22.02.2012, 22:26

«Open Democracy Net»: Кыргыз модели Борбор Азияга мисал катары

«Open Democracy Net»: Кыргыз модели Борбор Азияга мисал катары

Жаз: «Араб толкуну» Борбор Азияны көздөй бара жатат

«Бүткүл дүйнөдө авторитардык өлкөлөр кыйрап, алардын ордун жаңы, демократиялуу жана мөөнөтү чектелген режимдер алмаштырууда. Эртеби-кечпи мындай толкун Борбор Азияга жетээри да анык. Бул ишке ашкандан кийин саясий жана экономикалык реформалар жай жүрүп жатса да кыргыз модели өзгөрүүлөргө жетүүнүн эң натыйжалуу жолу болуп калышы мүмкүн», - деп жазышат Алексей Семенов менен Бактыбек Абдрисаев.
Диктаторлорду бийликтен алмаштыруу менен жеңишке жеткен ыңкылаптар башка өлкөлөрдүн жашоочуларын шыктандырып, аларды демократиялык өзгөрүүлөргө умтулууга түртөт. Болжолу «араб жазы» мурдагы Советтер Союзунун жашоочулары үчүн таасирдүү мисал болду көрүнөт. Россиядагы шайлоону бурмалоого каршы улам күчтөнүп чыгып жаткан нааразылык акциялары элдин, айрыкча жаштардын Интернет аркылуу уюша алаарына ачык мисал болуп калды. Жакынкы Чыгышта да бир жыл мурун дал ушундай болгон эле. Жана болжолу түндүктөгү өзүнүн коңшуларынан эргүү алган Борбор Азиянын мурдагы советтик республикаларынын тургундары советтик бийликтин алмашуусу менен келген авторитардык режимдерге нааразы болуп жаткан учуру.
АКШнын администрациясы Батыштын башка өкмөттөрү менен катар Борбор Азияда да араб дүйнөсүндө болуп өткөн күтүүсүздөй өзгөрүүлөргө даяр болууга тийиш. Бирок Вашингтон азыр биринчи кезекте Афганистандагы өзүнүн аскердик өнөктүгү үчүн борборазиялык мамлекеттердин колдоосуна ээ болуу жагына тынчсызданып турган чагы. Жана Мамлекеттик департаменттин Өзбекстанга аскердик эмес жабдууларды жеткирүүгө тыюуну алып салуу тууралуу 18-январдагы чечими бул саясаттагы акыркы далилдердин бири болду окшойт.

Казак моделинин «жаракалары»
Көпчүлүк Борбор Азиядагы экономикалык жактан реформаланган өлкө деп мактаган Казакстан олуттуу саясий кыйынчылыктар менен бет келишүүдө, жана өткөн айда болгон парламенттик шайлоодо башкаруучу партиянын жеңишке жетиши кара булуттай болуп жылып келген чыңалууну басышы да арсар.
 Нааразылыктар өткөн жылдын декабрь айында Каспий деңизинин жанында жайгашкан жакыр Жаңыөзөн шаарында мунайчылар менен укук коргоо органдары кагылышкан учурда жана ислам радикалдары уюштурду деп болжоп жаткан, Актөбө, Астана жана Тараз шаарларында болгон бир нече теракттардан кийин пайда болду. Борбор Азиянын башка мамлекеттеринде «жыргатып ийген» экономикалык жана саясий ийгиликтер байкалбаганын жана кедейчиликтин деңгээли жогору болуп, жумушсуздук менен коррупция кеңири кулач жайганын эске алганда, бул стратегиялык жактан маанилүү аймакта өзүнүн «Борбор Азиялык жазы» болбойбу деген суроо туулат. Жана бул качан жана кантип болот деген ойго түртөт. 
Соода-экономикалык, авторитардык-саясий системаларга негизделген, жаңыча ойлонууга кенедей орун жок болгон «казак модели» бир нече жылдан бери аймакка туруктуулук менен өнүгүүгө алып келчү жалгыз модел катары таанылып, үгүттөлүп келген. Бүгүнкү күндө бул модел ичкериден жүрүп жаткан өзгөрүү желаргысынан улам бузула баштаган кези. Назарбаевдин «Нур Отан» партиясы бийлик жүргүзгөн, жалгыз бир «чөнтөк» оппозициялуу партияга орун берген парламенттик шайлоо сыяктуу үстүртөн жүргүзүлгөн реформалар бул жолу жардам бере албайт шекилдүү. Казакстан демократиялык күчтүү мамлекет болуп өнүгүшү үчүн мындан ары прогресске муктаж болуп турган кези. Бул үчүн башканы кое туруп, ири алды таза жана акыйкат шайлоо системасын камсыз кылуу менен бийликти мыйзамдуу өткөрүп берүү кажет.
Бир аз мурда болгон окуялар - Жакынкы Чыгыштагы революциялардын толкуну, Россиядагы демонстрациялар, ал тургай Кытайда боло турган бийлик алмашуу менен коммунисттик Кубанын лидерлери үчүн эки мөөнөтүү ыйгарым укуктарды киргизүү - мунун баары заманбап эгемендүү коомчулуктун пайда болуп жатканын көрсөтөт. Анда өлкө лидерлери бийликте көп жылдар бою калуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашат.
Казакстанды 20 жылдан бери башкарып келе жаткан президент Назарбаев аймактагы башка диктаторлор менен кошо бул өзгөрүүлөрдү байкоого тийиш. Бирок алар муну түшүнбөгөндөй же түшүнбөй жаткандай түр көрсөтүшүүдө. Эл аралык коомчулук аймактагы качууга мүмкүн болбой турган саясий өзгөрүүлөргө даяр турушу керек.

Кыргызстан: бийликти тынч жол менен өткөрүү
Борбор Азиянын беш мамлекетинин ичинен 5 миллион калк жашаган анча чоң эмес мамлекет Кыргызстан авторитардык режимден кантип кутулуш керек экенин көрсөтүп келет. 1991-жылы азаттык алган бул мамлекет үч жолу режимди алмаштырса, анын экөөндө зомбулук жана төңкөрүштөр менен бийлик алмаштырды. Бирок былтыр өлкөнүн президенти Алмазбек Атамбаев демократиялык шайлоонун жыйынтыгында бийликке келди. Балтика өлкөлөрүн эске албаганда, мурдагы советтик республикалардын арасында алгачкы аял президент болгон, өлкөнүн мурдагы мамлекет башчысы Роза Отунбаева бийликти тынч жана мыйзамдуу түрдө өткөрүп берди. Кыргызстандын жаңы Конституциясында президент бир гана мөөнөткө - алты жылга шайланат деп жазылган.
Кошуналары сыяктуу мунай менен газга бай болбосо да өзүнүн эркиндигине жетишкен жыйырма жыл ичинде Кыргызстан өйдө-төмөн болуп, өз арабасын сүйрөп дегендей өнүгүп келе жатат. Ал азыр да туруксуздук, улут аралык чыңалуу жана өз жарандары менен эл аралык коомчулуктун терең нааразылыгы менен күрөшүүдө.
Өзгөрүүлөр жай жүрүп жатат, бирок Кыргызстандын модели саясий жана экономикалык өзгөрүүлөрдү акырындап болсо да ишке ашырып жатканы менен казак моделинен кескин айырмаланып турат. Ал өзүнүн таасирдүү жана бай кошунасы тараптан экономикалык жана саясий кысымга кабылган. 2010-жылы Бишкекте бийлик алмашып жана жаңы парламенттик түзүлүш киргизилген соң Казакстан Кыргызстан менен чегарасын бир нече айлар бою жаап, өлкөнүн экономикасына олуттуу кыйынчылыктарды жараткан.
Бирок бардык жетишсиздиктерге карабай кыргыз модели Борбор Азияда уюшкан жана мыйзамдуу бийлик өткөрүүнүн натыйжалуу жана жагымдуу мисалы болуп калды. Жаңы шайланган президент Алмазбек Атамбаев жаңы Конституциянын авторлорунун бири болуп эсептелет жана президенттин бир гана мөөнөткө шайлоо менен бийликтин парламенттик системасын үгүттөөдө.
«Араб жазынын» Кыргызстанга тийгизген бир пайдасы - парламенттик системадан баш тартып, президенттин институтун калыбына келтирүүнү талап кылган Назарбаев менен Путиндин кысымын азайтканы болду. АКШ жана эл аралык уюмдар президент Атамбаев менен кыргыз элине жаңы системаны киргизүүгө жана конституциялык нормалардын сакталышына жардам бериши керек. Президенттин ийгилиги Кыргызстандагы мыйзамдын бекемделишине жардам берет жана туруктуулук, экономикалык өнүгүү менен улут маселелерин чечүүдө пайдубал болмокчу. Мындан тышкары, бул ийгилик Кыргызстанды Борбор Азиядагы демократиялык өнүгүүнүн чыныгы моделине айлантат.

Авторлор жөнүндө
Бактыбек Абдрисаев 1997-жылдан 2005-жылга чейин Кыргызстандын АКШдагы элчиси болгон, азыр Юта штатынын өрөөнүндөгү университеттин саясат таануу жана тарых боюнча атайын чакыртылган профессору болуп эсептелет.
Алексей Семенов мурдагы Советтер Союзунда демократия менен жарандык коомдун өнүгүшүн колдой турган Андрей Сахаров атындагы бейөкмөт уюмдун президенти болуп эсептелет.

Бактыбек Абдрисаев, Алексей Семенов
«Open Democracy Net», 21-февраль, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»