында Бириккен Араб Эмиратынын Абу-Даби шаарында 24 өлкөнүн катышуусу менен ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча өкмөт аралык комитетинин 4-сессиясы болуп өткөн. Анда Материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине танго бийинен тартып кытай каллиграфиясына чейин жалпысынан 76 пункт киргизилген. Дал ушул тизмени кыргыздын эпосу «Манас» Кытай Эл Республикасынын атынан толуктаган. Албетте, кытайлардын мындай демилгесине бир чети баа бергенге болот. Анткени алар «Манас» эпосун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү менен аны өнүктүрүүгө, жайылтууга ири суммадагы акча – 55 миллион юань бөлөт. Ушул жерде баса белгилеп айта кетсек, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунда «Манас» эпосу материалдык эмес маданий мурас катары эчак эле мамлекеттик коргоого алынган. Алар эпосту жайылтууга өтө көп акча сарпташат. Бирок бул демилгенин артында «Манас» дегенде дүйнөлүк коомчулук Кыргызстанды эмес, Кытай өлкөсүн түшүнүп калат.
Ошол кездеги ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиянын баш катчысы Жыпар Жекшеев «Манастын» тизмеге кириши жаман жаңылыкпы», «Нооруз деле Азербайжандын атынан көрсөтүлдү эле, эч ким нааразы болгон жок го» деп чыккан. Албетте, бул жерде «Манас» менен Нооруз майрамынын айырмасы асман менен жердей. Анын үсүтүнө жаңы күн, жаңы жылдын башталышы катары белгиленген бул майрам – Новруз, Науроуз, Нооруз, Навруз, Науроз, Невруз деген аталышта Дүйнөлүк материалдык эмес мурас тизмесине кийрүү арызы Кыргызстандын, Өзбекстандын, Азербайжандын, Индиянын, Ирандын, Пакистандын, Түркиянын атынан берилген. Ал эми «Манас» эпосу Кытайдагы кыргыздардын кайсы бир маданий борбору аркылуу берилген да, Кытайга таандык деп белгиленген. Бул маселеге байланыштуу эпос кыргыздыкы эмес, кытайдыкы деп адашуу болоору далилденген. Айрым кытай массалык маалымат каражаттары бул багытта макалаларды жарыялап жиберген. Алсак, кытайлык ММКлардын биринде мындай деген маалымат тараган: «Манас» «Гасэриада» жана «Жангар» менен бирге Кытай улутунун үч эпосу деп аталат. «Манас» негизинен Кызылсуу-Кыргыз автономиялык округунда, Текес талаасы, кыргыздар көп отурукташкан Синьцзян-Уйгур автономиялык районунда, ошондой эле Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстанда тараган». Демек, «Манас» кыргыз жеринде жаралбай эле, ал тараган жер гана болуп калууда. Эске сала кетсек, Кыргызстан улуу эпосту Дүйнөлүк материалдык эмес мурас тизмесине киргизиш үчүн өзүнүн билдирүүсүн 2000-жылдары эле берген. Бирок анда ЮНЕСКО «Манас» дүйнөлүк коомчулукка жакшы эле таанымал экендигин белгилеп, жакында эле 1995-жылы бүткүл дүйнөнү дүңгүрөтүп, ала-тоодой эт, ала-көлдөй чык менен далайларды коноктоп, «Манастын» 1000 жылдыгы белгиленгендигин «бетке» кармаган. Ушундан улам буга жакыныраак башка демилгени көтөрүүнү сунуштаган. Ошондо демилгечилердин дарамети менен «дастанчылык» же акындардын айтыш өнөрү тизмеге киргизилген болчу.
2011-жылы «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Карганбек Самаков, ага улай экс-президент Роза Отунбаева АКШга барып, ЮНЕСКО жетекчилиги менен жолугушуп, эпосту кайрадан Кыргызстандын атынан киргизүүгө болоорун айтып чыккан. Ал гана эмес ЮНЕСКО бул маселе боюнча комиссия түзүүгө да даяр экени белгилүү болгон. Андан бери бул багытта жетиштүү аракеттер көрүлдү. Токтомдор токулду, мыйзамдар кабыл алынды. Экс-президент Роза Отунбаева «Манас эпосу жөнүндө» мыйзамга 2011-жылдын 9-июнунда салтанаттуу түрдө кол коюп, бул мыйзам «Манас» эпосунун үчилтигин сактоого, өнүктүрүүгө жана даңазалоого байланышкан маселелерди жөнгө салмак болду. Ага улай өкмөт аталган мыйзамдын негизинде иштелип чыккан «Манас» эпосун сактоо жана өнүктүрүү боюнча улуттук программа кабыл алды. Улуттук программада мындай деп жазылган: «Маданий баалуулуктарды жоготуу - орду толгус жана кайталангыс. Ар бир мурасты жоготуп алуу, анын тарыхый эстелигинен айрылуу азыркы жана келечектеги муундардын жашоосунун бардык тармактарына терс таасир калтырып, руханий төмөндөөгө жана бүтүндөй коомду руханий жардылыкка алып келет. Заманбап маданиятты өнүктүрүү, жаңы маанилүү чыгармаларды жаратуу маданий баалуулуктардын ордун толтура албайт. Маданий баалуулуктарды чогултуу жана сактоо коомдун өнүгүшүнүн негизи болуп саналат». Жакшы сөздөр.
Улуттук программаны ишке ашыруу 2012-жылдан баштап 2017-жылга чейин эки этапта пландаштырылган. Биринчи этапта же 2012-жылы «Манас» эпосун сактоону, изилдөөнү жана аны кеңири жайылтууну уюштуруу менен катар жогоруда айтылган «Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастары жөнүндө» мыйзамын иштеп чыгуу, Кыргызстандын материалдык эмес маданий мурастарынын обьектилеринин улуттук тизимин иштеп чыгуу каралган.
ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар жөнүндө Конвенциясына ылайык, «материалдык эмес маданий мурас» деген түшүнүк коомчулук, кайсы бир топ же айрым учурда жеке адамдар тарабынан алардын маданий мурасынын бир бөлүгү катары көрсөтүлгөн салттары, билими жана ыкмалары, ошондой эле аларга байланышы бар жабдыктар, артефакттар жана маданий мейкиндик кирет. Аталган Конвенцияда мындай деп жазылган: «Бул Конвенциянын максаты катары адам укуктары боюнча эл аралык укуктук актыларга жана коомчулуктун, топтордун жана жеке адамдардын өз ара сый-урматы, ошондой эле туруктуу өнүгүүнүн талаптарына туура келген материалдык эмес маданий мурастар кабыл алынат». Демек, ЮНЕСКО кыргыз коомчулугунун кыйырдан үн салган ««Манас» кыргыздыкы жана Кыргызстандыкы» деген ой-пикири, тилеги жана үмүтү жерде калбайт деген жыйынтык чыгарууга болот. Тилекке каршы, Кыргызстан азырынча токтом, мыйзам, программа менен гана чектелүүдө.

Мээрим Ибраева, «Кабар»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу