Аналитика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
02/03 18:05
 

Сыры да, чыры да көп «Кумтөр»

Сыры да, чыры да көп «Кумтөр»

Кыргызстанда «Кумтөр оперейтинг компани» алтын кен ишканасы кайрадан талкуунун так борборунда болууда. Коомчулукта толгон-токой суроо жараткан ишкананын тегерегиндеги маселелер улам иликтенип, бирок изи жок кайра эле жабылуу аяк жабык бойдон калып келет.   

14-февралда өкмөт «Кумтөр» кенинде алтын казып алуу ишинин экологиялык жана өндүрүштүк коопсуздугуна байланыштуу маселени карап, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма берген. Анын ичинде Петров көлүнүн жарылуу коркунучунун алдын алуу чараларын көрүү, «Кумтөр» кенинде тиричилик жана өндүрүштүк таштандыларды жок кылуу ишинин Кыргызстандын экологиялык мыйзамдарга ылайык келишин текшерүү сыяктуу иштер тапшырылган. Бул иштерди Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттин инспекция, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жана «Кыргызалтын» ААКы аткарган. Буга карабастан, Жогорку Кеңештин депутаттары аталган компаниянын ишиндеги кемчиликтерди жар салып, «күңгөй-тескейин текшерели» деп депутаттык комиссия түзүштү. Мынчалык кызыгууну жана ызы-чууну жараткан «Кумтөр» кенинин өлкө экономикасы менен экологияга тийгизген таасирин, жалпыга белгилүү болгон ишиндеги кемчиликтерди талдап көрөлү.  

«Кумтөр» алтын кени 1978-жылы ачылган, кенди казып алуу боюнча техникалык-экономикалык негиздеме 1989-жылы даярдалган. Бирок долбоордун баасы кымбат деп, иштетилбей калат. Ошол кезде кенди иштетүү долбоору болжол менен 1,4 миллиард доллар деп бааланган. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү жаралып, алтын казып алуу укугу Канаданын «Камеко» компаниясына берилет. 1992-жылы декабрда Канаданын Торонто шаарында алтын казып алуу боюнча Башкы макулдашууга кол коюлат. 1993-жылдын февралында долбоорду ишке ашыра турган «Кумтөр оперейтинг компани» түзүлөт. 1994-жылы курулуш иштери башталып, 1997-жылы алтын казылып алына баштайт. 2009-жылы геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүп, «Кумтөр» кенин иштетүү 2019-жылга чейин узартылат. Учурда Кумтөрдө казылып алынган алтынды «Кыргызалтын» ААКысы сатып алып, кайра иштетүү менен андан ары сыртка сатат. Кыргыз өкмөтү «Кумтөр» ишканасы боюнча Канада тарап менен 2009-жылдын апрель айында жаңы келишимге кол койгон. Ага ылайык, Кыргызстан бул ишканадагы 16 пайыз акция үлүшүн 30 пайызга чейин көбөйткөн. «Кумтөр» кенин иштетүү жалпысынан 3 миңден ашык адамды жумуш менен камсыз кылууда. Анын ичинен 2710 киши туруктуу иштейт. Мында 2573 киши Кыргызстандын жарандары болсо, 137 чет элдик адистер.Тапканы жакшыбы же «бакканыбы»? Кумтөр кенинен канча киреше түшкөнү тууралуу коомчулук так маалыматты билбейт. Мисалы, «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Садыр Жапаров Кумтөрдө алтын казып алуудан 10 миллиард доллар киреше түшсө, анын 1,4 миллиард доллары гана Кыргызстанда калганын айтып чыкты. Депутат «Кумтөр оперейтинг компани» ЖАКы 8 миллиарддан ашык долларды мыйзамсыз түрдө алды деп эсептейт.Буга кошумча Садыр Жапаров «Кумтөр» алтын кен ишканасынын курулуш иштерине сарпталган акчанын 200 миллион доллары дайынсыз жок болгонун билдирди. Курулуш иштерине 275 миллион доллар керек болсо, иш жүзүндө 475 миллион доллар сарпталган (ишкананын расмий сайтында бул 452 миллион доллар деп көрсөтүлгөн). «Мында 200 миллион долларды ошол кездеги бийлик менен Канаданын компаниясы чөнтөккө салып койгон», - дейт С.Жапаров.  

Экономикадагы «эмгеги». Көп учурда жогорку бийликтегилер «Кумтөрдү» бюджетти калыптандыра турган ишкана деп баалашат. Ишканын расмий сайтында «Кумтөр» өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн 2,5тен 8,5 пайызга чейинкисин түзөөрү тууралуу маалымат берилген. Улуттук статистика комитетинин 2011-жыл боюнча эсептөөлөрүндө ички дүң өндүрүм 273 миллиард 107,8 миллион сомду түзсө, «Кумтөрдү» эсепке албаганда экономикалык өсүш 240 миллиард 618 миллион сом деп бааланган. «Кумтөр» ишканасы төлөгөн салык Кыргызстан боюнча жалпы салыктын 7-8 пайызын түзөт. Алсак, былтыр 78 миллиард 964 миллион сом салык жыйналса, анын 6 миллиард 850 миллион сому «Кумтөр» кен ишканасынан түшкөн. Бирок ишкананын расмий сайтында 2011-жылы 18,1 тонна алтын казылып алынганы, мамлекеттик казынасына түшкөн салыктар менен төлөмдөр 8 миллиард сомду түзгөнү тууралуу маалымат берилген.  

Экономикага «эпкини» тийеби? 2012-жылга карата республикалык бюджет долбоорунда жакынкы жылдары «Кумтөр» кенинде өндүрүш азайып, анын натыйжасында жалпы өнөр жай тармагында өсүш басаңдай тургандыгы белгиленген. Буга быйылкы жылдын алгачкы айындагы статистикалык көрсөткүчтөр далил болот. Алдын-ала баалоо боюнча, январда ички дүң өндүрүм былтыркы жылга салыштырмалуу 12,5 пайызга төмөндөп кетти. Буга өнөр жай тармагындагы 31,7 пайыз төмөндөө негиз болсо, өнөр жайдагы мындай көрсөткүч Кумтөрдөгү өндүрүштүн басаңдашы менен негизделди. Финансы министри Акылбек Жапаров былтыр өнөр жай тармагы ички дүң өндүрүмдүн 11,4 пайызын түзсө, быйыл «Кумтөр» алтын кенинде өндүрүштүн азайышы менен 7,4 пайыз гана болоорун айтып чыкты. Натыйжада быйыл гана эмес, 2013-жылы өнөр жай тармагы ички дүң өндүрүмдүн 5 жана 2014-жылы 4,3 пайызына чейин төмөндөйт. Жалпысынан 1997-жылдан бери «Кумтөр» кенинен 260,7 тонна алтын казылып алынды. 2012-жылы 17,8-19,4 тонна алтын өндүрүү каралган.  

Жаратылыш «жардылыгы».«Кумтөр» кенин иштетүү айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтирип жатканы бир эмес, миң ирет айтылды. КСДП фракциясынын депутаты Элмира Иманкожоева «Кумтөр» кениндеги жардыруулардын кесепетинен мөңгүлөр тездик менен эрип жатканын айтып чыкты. Алтын кенинде күнүнө эки жолу жардыруу болот. Бул жардыруулардын айынан Петров жана Давыдов мөңгүлөрү тездик менен ээрип жатканы байкалууда. Мында жылына 61 метр мөңгү ээрип жатканы аныкталган. Ал гана эмес, Давыдов мөңгүсүнүн үстүндө өндүрүш иштери жүргүзүлүп, ал жоголуу коркунучунда турат. Мындан тышкары,«Кумтөр» кенин иштетүү Петров көлүнүн жарылып кетүү коркунучун жаратууда. Эгерде Петров көлү жарылса, зыяндуу өндүрүш калдыктары сакталган жерди жууп кетет. Бул өтө кооптуу. Анткени ал тоодон ылдый аккан суу агымына кошулуп кетип, карапайым калк жабыркашы мүмкүн. Анынүстүнө зыяндуу калдыктардын көлөмү көбөйүп жатканы белгилүү. Учурда кен иштетүүдөн чогулган зыяндуу калдыктын көлөмү 36 миллион кубометрге жетти. Долбоор боюнча калдык көлөмү 100 миллион кубометрди түзөт. Мынчалык көлөмдөгү уулуу калдыктарды сактоонун өзү эле кооптуу. Анткени «Кумтөр» кениндеги зыяндуу калдыктарды сактоочу жай 8 баллдык жер титирөөгө гана эсептелген. Ал эми окумуштуулар 2015-жылга чейин Борбор Азияда катуу жер титирөөлөр болушу ыктымал деген божомолду айтып жатышат.  

«Барскоон-Кумтөр» баяны. 14 жыл мурда Барскоон айылында болгон кырсыктын кесепеттери тууралуу бүгүнкү күнгө чейин түрдүү маалыматтар айтылып келет. Бирок бир да жолу атайын текшерүү жүргүзүлүп, элдин саламаттыгы дыкат иликтенген жок. Буга кошумча, депутат Садыр Жапаров «Кумтөр оперейтинг компани» ЖАКы Барскоон окуясы боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткарбай койгонун айтууда. Анткени 1998-жылы болгон Барскоон окуясында жерди рекультивациялоого 4 миллион доллар берилген. Ал эми Америкада ушундай эле кырсык катталып, жерди рекультивациялоого 50 миллион доллар бөлүнгөн.

Жер «басып алуубу?» Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары Абдыкалык Рустамовдун айтымында, «Кумтөр» кенин иштетүүдө жер участкалары мыйзамсыз берилген. Учурда «Кумтөр оперейтинг компани» ЖАКы 4 миң 380 гектар жерди мыйзамсыз пайдаланып жатат. Мында өзгөчө корукка алынган жер участогу да берилип калган. Депутат Элмира Иманкожоева 2005-жылы ошол кездеги бийлик кошумча 26 гектар жерди, 2006-жылы 10 гектар, 2007-жылы 44 гектар жерди бергендигин айтты. Бирок берилген жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жергиликтүү бийликке жер салыгы берилген эмес. Мындан тышкары, жер участкасы өндүрүштүк багытта эмес, жайыт катары берилген.  

Төлөм бербей... Ушул тапта Социалдык фонд «Кумтөр» алтын кен ишканасынан камсыздандыруу төлөмдөрүн өндүрүп алуу боюнча соттошуп жатат. Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абулгазиевдин айтымында, «Кумтөр» кен ишканасы бийик тоолуу шартта иштегендиги үчүн маянага кошумча бекитилүүчү акы төлөйт. Дал ушул кошумча акыдан алына турган камсыздандыруу төлөмдөрү белгисиз себептерден улам берилбей келген. Соцфонд сот аркылуу «Кумтөр» кен ишканасынан 2010-жыл үчүн 302 миллион сом өндүрүлүп алса, 2011-жыл үчүн ишкана өз эрки менен 437 миллион сом берген. Жалпысынан эки жыл үчүн 739 миллион сом көлөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрү өндүрүлүп алынган. Ал эми  быйылкы жыл боюнча Социалдык фонд кайрадан сотко кайрылган. Буга байланыштуу «Кумтөр» ишканасынын кызматкерлери чыгымдарды өздөрүнүн айлык акысынан эмес, компания төлөп бериши керек деп талап кылып, иш ташташты. Анткени камсыздандыруу төлөмдөрү 2012-жылдын январь айынан баштап жумушчулардын эмгек акысынан кармала баштаган. Акыры компания жетекчилиги кепке келип, бул маселе чечилип, кызматкерлердин маянасына «кол салуудан» баш тартты.  

Жогоруда айтылгандын баарын он депутаттан турган (ар бир фракциядан экиден) комиссия иликтеп, 15-майда жыйынтыгын бермек болду. Биринин артынан бири түзүлгөн комиссия кандай тыянакка келээри азырынча белгисиз.

Мээрим Ибраева, «Кабар»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу