Аналитика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
28/02 20:05
 

«Telegraph»: Казакстанда кайрадан оппозициянын нааразылык акциясы өттү

«Telegraph»: Казакстанда кайрадан оппозициянын нааразылык акциясы өттү

Казакстанда кайрадан өкмөткө каршы нааразылык акциясы болду

Өткөн аптада Казакстандын мурдагы баш калаасы Алма-Ата шаарында уруксатсыз митингге кайрадан 300гө чукул өкмөткө каршы демонстранттар чыкты.
Полиция кызматкерлери азыраак катышкан өткөн айдагы митингден айырмаланып, бул жолу алардын саны абдан көп болду. Союл менен куралданган жана ок өтпөс олпок кийген полициялардын саны демонстранттардыкынан ашып түштү. Алар чогулгандарга байкоо салып, «үйлөрүңөргө тарагыла» деп ынандырып жатышты. Акциянын катышуучуларына аянттын жанына митингге чыкпагыла деп тыюу салынгандан кийин алар митингди Алма-Атанын башкы көчөсүндө өткөрүштү.
 

Нааразылык акциясынын катышуучулары Батыш Казакстанда декабрь айындагы өкмөткө каршы митингде эң аз дегенде 16 киши курман болгонуна, эл аралык байкоочулардын баары «таза эмес өттү» деп баа берген өткөн айдагы парламенттик шайлоого жана бир катар оппозициялык журналисттердин кармалышына өз нааразылыгын билдиришти. Буга чейин бийлик оппозициянын башкы лидерлерин камакка алган. Нааразылык акциясынын учурунда полиция кызматкерлери эң активдүү активисттерди кармашты.

Казакстан Борбор Азиядагы эң бай мамлекет болуп эсептелет. Казакстан эгемендикке жетишкен 1991-жылдан бери өлкөнү Нурсултан Назарбаев башкарып келет. Мамлекеттеги туруктуулукту сакташ үчүн Назарбаев абдан көп аракеттерди жумшаган, эл аралык инвесторлорду тарткан жана өлкөнүн энергетикалык жана минералдык тармагын өнүктүргөн. Бирок Назарбаевдин каршылаштары аны адам укуктарын бузду жана ММКны кысымга алып жатат деп сындап келатышат.
 

Айтылган сындарга карабай, Назарбаевдин өлкөдө кадыр-баркы бар жана өкмөткө каршы нааразылык акциялары Казакстанда сейрек болчу көрүнүш. Көпчүлүк эл мамлекеттик бийликтен коркот жана өлкөнүн демократиялык идеалдарына караганда, өз турмушун жакшыртуу менен алек.

Джеймс Килнер
«Telegraph», 27-февраль, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу