Аналитика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
21/02 22:01
 

«Washington Times»: Кыргызстандын жаштары Ысык-Көлдү туристтер үчүн бейиш кылгысы келет

«Washington Times»: Кыргызстандын жаштары Ысык-Көлдү туристтер үчүн бейиш кылгысы келет

Кыргыз көлү велосипедчилер үчүн бейиш болот

Бишкек, Кыргызстан. Кыргызстандын жаштары туризмди өнүктүрүш үчүн жаңы планды ишке ашырганы турат: алар өлкөнүн чыгышында, Тянь-Шань тоолорунда жайгашкан, дүйнөдө чоңдугу боюнча 10-орунда турган Ысык-Көл аттуу көлдүн айланасы менен 483 чакырым велосипед каттамын курушмакчы.
«Бай Ысык-Көл» деп аталган фонддун жаштар тобу Ысык-Көлдү айланта курула турган велосипед каттамы тууралуу идеяны айтып жатышат. Идеянын авторлору жергиликтүү калк каттамды бойлой ачыла турган кафелерде, велосипедди прокатка берчү орундарда, базарларда жана аны ремонтоочу жайларда жумушчу орундар менен камсыз болобу деген ниетте.
«Велоспорт спорттун абдан таанымал түрү болуп эсептелет. Өлкөдө буга чейин мындай нерсе болгон эмес, жана бул ишке ашып кетсе, бул жакка келе турган туристтер жана жергиликтүү калк да пайда көрөт», - дейт «Бай Ысык-Көл» фондунун башчысы Алмаз Айылчиев.
Болжол менен 1 миллион АКШ долларына баалана турган долбоор аймактык өкмөт, Жаштар иштери боюнча министрлик, ошондой эле Эмгек жана жумуштуулук министрлиги тарабынан колдоо тапкан. Бул долбоордун расмий өкүлдөрү эл аралык инвесторлор тарабынан дагы кошумча каржы болуп калабы деп үмүттөнүшүүдө.
Курулуш быйыл жазында башталып, эки баскыч менен өтөт деп пландалды. Долбоордун авторунун айтымында, курулуш болжол менен 18 айда бүтүп ишке берилет. Каттамдын курулушуна 18 жаштан 28 жашка чейинки жаштар тартылып, 120 киши жумуш орду менен камсыз болот, бул жумуш орундарынын жарымына аймактын жашоочуларын алуу жагы каралууда дейт Айылчиев.
«Бул долбоордон улам биз күтүп жаткандай өлкөгө дагы көп сандаган туристтер келмекчи, жана мунун эсебинен биздин өлкөнүн кирешеси ыкчам өсүүгө тийиш», -деп айтты Кыргызстан ишкерлер союзунун өкүлү М.Халитов. «Ысык-Көлгө инфраструктуранын жаңы обьектилерин куруу зарылдыгы бар, жана бул кандай гана болбосун Кыргызстандагы туризмдин өнүгүшүнө оң таасир бермекчи».
Ысык-Көлдүн жээгине июль жана август айларында миңдеген туристтер келет, ал эми көлдү айланта курчаган Тянь-Шань тоолорунда жайгашкан, жаңыдан өнүгүп келе жаткан тоо лыжа индустриясы туристтерди декабрдан февралга чейинки аралыкта кызыктырат. Велосипед каттамынын долбоору туристтер көлгө жыл бою келип, Ысык-Көлдү айлана өткөн үч күндүк велосипед каттамы аркылуу эс алышына багытталган.
«Эгерде эл аралык стандарттарга жооп бере турган цивилизациялуу, ыңгайлуу велотрасса болсо, албетте, бул дароо велосипед туризмин жактырган туристтерди тартат. Мени көз карашымда, бул каттам көптөгөн артыкчылыктарды бермекчи, себеби чет өлкөлүк велосипедчилер бул жакка келип биздин жаратылыштын кооздугуна суктана алышат», - деп билдирди кесипкөй велосипедчи Ярослав Юзефович.
Долбоорду уюштуруучулардын пикиринде, атайын жол жээгине бак-дарактар отургузулган каттам велосипедчилер үчүн гана ачылбайт. «Бул трассаны ошондой эле жөө жүргүнчүлөр, скейтбордисттер, ат чабуучулар да колдонсо болот. Аталган долбоор экотуризмди жана сергек жашоо образын өнүктүрүүгө багытталган», - дейт «Бай Ысык-Көл» фондунун өкүлү Э. Канаев.
Ал эми велосипеддик топторду уюштуруучулар бул долбоорго кызыгып жатышат жана алардын айтымында, бул аймактын пейзажынын көбүн көрүүгө шарт түзмөкчү. «Көлдүн айланасындагы аймак Кыргызстандын эң бир мыкты аймагы болуп саналат», - деп айтты Лондондогу «Red Spokes Cycling Adventure» туристтик агенттигинин ээси Дермот Маквард. Ал буга чейин Ысык-Көлдүн айланасына велосипед экскурсияларын уюштуруп жүргөн.
Маквард көлдүн түндүгүндө көбүрөөк байкалган автоунаалардын тыгыз кыймылынан улам, ал өзүнүн турларын болгону түштүк жээкте гана уюштуруп жүрөт. «Көлдү айланып өткөн велосипед каттамы Кыргызстанга велосипеддик турларды уюштурган кезде кызыктуу варианттардын бири болоору шексиз», - дейт ал.
Жергиликтүу жашоочулар велосипед каттамы аймакка көп артыкчылыктарды бере турганына ыраазы болуп жатканын билдиришти. «Көлдү айланасында жылуу суулар, тарыхый жайлар, тоолор менен токойлор сыяктуу эң кооз, сонун жерлер бар», - дейт Ысык-Көлдүн жээгине жакын жайгашкан Кызыл-Туу айылынын тургуну Өмүрбек Кыдыров. «Бул көп туристтин келүүсүн шарттайт, жергиликтүү жашоочулар жумуш менен камсыз болот, себеби биз келген турситтерге тейлөө көрсөтөбүз».

Толкун Наматбаева жана Луис Осборн
«Washington Times», 20-февраль, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу