Аналитика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
29/02 23:24
 

«Азаттык»: Тажик мигранттары Путинди колдоп чыгууда

«Азаттык»: Тажик мигранттары Путинди колдоп чыгууда

Путиндин эң эле күтүлбөгөн тарапташтары - Тажикстандан келген эмгек мигранттары

Эмгек эзүүсүнөн, полициянын куугунтугунан баштап скинхенддердин кол салуусуна чейин башынан өткөргөн Каромат Шарипов Россияда тажиктер кандай көйгөйлөр менен бет келишээрин эң жакшы билет. Тажик мигранттарына колдоо көрсөткөн топтун жетекчиси болуу менен ал эмгек мигранттарына жумуш таап берүү, кылмыш иши козголгондорго укуктук жактан жардам берүү сыяктуу көмөк көрсөтүп, алардын ар кыл тагдырларына күбө болуп, кыйынчылыгын тең бөлүшүп келет. 
 

1996-жылдан бери Россияда жашагандыктан ал тажик жана башка Борбор Азиядан келген улут өкүлдөрү Россияда кандай көргүлүктү көрөрүн жакшы түшүнөт. Бул маселелер Путиндин 12 жылдык башкаруу доорунда ого бетер тереңдеп кетти, анын себеби улутчулдук сезимдердин күчөгөнүнө байланыштуу. Бирок мунун баарына карабай, мурутчан жана харизмалуу Шарипов Путиндин Кремлге үчүнчү мөөнөткө кайтып келүүгө кылган аракетин колдойт жана Россиядагы тажиктерди дагы азыркы өкмөт башчыны жактап чыгууга үндөп жатат. 
 

Россиянын борборундагы өзүнүн офисинде олтуруп алып ал өкмөт башчынын дубалга илинген портретин көрсөтүп: «Ал сөз менен иштин адамы! Карагыла, бул жерде дал ушинтип жазылган. Мен Путин тууралуу эмне деп ойлойм? Чын эле ал сөз менен иштин кишиси», - деп мактап бүтпөй аткан кези.  Шариповдун позициясы бир караганда парадоксалдуу болушу мүмкүн. Талдоочулардын пикиринде бул позиция Россиядагы эмгек мигранты болобу же Россиянын атуулдугун алгандар болобу, тажик коомчулугунун чоң бөлүгү менен болгон мамилени чагылдырып турат жана бекемделишине салым кошот. 
 

Шариповдун айтымында, Путинди Россиядагы 90% тажик эмгек мигранттары колдойт. Шариповдун сөзүн далилдеген сурамжылоо жок, бирок ырасталбаган далилдер да Россиядагы эң бир таасирдүү адамды тажиктер колдой турганын көрсөтүүдө.
 Путинге карата колдоону ого бетер жандандырыш үчүн Шарипов 11-февралда Россиянын жарандыгына ээ болгон өз мекендештерин жыйнап, 4-мартта боло турган президенттик шайлоодо Путинге добуш берүүгө үндөш үчүн тажик диаспораларынын конгрессин уюштурду.

Коркунучка кептелбей...
Айрым расмий булактарга таянсак, 700 миң тажик атуулу Россияда иштеш үчүн расмий уруксат алган, бирок укук коргоочулар айткандай, ар бир мыйзамдуу мигрантка экиден мыйзамсыз иштеген мигрант туура келет. Шариповдун айтымында, Россияда жалпысынан 2 миллионго жакын тажик иштеп жатат.
 

Алардын Путинге карата «берилгендиги» бир нече себептерге байланыштуу деп эсептейт талдоочулар. Кайсы бир деңгээлде бул азыркы өкмөт башчы күчтүү инсандын имиджин түзгөнүнөн улам болушу мүмкүн, себеби Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын көбү ушундай имиджге ээ.
Анан калса, Россияда иштеп жаткан тажик мигранттарынын көбү мыйзамсыз жүргөндүктөн тажиктер алардын мекендештеринин «сак-саламатта турушу» Кремлдин «меймандостугунан» көз каранды экендигин жакшы түшүнүп турушат жана дал ушундан улам алар «уктап жаткан арстандын мурутунан тарткысы» келбейт.
 

Россиядагы тажик коомчулугунун жагдайы кооптуу экени былтыр ноябрь айында Тажикстан Россиянын жараны болгон эки учкучту кармагандан кийин айкын көрүндү. Ошондо орус бийлиги жүздөгөн тажик мигранттарын кармаган. Борбор Азия жана Кавказ боюнча КМШ институтунун директору Андрей Грозин Путинди колдоо Россиядагы тажик диаспораларынын арасында «кеңири жайылган» деп белгилөө менен мунун себеби «алардын100 пайыз бийликтен көз каранды болгондугу» экендигин кошумчалады. 
 

Учкучтар менен болгон чыр-чатактын убагында диаспоралар тажиктерди массалык түрдө депортация кылып жибербейби деп чочулашкан. Албетте, андай болгон жок, бирок буга окшогон кадам Россиядан которулган акча өлкөнүн ИДПсынын жарымын түзгөн Тажикстанга кыйроо алып келээри шексиз болчу.

«Путин – биздин киши»
 Путинди колдоп жаткан мигранттар көп экенин кээ бир жөнөкөй гана учурлардан байкаса болот. Мисалы, Путинди колдогон митингде журналисттер абдан көп тажик эмгек мигранттары келгенине күбө болушкан.  Ушул айдын башында өзүн тажикстандык Толибжон Курбанханов деп атаган адамдын онлайн-видеосу пайда болду, анда ал Путинди Россияны сактап калган «Кудайдын элчиси» деп мактап, чын жүрөктөн чыккан одасын ырдайт. Видео Интернет боюнча тез эле таркап кетти. 
 

«Миграция жана мыйзам» деп аталган топту жетектеген Гавхар Джураева көптөгөн кесиптештери сыяктуу эле Путинди колдойт турганын айтты. Анын сөзүнө караганда, Путинди колдоого прагматизм аргасыз кылууда.  Жана албетте, бул 33 жаштагы эч жерде катталбаган мигрант Сирожиддин үчүн да эң эле туура жол, ал Москванын курулуштарында бир нече жылдан бери иштеп келет.

 «Мага жумушчу визанын кереги жок. Мен бул жерде көп жылдан бери жумушка уруксат албай эле иштеп келе жатам. Бардык партиялардын жана саясатчылардын ичинен эң эле татыктуусу Путин деп ойлойм», - дейт ал.  Президенттикке ат салышып жатышкан Коммунисттердин лидери Геннадий Зюганов жана ультра улутчул Владимир Жириновский Россияга келген Борбор Азиялыктарды колдош үчүн эч нерсе кылышкан эмес. Ал эми дагы бир талапкер, Путинге либералдуу альтернатива катары көрсөтүлүп жаткан миллиардер Михаил Прохоров тажик мигранттары үчүн визалык режимди киргизээрин айтты. 
 

Ушул айдын башында Москвага келген 42 жаштагы Алишер Усманов жалгыз гана Путин Россиядагы жана анын айланасындагы аймактарда болгон кризистерди чече алат деп эсептейт. «Эгерде ал болбосо Россияны ким терең аңдан сууруп чыгат?» - деп сурайт ал. «Россия постсоветтик мейкиндиктин локомотиви болуп эсептелет. Тажикстандагы жагдай жакшы жагына өзгөрмөйүнчө Россияга келе беребиз жана биздин орус туугандардан жумуштан жардам сурайбыз».

Том Балмфорс
«Азаттык» радиосу, 25-февраль, 2012-жыл
Котормо –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу