Аналитика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
27/02 14:37
 

Эки тепкичтүү бюджет элет жеринде талаш маселеге айланды

Эки тепкичтүү бюджет элет жеринде талаш маселеге айланды

Кыргызстандын 2012-жылкы бюджети эки тепкичтүү болуп, анда салыктан, кирешелерден түшкөн каражаттын басымдуу бөлүгү жергиликтүү бийликтин казынасында калат. Эгерде эки тепкичтүү бюджетке өтө турган болсок, республикалык бюджеттен тышкары 25 шаардык жана 459 айыл округдук бюджет болот. «Бирок, бул эки тепкичтүү бюджетке өтүүгө айылдык округдар даяр эмес, аларда бюджеттик каражатты максатсыз пайдалануу күч алып, бийликти башкаруу түзүмүндө боштук, баш-аламандык пайда болот», - деп адистер алдын-ала айтып жатышат.
КР Каржы министрлиги бюджетти бөлүштүрүү жана аны аткаруу ачык жүргүзүлүп, бардык маалыматтар интернет-сайтка жайгаштырылып тураарын айтууда. Биз сүйлөшкөн облус аймагындагы айыл округдардын башчылары эки тепкичтүү бюджетке өтө турган болсок, айрым салыктардын түрлөрү жергиликтүү бюджетке калтырылып жатканына жана мурдагыдай район-облуска баш ийбей, республикага түзмө-түз баш ийип, өз алдынча иш алып барууга өтүп жатканын колдошоорун билдиришти. КР өкмөтү да ушул эки тепкичтүү бюджетти колдогула деп айтып жатканын Базар-Коргон айылдык округунун башчысы айтты. Айылдык округдун бюджети айылдык кеңештин сессиясында кабыл алынгандан кийин, ал өзүнүн сайтына жайгаштырылышы керек. Бирок алардын азыркы учурда интернет-сайттары жана электрондук отчет берүү боюнча маалыматтары жок. Ал эми айыл округ башчылары бул боюнча иштер качан башталаарын билишпейт.
 «Каражатты үнөмдөйбүз деп жатып, мамлекеттик башкаруу түзүмүнө зыян келтирип албасак экен?» деген түпөйүл суроо ар бирибизди бүгүнкү күндө ойлондуруп жаткан чагы. Ошол себептен, облус губернаторунун, райондун акиминин, райондук кеңештин төрагасынын, айылдык округдун башчысынын, финансы тармагын билген адистердин пикирин угуп, бул эки тепкичтүү бюджеттин күңгөй-тескейине иликтөө жасап көрдүк.

«Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү» мыйзам бузулуп жатат
Жалал-Абад облусунун губернатору Азизбек Турсунбаевдин пикиринде, эки тепкичтүү бюджетке өткөнгө айылдык округдар азырынча даяр эмес. Үч тепкичтүү бюджет болгондо, райондон көзөмөлдөп турганга жакшы болмок.
- Көпчүлүк айылдык өкмөттөрдүн билим деңгээли азыркы эки тепкичтүү бюджетти жөндөп кетүүгө жетишсиз. Биринчиден, аларды даярдаш керек болчу. Семинарларды өткөрүп, окуткандан кийин гана ишти башташ зарыл эле. Акчаны бүгүнкү күндө аларга түздөн-түз берип жатышат. Кирешени туура жана максатка ылайык башкаруу да чоң мааниге ээ. Бул үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлеринин даярдыгы болушу керек. Кийин көпчүлүк айыл округ башчылары акчаны максатсыз пайдаланып коюп, жоопко тартылып кетиши мүмкүн, - дейт А.Турсунбаев.
 Ал эми Сузак райондук кеңешинин төрагасы Бекболот Ибрагимовдун айтымына караганда, эки тепкичтүү бюджетке 2007-жылы өткөнбүз. Ошондон бери республикалык бюджеттен түз бериле турган теңдөөчү гранттардын бардыгы айылдык округдардын өздөрүнө келет. Ал эми үч тепкичтүү бюджет – райондук маанидеги ишканаларга, райондук мамадминистрацияга, райондук кеңешке 5-6 сап менен түзүлө турган гана бюджет. Б.Ибрагимов эгерде эки тепкичтүү бюджетке өтө турган болсок, анда райондук дэңгээлдеги мамлекеттик башкаруу түзүмүндө баш аламандык болуп калышы мүмкүн экендигин билдирди. 
- Бул үч тепкичтүү бюджетти жок кылгандан, бүгүн республика зыян тартса тартат, бирок пайда таппайт. Биринчиден, райондук кеңештин өзүнүн мыйзам ченемдүү укугу бар. Бул КР Конституциясында, «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү» мыйзамдын 31-статьясынын 2-бөлүмүндө, «Бюджеттин негизги принциптери жөнүндөгү» мыйзамдын 2-статьясында: «Жергиликтүү райондук деңгээлдеги бюджетти райондук кеңеш бекитет» – деп так  көрсөтүп жазып койгон. КР өкмөтү мына ушул мыйзамдарды бузуп жатат. Бул жерден өкмөт көп нерсени жоготот. Биринчиден, райондук деңгээлдеги мамлекеттик бийлик, райондук кеңеш бүгүнкү күндөгү бюджетти толтуруу жагын жакшы карабай калышы да мүмкүн. Себеби, алардын кызыкчылыгы жок. 
Мисал катары айтып кетсем, Сузак районунун 2009-жылдан баштап 2011-жылдын бюджетин салыштырсак, өткөн жылы 8 млн. сом кошумча коштук. Бул райондук кеңеш менен райондук мамадминистрациянын иши. Ошонун натыйжасында, көмүскөдөгү экономиканы ачыкка алып чыктык. Айрыкча тамактануу тармагындагылар,үч жыл мурун айына 10 миң сом төлөй турган кафе-ресторандар, бүгүнкү күндө бир айда 150-200 миң сомго чейин салык төлөп жатышат. Ушундай нерселер эртең райондук администрация менен райондук кеңешке өзүнүн терс таасирин тийгизип калабы деген ойдомун. Биз тапкан акчанын 30 пайызы райондун бюджетинде калчу. Ошол райондун бюджетинен айылдардагы муктаж болгон маселелерди чечүүгө болот эле. Былтыр биз 5 млн. 200 сомду үнөмдөп калганбыз. Бул салыкты көп түшүргөндөн, өзүбүз акчаны үнөмдөгөндөн улам ашыкча акча калган. Ал акчага техника сатып алууга болмок. Биздин тапкан акчаны өкмөт башчы өзүнүн буйругу менен, мыйзам чегинде эмес, каракчылык жолу менен алып койду. Бюджеттик мекемелердин үнөмдөлгөн акчаларынын баарын өкмөт борборлоштуруп, республикалык бюджетке алып кетти. Райондун акиминин, райкеңештин төрагасынын атайын фонддору бар эле. Муну да алып коюп жатышат. Азыр бир гана айлык акыны каржылай турган болуп жатат. Райондордун бюджетин жок кылыш үчүн биринчи Жогорку Кеңеш атайын мыйзам кабыл алыш керек эле. Бул боюнча биз КР өкмөтүнө кайрылганбыз, бирок азыркы күнгө чейин жооп келе элек,-
дейт ал.
Кыргызстан мындан беш жыл мурун эки тепкичтүү каржылоого өткөн мезгилде айылдык округдар жергиликтүү бюджеттин акчасын максатсыз пайдалануу менен айрым жетекчилер жоопкерчиликке тартылган учурлар да катталган экен. «Министрликке отчет беребиз деп, бир-эки жумалап Бишкекке барып жатып алып, айыл жериндеги проблемалар чечилбей калып, айыл округ башчылары менен эсепчилерин издеп таппай калган күндөрүбүз көп болгон»,- дейт бир курулуш мекемесинин жетекчиси. Анын айтымында, мына ушундай проблемалар жаралгандан кийин, мамлекет акыры үч тепкичтүү бюджетке келип токтогон. Бюджеттик каражатты максатка ылайыктуу пайдалануу чоң мааниге ээ болгондуктан, айыл округдарда каржы бөлүмүндө иштеген кызматкерлердин даярдыгы мыкты болушу керек.
Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Нурлан Коңкошевдин берген маалыматына караганда, өткөн 2011-жылы Ала-Бука районунун Көк-Серек менен Ала-Бука айыл округдары жана Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы боюнча 3 кылмыш иши ачылган. Үч кылмыш ишинен 602 миң 653 сом мамлекетке зыян келтирилген. Тергөө учурунда мамлекетке келтирилген зыян ордуна коюлган. Сот тарабынан 3 кылмыш иши боюнча үч адам күнөөлү деп табылып, бирөө беш жылга кесилип, экөөнүн иши сот тарабынан кыскартылган.
- Жалпысынан облустун прокуратура органдары тарабынан өткөн жылы кызматтык жана экономикалык 99 кылмыш иши тергелип, сотко өткөрүлүп, 96 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Мамлекетке 9 млн.сомдон ашык зыян келтирилип, анын 7 млн. сомдон ашыгы ордуна келтирилген. Анын ичинен 2011-жылы 4 млн. 889 миң 784 сомдук 29 экономикалык иш козголгон. Бул негизинен айылдык өкмөттөрдүн жана район-шаардык администрацияда иштеген кызматкерлери болгон. Тергөө учурунда 1 млн. 669 миң 107 сом өндүрүлүп, 20 иш сотко кеткен. Өндүрүшкө бириктирилген 2 кылмыш иши бар. Бир иш токтотулган, 5 иш тергелип жатат. Ал эми 10 кылмыш иш боюнча 10 адамга шарттуу жаза берилген. Сот тарабынан 15 иш каралып, 15 адам күнөөлүү деп табылып, 10 адамга ар кандай мөөнөткө шарттуу жаза берилип, 5 иш өндүрүштөн кыскартылган. Калган иштер соттун кароосунда, - дейт Н.Коңкошев.

«Айыл округдардын ФЭБнүн кызматкерлеринин кесипкөйлүк деңгээли төмөн...»
Облустун аймагында 72 айылдык округ бар. Өткөн жылы облустук мамлекеттик администрацияда өткөн жыйында айылокругдардын өзүн-өзү каржылоо деңгээлине мониторинг жүргүзгөндө алардын биринде да кошумча булактар изделип, бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо максатында иш жүргүзүлбөй тургандыгы айтылган болчу.
- Айыл округдар тарабынан өздөрүнүн аймагында жайгашкан дыйкан чарба, өзүнчө  үлүш жерлери бар дыйкандардын жыл ичинде төлөнүүчү салыктарын көзөмөлдөө гана иштери жүргүзүлүп келет. Ал эми чакан бизнес менен иш жүргүзгөн ишкерлерди салыкка тартуу маселелери азырынча айыл округдарда ишке аша элек. Айыл округдардын финансы-экономикалык бөлүмүнүн (ФЭБ) кызматкерлеринин кесипкөйлүк деңгээли төмөн, ишти уюштуруп, демилге менен иштешпейт. Мыйзамдар менен тааныштыгы жок, - деп облустук бийликтин финансы бөлүмүнүн башчысы Мирбек Тотонов коллегияда билдирген.
Анын айтымында, эки тепкичтүү бюджетке өткөндө райондук бюджет жоюлуп кетти. Райондук бюджетте турган мекемелердин бардыгы өкмөттүн атайын буйругу менен тиешелүү министрликтер менен комитеттерге өткөрүлүп берилди. Эки тепкичтүү бюджеттин жакшы жагы – бул реформа жүрүп жатат. Айылдык округдар каражаттарды борбордук казынадан түз алганга мүмкүнчүлүк алышты. Экинчи жагынан, ар кандай көйгөйлүү маселелерди райондук бюджетте турганда тез арада чечип коюуга мүмкүнчүлүк көп эле.
- Бизде азыр борбордон ажыратылбастан эле, кайра борборлоштурулуп, бардыгы Бишкекке топтолуп жатат. Биз эми айыл округдун бюджети деп бөлүп жатабыз. Бирок, алардын эмгек акы, соцфондго чегерүү жана башка корголгон  статьялардан тышкары каражаттары жок. Айыл өкмөттөрдө жашаган элдин турмуш-тиричилигин жакшыртууну, жана башка толгон-токой маселелерди чечүүнү аларга жүктөп жатабыз. Ушул эле учурда бул маселелерди чечүүгө алардын колдорунда каражаты жок. Биз айыл округдун аймагында чогулган каражаттардын өздөрүнө тиешелүү бөлүгүн гана таштап туруп, калганынын баары республикалык бюджетке которулуп, борборго кетип калып жатат. Анан ал жактан категориялык жана теңдөөчү грант болуп кайра келип жатпайбы. Маселе ошол жакта туруп жатат. Айыл өкмөттөргө эки же үч тепкичтүү бюджеттин айырмасы деле жок. Аларга каражатты мүмкүн болушунча берип, элдин көйгөйүн чечкенге шарт түзүп бериш керек, - деди М.Тотонов.
Тоолуу Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык округунун башчысы Смайыл Алмырзаев менен телефон аркылуу байланыштык. Ал учурда Бишкекте иштери менен жүргөндүгүн айтты. Эки тепкичтүү бюджеттин киргизилишинин жакшы жактары боюнча С.Алмырзаев өз оюн билдирди:
- Мен мурда айыл округ башчысы болгонго чейин көп жылдар бою ал жерде эсепчи болуп иштегемин. Эки тепкичтүү бюджет айыл округдун 25 негизги маселесин чечкенге өтө ыңгайлуу. Бул негизинен жергиликтүү калктын социалдык маселелери болуп саналат. Айылдык кеңештин сессиясында бир жылдын бюджети бекитилип, ал жыл бүткөнгө чейин өзгөртүлбөйт. Эми 460 айылдык округдун өзүнүн сайты ачылып, ал жерге айылдык кеңеш кабыл алган бюджет толугу менен илинет. Райондук бюджет бар мезгилинде, райондук финансы бөлүмүнүн көрсөтмөсү менен жергиликтүү бюджет улам-улам өзгөрүп турчу. Айылдык өкмөт башчысы айылдык кеңештин сессиясында кабыл алынган бюджеттин аткарылышы боюнча отчет берет,- дейт Каныш-Кыя айыл округунун башчысы.
Бирок айыл округ башчысынын мындай пикирине КР Экономикалык тескөө министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын жетекчиси Равшанбек Шарапов кошулбайт. Анын айтымына караганда, эки тепкичтүү бюджетке өтүү эртерээк болуп калды. Ага өтүш үчүн биринчи база керек. Айыл өкмөттүн бюджети бир жыл бою өзгөртүлбөйт деген өзү болбойт. Киреше менен чыгымдар ар дайым өзгөрүп турат. Ал үчүн айыл округдун финансы-экономикалык бөлүмүнүн кызматкерлери күчтүү болушу керек.
- Менин билгеним боюнча айыл өкмөттөр буга даяр эмес. Ал жерде түзүлгөн финансы-экономикалык бөлүмдүн башчыларынын айрымдары бюджет эмне экендигин билбейт. Алар мурунку эле системадагы башкы эсепчинин кызматын аткарып жүрүшөт. Ошондуктан, эки тепкичтүү бюджетке өтөөрдөн мурда бизде жасалчу ыкманы пайдаланыш керек эле. Тажрыйбасы бар бир айыл округду алып, анан аларды өткөрүп көрүп, анан ушул системага өтсөк жакшы болмок. Эми көп иштерди жасоону талап кылынат. Айыл округдарды компьтерлештирип, отчётторун электрондук вариантта даярдоо зарыл. Эми облус боюнча 72 айылдык округдун башчысы, эсепчиси Бишкекке иш сапарга барса, биздин орточо эсеп менен кварталына 500 миң сом кетет. Бир эле эсепчисине ушул сумма сарпталат. Эгерде башчысы менен эсепчиси экөө Бишкекке барып, 3-4 күн жүрсө бир кварталына сапар чыгымы эле 1 млн. сом болот экен. Мүмкүнчүлүгү бар айылөкмөттөргө жакшы болду. Ким кандай иштесе, ошол аракетине жараша көз каранды болот, - дейт Р.Шарапов.
Жыйынтыктап айтканда, эки тепкичтүү бюджетке өтүү менен Кыргызстанда бир топ көйгөйлүү маселелерди жаратаары белгилүү болуп калды. Реформа жүргүзүүдө илгери айылчарбасын талкалап салгандай кылбастан, бул маселенин өтө оош-кыйыш жактарын да ойлоп коюу зарыл экендигин реформачыл жетекчилер эске алып коюшса деген тилек.

Анархан Жаңыбаева, Жалал-Абад

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу