Аналитика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
21/02 20:26
 

UPI: 2014-жылы америкалык аскерлер Кыргызстандан чыгып кетиши керек

UPI: 2014-жылы америкалык аскерлер Кыргызстандан чыгып кетиши керек

АКШнын Куралуу күчтөрү Кыргызстанды 2014-жылы таштап кетүүгө тийиш

Бишкек, Кыргызстан. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев «америкалык аскерлер 2014-жылы «Манас» авиабазасындагы ижара тууралуу келишим аяктаган соң Кыргызстандан чыгып кетүүгө тийиш», - деп билдирди.

Россиянын ИТАР-ТАСС маалымат агенттиги дүйшөмбү күнү Кыргызстандын президенти менен АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Сюзан Элиот жолугушкан учурда, Атамбаев 2014-жылы жайында ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин «Манас» аэропортунда аскерий эмес контингент жайгашат деп билдиргенин маалымдады. АКШнын аскер-аба күчтөрүнүн авиабазасы Кыргызстандын «Манас» аэропортуна 2001-жылы жайгашкан болчу.

Кыргызстандын борборунда жайгашкан «Манас» авиабазасында бир катар мамлекеттердин терроризмге каршы күчтөрү жайгашкан эле, бирок бир аз убакыт мурда ал америкалык аскер кызматчылары жана жабдуулары үчүн база болуп кайра түзүлгөн.
Россиянын маалымат агенттиги дүйшөмбүдө болгон жолугушууда Элиот Кыргызстандын жетекчилигине аймактагы коопсуздукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиргенин кабарлады.

UPI, 21-февраль, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу