Аналитика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
24/02 16:59
 

Аялзатына акимдик жарашпайбы?

Аялзатына акимдик жарашпайбы?

Кыргызстанда олуттуу саясый окуяларда, алсак, жаңы бийлик келсе, же парламенттикпи, президенттикпи, айтор ар бир шайлоодо, жаңы дайындоолордо аялдардын саясаттагы салмагы канчалык деген кызуу талкуу жүрөт. Бул ирет район акимдерин шайлоо да аталган маселени козгоду. Анткени, премьер-министр тарабынан көрсөтүлгөн акимдикке талапкерлердин арасында аялдардын жоктугу сынга алынды. Албетте, Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен алгачкы жолу аял-президент (Роза Отунбаева - автор) башкарган өлкө катары тарых барактарында калды. Муну менен катар президенттикке талапкерлигин койгон алгачкы аял киши (Токтайым Үмөталиева - автор) да Кыргызстанга таандык болгон. Бирок 2005-жылы Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышында бир да аял-депутат болбогондугу менен да эсте калды. Бул боюнча БУУнун Парламент аралык биримдиги чуу салып, Кыргызстанды парламентте бир да аял болбогон дүйнөдөгү жападан жалгыз өлкө катары сыпатталган. Көп учурда өткөн тарыхка саресеп салуу менен аялдардын саясаттагы ордун ачыктап берүүгө далалат кылып келебиз. Бирок бул жолу учурда Кыргызстанда аялдардын саясат айдыңындагы ролу тууралуу талдап көрсөк.

Кыргызстан 2010-жылы мамлекеттик башкаруунун жаңы багыты болгон парламенттик башкарууну тандап алды. Аны менен парламенттин ыйгарым укуктары кеңейди. Мындай шарттагы Жогорку Кеңеште аял-саясатчылардын ээлеген ордуна токтолсок. Жогорку Кеңештеги 120 депутаттын 26сы аялдар. Бул 21,7 пайызды түзөт. 

Жогорку Кеңештеги аял-саясатчылардын саны:



«Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, Жогорку Кеңеште бир жыныстагылар 70 пайыздан ашпашы керек деген талап коюлган. Натыйжада парламент мыйзамдуу талапты аткарган жок. Бирок, төртүнчү чакырылыштагы «жорук» кайталанбай, Жогорку Кеңеште аял-депутаттардын болушу да жакшы жылыш. Буга, айрымдар айтып жүргөн саясый партиялардын салымы болушу ыктымал. Анткени парламентке жеке талапкерлер эмес, саясый партиялар ат салышканы белгилүү.

Кыргызстан парламентинде аялдардын катышуусу тууралуу ПРООН маалыматы (1989, 1994 жана 2008-жылдар)



Аял-депутаттар мыйзам долбоорлорун демилгелеп, иштеп чыгууга жигердүү катышып жатышат. Алардын олуттуу бөлүгү социалдык багыттагы мыйзам долбоорлору болуп саналат. Мындан аял-саясатчыларды саясый маселеден мурда калктын социалдык абалы, билим берүү, саламаттыкты сактоо кызыктыра турганы көрүнүп турат.

2010-жылы кабыл алынган Конституцияга ылайык, президенттин ыйгарым укуктары чектелди делгени менен мамлекет башчысынын кызмат ордуна талаптангандардын арасында да аялдар болду. 90дон ашык талапкер болом десе, анын ичинде 6 аял дагы аттанып, бирок каттоодон өтө албай калышты. Тагыраак айтканда, кайсы бири 100 миң сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төгө албай калса, кайсы бири 30 миң адамдын колун топтой алган жок. Бул аялдардын акча жагынан да, калктын колдоого алуусу жагынан да мырзалар менен атаандаша албай тургандыгын көрсөттү десек болот. Бирок бир катар эл өкүлдөрү «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга алымча-кошумча киргизүү менен президенттикке талапкерлерди колдогон 30 миңден кем эмес шайлоочунун колун топтоо талабын алып салууну сунуштап жатышат. Ошол эле учурда талапкерлердин шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн кыйла көбөйтүү каралууда. Алсак, буга чейин талапкердин шайлоо күрөөсүнүн өлчөмү эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө болсо, эми аны отуз миң эселенген өлчөмгө чейин көбөйтүү сунушталып жатат. Демек, бул мыйзам долбоору колдоо тапса, аялдарга президенттик шайлоого аттануу оңой-олтоң боло койбойт. 

Аткаруу бийлигине токтолсок, иштеп баштаганына 3 айга жакындаган жаңы өкмөттүн курамында болгону 2 аял бар. Бири вице-премьер-министр болсо, экинчиси саламаттык сактоо министри. Калган 13 министрлик менен премьер-министрдин 2 орун басары мырзалар. Натыйжада өкмөт курамынын 10 пайызы гана аялдар. Аткаруу бийлигинде аялдардын аз болушу да маселени жаратканы менен анчалык мааниге ээ болбогондой. Бул же аялдардын мамлекеттик милдетти аткаруудан качканын же «аялдар аткара албайт» деп башкалар ишеним артпаганы менен түшүндүрүлүшү мүмкүн. Балким, аткаруу бийлигинде иштей турган аял кадрлар жоктур. Бирок учурда Башкы прокуратураны, Жогорку сотту, Улуттук банкты аял киши жетектеп турганы буга караманча каршы келет. 

Кыргызстанда аялдардын саясатка аралашуусу үчүн эч кандай чек коюлган эмес. Аялзатынын бул укугу мыйзамдар менен да корголгон. Бирок ал мыйзамдар дайыма эле аткарыла бербейт. Айрыкча, карапайым калк менен түздөн-түз иштеше турган жергиликтүү бийлик органдарында аялдар аздык кылат. Мисалы, облус деңгээлинде бир эле аял губернаторлук кызматты аркалоодо. Райондук деңгээлде аял-аким болгон жок. Кыргызстанда 450дөн ашык айыл өкмөттөрү болсо, анын 20 чактысында гана аял киши жетекчиликте турат. Акимдерди шайлоого токтоло турган болсок, Жогорку Кеңештин «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева акимдикке көрсөтүлгөн талапкерлердин арасында аялдар жок экенине нааразы болуп, талапкерлер тизмесинде гендердик баланс сакталбаганын сынга алып чыкты. Айнуру Алтыбаева Кыргызстан калкынын 52 пайызы аялдар экенин айтып, акимдик кызматка көрсөтүлгөн талапкерлердин үчтөн бири аялдар болушу керектигин белгилейт. 

Дүйнөлүк практикада аял-саясатчылар чыдамкай, гумандуу келет деп бааланат. Анткени аялдар кадыресе турмуштагыдай эле өлкөдөгү туруктуулуктун жана тынчтыктын сакталышына басым жасайт. Муну менен катар парламент менен өкмөттө аялдардын болушу саясый оюндардын курчуп кетишине жол бербейт деп саналат. 

Албетте, калктын жарымынан көбүн аялдар түзгөн шартта алардын үнүн угуп, бийлик бутактарына тартыш керек. Кыргызстан эгемендүүлүк алган алгачкы жылдары өлкөдө саясат менен мырзалар «алышып», аялдар үй-бүлөнү багуу максатында аргасыз мигрант болгонго чейин барышты. Ошончо оор жүктү көтөргөн аялдар эми саясатка көбүрөөк аралашуу аракетинде десек болчудай. Учурда бийликте аялдардын аз болушуна калк арасында укуктук сабаттуулуктун жоктугу негиз болуп жаткандыр. Бирок саясатта аялдардын аз болушу укуктук маселе эмес. Анткени Кыргызстандын мыйзамдары аялдардын бийликте болушуна бардык шартты түзүп, жол ачкан. Кептин баары ал мыйзамдардын аткарылышында. Бул багытта аялдардын материалдык абалы да олуттуу мааниге ээ. 

Кыргызстанда саясатчылардын дээрлик көпчүлүгү бардар адамдар экени жашыруун эмес. Анын ичинде аял-саясатчылардын да басымдуу көпчүлүгү акчалуу айымдар. Кыргызстанда аялдардын саясатка аралашуусуна менталитет тоскоолдук кылууда деп айтууга негиз жок. Бул башка коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстан үчүн анчалык орчундуу көйгөй эмес. Ушундан улам биздин коом өзү аялдарды жогорку бийлик органдарынан жана жогорку мамлекеттик кызматтарда көрүүнү каалабайбы деген бүдөмүк ой жаралат. Жогоруда аталган көйгөйлөрдөн кыя өтүү максатында Кыргызстандын шайлоо боюнча мыйзамдарына дүйнөлүк тажрыйбада кеңири колдонулуп жүргөн квота берүү тартиби киргизилген. Демек, колдонуудагы мыйзамдарды аткаруу менен гана аялдардын саясатка толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүлөт. 

Даярдаган Жолдош Жусупов, «Кабар»
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу