02.03.2012, 21:01

CNN: Кытайда кайрадан уйгурлар менен чыр-чатак чыкты

CNN: Кытайда кайрадан уйгурлар менен чыр-чатак чыкты

Уйгурлар «Кытайдын түндүк-батышында полиция башаламандыктарды катуу басып жатат» деп билдирүүдө

Шаршемби күнү АКШда жашаган уйгур лидери өлкөнүн алыскы түндүк-батыш провинциясында болуп өткөн, бир нече адам курман болгон кытайлар менен уйгулардын кагылышуусунан кийин «кытай бийлиги ондогон адамдарды камакка алды» деп билдирди.
 

Кытайдын «Синьхуа» мамлекеттик маалымат агенттиги «шейшемби күнү өлкөнүн түндүк-батышындагы Кашгар шаарында болгон тополоң учурунда 12 адам курман болду жана дагы эки адам полиция менен кагылышкан учурда мерт болду»,- деп кабарлады.

«Синьхуа» агенттиги «чуунун баары ошол кезде базарда жүргөн элге бычак менен куралданган адамдардын тобу кол салгандан кийин башталган» деп билдирди.
 

Бүткүл дүйнөлүк уйгурлар конгрессинин вице-президенти Канат Омардын ырасташында, тополоң учурунда 16 адам өлгөн, алардын ичинде Кытайдын коопсуздук кызматынын 7 кызматкери да бар.

«Бизге курман болгондор тууралуу ар башка маалыматтарды берип жатышат. Биз эмне болгонун даана билбейбиз. Жергиликтүү жашоочулар Конгресске «тополоң базарда уйгур жаштары менен кытайлардын ортосунда пикир келишестиктен улам башталды», деп айтышты. 

Болуп өткөн башаламандыктан кийин Кытай бийлиги репрессия кылып, камакка ала баштады, бизге жеткен маалыматтарга караганда 80 адам камакка алынган. Эми бийлик бул инцидентке аралашкан адамдарды издеп жатат», - деп айтты Омар.

CNNдин кабарчылары курман болгондордун саны тууралуу эки тараптан тең түшкөн маалыматтарды тактай алышпады.  Уйгурлар Кытайдын калкынын басымдуу бөлүгүн түзгөн хань элинен лингвистикалык, маданий жана диний жактан айырмаланып, мусулман болуп эсептелет.

Кытай бийлиги Синьцзян провинциясында 2009-жылы июль айында кытайлар менен уйгурлардын ортосунда чыккан, 200 адам курман болуп, 1700дөн ашык киши жабыркаган мурдагы болгон зомбулуктарга уйгур тектүү ислам жоочуларын күнөөлөгөн. 
 

Зомбулуктан кийин коопсуздук режимин катуулатуу Кытайдын алыскы батыш аймагында жашаган, 9 миллион калкы бар көп сандаган уйгурлардын арасында тескери реакцияны пайда кылды «Репрессиялар уланууда.

Алар уйгурларды бардык жагынан кысымга алып жатышат. Мындан улам эл капаланууда, биз өзүбүздүн нааразылыгыбызды билдирүүгө эч кандай мүмкүнчүлүгүбүз жок. Тилекке каршы, кээ бир адамдар чыдабай зомбулукка барып жатышат», - дейт Канат. 
 

Шейшемби күнкү тополоң Кашгар менен андан 258 чакырым түштүктө жайгашкан Йеченгди байланыштыра турган жаңы автомагистрал ачылып жаткан учурда болду. Автомагистралдын баасы болжол менен Кытай бюджети үчүн 579 миллион АКШ долларына турду.
 

Пекин коңшулаш Афганистан менен Пакистанда иш алып барган «Чыгыш Түркстан ислам кыймылы» сепаратисттик уюму менен байланышкан уйгур жоочуларынын тобу аймактагы чыр-чатакты тутандырып жатат деп эсептейт. Декабрда Пишань деген айылда уурдалып кеткен эки туткунду куткаруу учурунда кытай бийлиги жети уйгурду өлтүргөн.
 

Бул инцидентти Стокгольмда иш алып барган Бүткүл дүйнөлүк уйгур конгресси четке кагууда, конгресс ал адамдар жергиликтүү полициянын имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрүп жаткан кезде полиция тарабынан өлтүрүлгөн деп ырастайт.

Алар Хотан шаарында болгон жагдайда коопсуздук күчтөрүнүн кылган иш-аракетине нааразылык билдирип чыгышкан болчу. Синьцзян бийлиги Кытайдын коопсуздук режими быйыл жылы боло турган өлкө жетекчисин алмаштыруу алдында күчтөнүп жаткан кезде кошумча дагы 8000 полиция ишке алынаарын билдирди.
 

Канат полициянын саны көбөйгөнү менен «бул бардык маселелерди чечпейт, тескерисинче көп зомбулукка себеп болуп калат» дейт. «Кытай бийлиги зомбулукту токтотууга аракет кылбай жатат.

Ал ошол жакта жашаган калктын үнүн угууну каалабайт. Алар болгону ар кандай жаңыча ойлонууну күч менен баскысы келет», - деди Канат.

CNN, 1-март, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»